Акылбек мырза "көзү ачыктык" кылды.

Кыргызстандын саясий майданында сакадай бойлуу Акылбек Жапаров деген бар. Экономика маселелерин чемичкедей чагат. Өмүрү бизнесте жүрбөсө да өлкөдөгү олигархтардын бири. Кээде туруп күтүүсүз билдирүүлөрү менен чыгып калмайы бар. Буга дейре мурдагы президент Атамбаевдин кантип байыганын айтып, “ачылыш жасаган болсо, аз күн мурда Кыргызстандын элинин 90 %ы Россиянын курамына кирүүнү колдой турганын айтып чыкты.

ММКлардын бирине берген маегинде: “Эгерде азыр сурамжылоо жүргүзсөк, Кыргызстандын элинин 90 %дан ашыгы Россиянын курамына кирүүнү колдойт. Эскерте кетейин, биз 1861-жылы Россия империясынын курамына өз ыктыярыбыз менен киргенбиз”- деп айтып көзү ачыктык кылды. Минтип эмнеге айтканынын себебин өзү эле билбесе, биз биле албай турубуз.  Экономиканы мыкты билерин, мээси укмуш иштээрин кыйытканды жакшы көргөн Акылбек мырза буга окшогон мамлекеттүүлүккө шек келтирген сөздөрдү айткандын ордуна мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү, элдин жашоо турмушун оңдоо багытында акылы менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин айтпайбы.  Же ага өзүнүн, үй-бүлөсүнүн турмушун оңдоп, укум тукумуна жеткидей байлыкты топтоп койсо болду, мамлекеттүүлүктү, элди уруп ойнобойбу, ыя?

Андай эле акылдуусунуп, сүйлөгүсү келип атса, Россияны мындай коюп, “Дамас” мейманканасын кайсы акчага салып, Көлдүн жээгиндеги  гектарлаган жерлерге кантип ээ болгонун, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунун өйдө тарабынан гектарлаган жерлерди кантип  мыйзамсыз өздүктөп, аларды участок кылып сатуудан канча киреше көргөнүн, Кант шаарындагы “МИС” ишканасын кантип өзүнө өткөрүп алганын ж.б. шектүү коррупциялык иштеринен  саймедиреп берсин.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити