Аймак абалы


 

Мамлекет башчысы С.Жээнбеков билдирүүлөрүнүн биринде инвесторлорду коргоо тууралуу айткан. Анткени Кыргызстандын экономикасынын өсүшү, алдыга жылышы сырткы инвестициядан болоору талашсыз. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү, анын ичинде коңшу Өзбекстан да инвестицияга болушунча мүмкүнчүлүк түзүү менен экономикасын буттан тургузуп келатканы маалым. Мына ушундай инвестиция аба менен суудай зарыл турган маалда айрым аймактарда беш-алты адамдын кылыгы бүтүндөй мамлекеттин казынасына зыянын тийгизгени турат.

Тагыраак айтканда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан кен чыккан жерди иштетип жаткан “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясына араздашкандар пайда болду. Ушул жылдын 21-ноябрында аталган компаниянын жетекчилигинин дарегине Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мамасадыковдон кат келип түшкөн. Анда айыл өкмөт башчысы Шамалды-Сай тургундары кайрылып, Рыскулов көчөсүнөн жана Достук каналынын көпүрөсүнөн компаниянын жүк ташуучу автоунаалары жолдорду талкалап, тургундардын ден соолугуна зыянын тийгизип жатышканын айтып арызданганын билдирген. “Элдин талабын карап, мыйзам чегинде чечип берүүңүздөрдү суранабыз”, - деп белгилеген катта айыл өкмөт башчысы.

“Өзбекстандан алынып келчү продукцияларын жүктөгөн автоунаалар асфальтты бузуп, учурда көчө чаң болуп калып жатат. Ошондуктан жыйын өткөрдүк, тиешелүү кызматтын өкүлдөрүн чакырдык”,- деди Мамасадыков биз байланышка чыкканыбызда.

Ошол эле учурда Жолдор жана транспорт министрлиги бул аймактан бир гана компаниянын автоунаалары эмес, сезон учурунда жергиликтүү калк дагы дарбыз, коон сыяктуу жашылча-жемиштер, кышында көмүр ташылып, башка да оор техника көп өтөөрүн билдирүүдө. Мындан улам бир айылдын айрым жашоочуларынын алтын кенин иштеткен компанияга каршы чыгуусу кайсы бир тараптын кызыкчылыгы гана катары кабыл алууга болот.

Айыл өкмөт башчысы эл митингге чыкпаганын, бирок эл жол бузулганынан  нааразы болуп жатканын, бирок нааразычылык кайсы бир конкреттүү тарапка багытталбаганын айтты.

Белгилей кетсек, “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясы  учурда Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы “Бозымчак” кенин иштетет. Компаниянын компаниясынын  коомчулук менен байланыш Департаментинин  директору Жайылбек Дадиевдин айтымында, кен казып алуу иштерине компания тарабынан 2027-жылдын декабрь айына чейинки мөөнөткө лицензия алынган. Учурда компания жез концентратын иштеп чыгып, аны темир жол менен Балхаш шаарындагы жез эритүүчү заводко жөнөтөт. Бул максатта компания Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан өндүрүштүк базаны пайдаланат. Жез концентраты атайын машиналар  менен ташылып келип, аталган база аркылуу өткөн темир жол бутагындагы вагондорго жүктөлүп, жөнөтүлөт. Жүк кен чыккан жерден өзгөчө бекем технология боюнча тигилген “биг-бег” каптарына салынып ташылып келинет. Бул жүктү Бозымчактан Шамалды-Сайдагы базага түзүлгөн келишимге ылайык “Улук Транс” транспорттук кызмат көрсөтүүчү ишкана ташыйт. Жүк ташыган машиналардын саны 10-11, ташуу графиги - күн алыс. Жумасына алганда жалпысынан 30 машина каттайт.

“Бирок акыркы убакта  Шамалды-Сай шаарчасына караштуу Достук айылынын көчөсүнүн тургундары “биз ууланып атабыз, жол чаңдап жатат, жолду асфальттап бергиле” деген дооматтарды кое башташты. Аталган жолдун узундугу 1 чакырымга жакын жана транспорт министирлигинин балансында турат. Биздин адистер бул жолдон каттаган транспортторгдун кыймылына мониторинг жүргүзгөндө күн сайын бул жолдон жук ташыган башка унаалар өтө көп санда каттары аныкталды. Мисалы, жайы менен жашылча-жемиш ташыган машинелер каттаса, учурдагы күз-кыш мезгилинде көмүр тарткан оор унаалардын саны өтө арбын”, - деп түшүндүрдү Ж.Дадиев.

Ал белгилегендей, компания мыйзамдарга ылайык, мамлекетке ири суммалардагы салык жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөп келе жатат. Мындан тышкары социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында Жалал-Абад обасттык өнүктүрүү Фондуна ири суммадагы акча каражаттарын которуп келүүдө. Алсак, быйылкы 2019-жылдын 10 айынын ичинде эле өнүктүрүү фонддоруна 1,7 млн АКШ доллары которулду. Демек эгерде аталган жол ошончолук оңдоого муктаж болсо, жогорудагы фонддогу каражаттардын эсебинен оңдолушу зарыл. Ошол өнүктүрүү фондунан акча которулушу керек. Ушул жылдын 10 айынын ичинде компания мамлекеттин бюджетине да 13 млн. АКШ долларын которгон.

Мындан эки жыл мурда да Шамалды-Сай шаарчасынын айрым тургундары: “биз ууланып атабыз, ооруп атабыз”- деген эч бир далилсиз, куру дооматтар менен арызданышканда компания тургундардын жоон тобун  тоо-кен байытуучу комбинатка экскурсияга алпарып, өндүрүштө колдонулуп жаткан технологияларды, реагентерди толугу менен көрсөтүп, түшүндүрүп берген, адистер алардын бардык суроолоруна жооп берип, тургундар кендеги иштердин коопсуз экенине өз көздөрү менен көрүп ишенишкен. Азыр арызга кол койгон адамдардын арасында ошол экскурсияга барганда тизмеге жазылып калган айрым адамдардын да фамилиялары жүргөнүн белгилеп кетели. Анын айтымында, ошол убакта: “Астма менен ооруп, чачыбыз агарып атат” деген дооматтар да болгон.

“Бул акылга сыйбайт. Эгерде ошондой эле зыян болсо, атайын көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар тийиштүү бүтүмүн эчак чыгармак, текшерүүнүн артынан текшерүүлөр жүрмөк”, - дейт Жайылбек Дадиевич.

“Бизге жеткен маалыматтар боюнча мындай дооматтар саналуу адамдар тарабынан атайын уюштурулууда, алардын максаты -  жогоруда аталган жолду “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясынын эсебинен оңдоодон өткөрүп алуу. Бирок бул адамдар аталган жолдон жайын-кышын жүк ташып жаткан башка транспорттук компанияларды байкамаксан, көрмөксөн болуп жатканы таң калыштуу. Мен ойлойм, учурда инвесторлордун укуктары менен кызыкчылыктарын  коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатын колдоого милдеттүү болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бир ууч адамдардын кызыкчылыгын коргоп, одоно мыйзам бузууга жол бербейт го деп ишенем”, -  деди Жайылбек Дадиев.

Айыл өкмөт башчысы биздин редакцияга берген маегинде эл эч кандай митингге чыкпаганын, башка аймактардын тургундарындай ызы-чуу чыгарып, эмоцияга алдырганын билдирди.

“Элибизге рахмат, түшүндүрүп гана жатышат, ызы-чуу чыгарган жок. Алар деле көрүп жатышат да, азыр интернетте баары бар: ачсаң Чаткалда, Ала-Букада алтын кенин иштеткен компаниялар жолдорун оңдоп, жарыктандырып, бир катар социалдык маселелерин чечип берип жатканын көрүүгө болот. Аны көрүп биздин эл да ойлойт да биздин жолду да оңдор берсин деп. Жок дегенде өтүп жаткан жолун оңдосун деген ой жаралат да”, - деди Мамасадыков.

Инвесторлордон мамлекеттин казынасына ири салык түшөт, андан сырткары компания ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймактардын социалдык маселелерин чечишет, анын арты менен канча деген аймак өсүш жасашты. Ири инвестициялык компаниялар жайгашкан айыл өкмөттөр дотациядан чыгып, өзүн каржылоого өтүп алышканы буга мисал. Экономикасы туруктуу жолун таба элек өлкө үчүн инвесторлор кандай маанилүү экенин ар бир жаран билүүсү шарт эле. Өлкөдөгү туруктуулук, жергиликтүү тургундардын түшүнүү менен жасаган мамилеси, мыйзамдуу аракеттер инвестициянын агымын күчөтөт. Ал эми каршы туруу, тукуруу, тукурууга көкүп кыйкырып чыгуу – инвесторлордун мамлекеттен кетишин шарттайт, аны менен кошо алардан түшүп жаткан кирешени. Ушул сыяктуу маселелер бир чынжырга байланганы үчүн мамлекет башчы инвесторлорго мыйзамдуу, коопсуз жагдайды камсыздап берүү маселесин көтөргөн. Айрым адамдардын жеке кызыкчылыгын көздөгөн аракети президенттин саясатына каршы келип, мамлекеттин каржылык туруктуулугун тобокелчиликке кептеп жатканын белгилей кетели.

 

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити