Ачыгын айтканда... 

Чолпон Жакупова Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер, канчалаган бей-бечара адамдардын таламын талашып келаткан “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси. Ачыгын айтуу зарыл, ар дайым калыс, акыйкат сөздөрдү айткандыктан, эл дагы ишеним артып, “биздин Жанна д Арк” – деп сыймыктанып калышчу.

Өзү акыркы кезде элди бөлүп-жаруу жаатында атайылап бир иш жүрүп жатканы ачык билине баштады. Аны Кыргызстанды да келечекте Сирия же Ливия өңдүү “кагаздагы куурчак мамлекет"”катары көргүсү келген океандын аркы жагындагы демөөрчүлөр каржылап, аларга өз ата-журтун, мамлекетин сүйбөгөн, акча болсо атасын да энеси менен кошо сатып ийүүгө даяр маңкурттар, журт бузарлар жардам беришүүдө. Булардын баарын кыскартып, биз “энпоушник” (НПО) деп атайбыз. Мына ошол “энпоушниктер” акыркы кезде сырттан келген гранттарды акташ үчүн адам жийиркенте турган иш-чараларды уюштурганы аз келгенсип, “аркалык”, “оштук” деген тейде элди бөлүп жарган балит сөздөрдү тартынбастан айтууга өтүштү. Заманаң куурулат!

Ошол сыңары биз сыйлаган, “Жанна д Арк” эжекебиз да бир маегин ФБ баракчасына чыгарып, астына “аркалыктар” тууралуу пост кошуп жаза салган экен. Байкагандар байкап калышты. Бирок, элдин кыжыры кайнай баштаганда дароо баракчасынан өчүргөнгө үлгүрдү. Өчүргөн менен, жазганы факт, а адам ар дайым ичинде эмне өлүп жатса, ошону жазат.

Ч.Жакупованын жазганын байкап калган КРнын Улуу Британиядага элчиси Эдил Байсалов мындай деп жазды: “...Көп саясий маселелерге аралаша албайм. Бирок элди экиге бөлгөн журт бузарларды көрүп, унчукпай коюу да туура эмес. Баарын женсек болот. Жакырчылык, уруучулук, ыймансыздыкты. Бирок бир бололу. Анан адалсынган, акыл үйрөткөндор өз элибизге эң чоң зыян залака келтирип атышканын түшүнсө.... Мени блоктоп салыптыр эжеке. Элге асылбасын, айтып койгулачы элчинин саламын!”- деп эжебиздин жазганынын скриншотун чыгарыптыр.

Буга чейин Ч.Жакуповага: “Чолпон Идиновна, когда вы прислали мне скриншот с вашим якобы коментом про аркалыков, которым надо приготовиться к репрессиям, я не поверил. Но вот сейчас вы распростроняете муть про северян-южан. Не знаю как это воспринимать...”- деп жазган экен. Ал дароо Байсаловду “өчүрүп” салган тура.

Эми, Жакупованын логикасына үңүлсөк, “аркалыктар репрессияга даярдана бериши керек” экен. Бул накта элди бөлүү, буга реакция кылуу зарыл. Аттуу-баштуу адамдар ушинтип грантын актоо үчүн ыплас сөздөрдү айтып чыгып жатса, айланайын, кайда барабыз? Эжекебиз да уялып калгандыр, элден кечирим сурап чыгууга “духу” жетээр бекен?

Ж.Тариэлов

Булак: “Майдан.kg” газетасы