Акыйкат издеген кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Шарипович Жээнбековго

 

Сизге кайрылуубуздун себеби, Ысыккөл областынын Түп районундагы Арал айыл аймагынын башчысы Мамытов Бактыбектин сууга чөкпөс, отко күйбөс касиети боюнча болмок.

Бул адамдын коррупциялык иштери боюнча материалдар: “Факт.kg” газетасына эки жолу, “Багыт” газетасына бир жолу, “Ысыккөл кабарлары” газетасына бир жолу чыккан эле.

Бул жерде суроо туулат, элдин үнү чагылдарылган газетадагы материалдарга эмне үчүн бийлик эки ооз жообун жазбайт?

Мындан тышкары областык укук коргоо органдарына кайрылуу жети айдан бери болуп келе жатат, бирок эмнегедир чара колдонуу иши созулгандан созулуп келе жатат.

Тергөөнү алган укук коргоочуларга кайрылсак: “Бирдиктүү реестрге катталган, тергөө жүрүп жатат” дешет. Эмне үчүн! Мамлекеттик кызматкердин үстүнөн тергөө иши жүрсө, тергөө бүткүчө ишинен убактылуу бошотулбайт же Мамытовго өзгөчө жеңилдик барбы?

Мамытов болсо, кызматынан пайдаланып, ар кайсы жерге “кустардык” чогулуш өткөзүп, өзү менен байланышы бар адамдарга өзүн мактатып, жактатып, өзү да “күнөөм жок” деп жан үрөп айтып жүрүүдө.

Мамытовдун коррупциялык иштери боюнча, фото фактылар да түзүлүп, берилген эле.

Бирок укук коргоо органдары тарабынан фактыларды жер-жерлеринен көрүп, тыкыр текшерүү болбой жаткандай. Мамытовдун ушул кызматта иштегенине 28 жыл болуптур. Ушул мезгилдерде элдин маданий-социалдык абалын оңдоонун ордуна, өзүн ар кандай жолдор менен байытууну ойлоп келген экен деген ой пайда болууда.

Бишкекте ини, балдарыны “экиден этаж үй салды”,- деген сөз эл арасында айтылууда. “Мамытов бай адам (акчалуу адам), кылмыштарын жапкызып коёт” деген да сөздөр бар.

Фактыларга кайрылсак:

1. Ушул эле аймакка караштуу Арал айылындагы бүтүп калган мончону 50 000 (элүү миң) сом нак акчага “Сүт булак” сүт заводуна сатып жиберген (бул акчанын кириштелгени боюнча текшерүү болгондугу белгисиз).

2. Айылда иштеп турган фин тамындагы библиотеканы клубка көчүрө коюп, үйдү түп орду менен бузуп, үйүнө киргизип алган.

3. Айыл аймагына тийешелүү болгон узуну 60 метр, туурасы 8 метр болгон “Жылкы баз” деген базаны “Учетто жок баз” деп союз учурунда коррупциялык иши боюнча алты жыл түрмөдө отуруп келген Арал айылынын тургуну Буйлашов Төлөмүш дегенге берип, буздуруп канчалаган стропила, балка-устундар, рейка, шиферлер дайынсыз жоголду?

4. Стандартуу типте кызыл кирпич менен узундугу 40 метр, туурасы 9 метр болуп салынган бала бакчага айыл эли “буюрса балдарыбызды киргизебиз” деп турушса.

Мамытов Арал айылынын тургуну Искаков Сатымбайга сатып жиберип (бул өзүм билемдик эмей эмне!) ал кишиге буздуруп, материалдарынын алганын алып, сатканын саттырып жиберди (айланайын кыргыз эли, мына ушундай шүмдукту көргөн билгениңер барбы?).

Мамытов бир ок менен эки коён атты болуп бакчанын ордун Бишкекте иштеп жүргөн бизнесмен Коңурбаев Майрамбек деген жигитке бере салды эле, бул жигит бир айдын ичинде беш комнаталуу үй салып алды. Жомоктогудай иш болду. Бала бакча кана? Ал болгон эмес!

Эмне үчүн айылдагы бей бечаралар 15-20 жылдап балдарына үй салууга жер участогун алалбай жүрсө бизнесменге заматта бере салды? Эмненин негизинде?

Жооп: бей бечаралга бергенден көрө, акчалуу бизнесменге берүү пайдалуу да!

5. Кош-Дөбө айылына тиешелүү тиешелүү болгон 2 гектар алма бакты айыл өкмөтүнүн кызматкери Эшимбеков Самый дегенге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 49 жылга арендага берип салган. Ал алма бактын ичин жайыт кылып, чөбүн чаап, жашоодо. Учурда алманын 80%ти куурап калган.

Совхоз кезинде, ушул эле алма бактан 30-40 тонна алма алышып, ичине коомдук тамактанууга жашылча жемишин сепчү экен. Эшимбеков болсо, алма бактан “отказной” кагаз жазып коюп, жоопкерчиликтен кутулуп кетиптир (мына сага мыйзамдуулук, “акчаң болсо таңкасын, акчаң жок болсо маңкасын”).

  1. Ушул эле Кош-Дөбө, Долон айылдарына суу жеткизүү максатында Кош Дөбө айылынын башындагы көлмөгө, Ысыккөл өнүктүрүү бөлүмүнүн каражатынын эсебинен күчтүү электр насосу коюлуп, төрт жылдан бери иштебей турса: “Бузулуп калды” деп, ал жактан “ремонту үчүн” деп эки жолу акча алган деген кеп жүрүүдө.

Учурда Айыл Кеңешиндеги он бир депутаттын алтоосун бөлүп алып (алар кудасы жана катыш адамдары) Кеңештин сессиясын өткөзүүгө тескери агитация жүргүзүп, келтирбей, кворум түзгүзбөй, өзүнүн саясатын жүргүзүүдө.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

“Коррупциялык иштерге каршы жалпы элдик күрөш болуш керек” деген сөзүңүзгө ынанып жазуу түрүндө сизге 17-май 2019-жылы Түп районунда чогулуш өткөзүп жатканыңызда Мамытовдун бул коррупциялык иштери боюнча кайрылуу бердик эле.

Мамытовдун ишине укук коргоо органдары конкреттүү чара колдонулбай жатканына караганда өйдө жакта бул чиновникти коргоого алган дагы бирөө барбы (?) деген ой кетүүдө.

Айыл Кеңешинин депутаттары:                                             

Амалбаева Н., Асанов Б., Бектенов Ж., Аблакаев Н., Абыкеева С.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити