"Бул жеткен адилетсиздик токтотулууга тийиш".

Садыр Жапаров – авторитардык бийлик менен күрөштүн символу. Ал эркиндикке чыгышы керек!

-Атамбаевге ИИМ тарабынан соттук-психиатриялык экспертизанын дайындалышы мыйзам чегиндеги эле ишпи, же чындап эле ошондой эскпертизага жөнөтүү зарылчылыгы барбы?

- Соттук-психитриялык экспертизага жиберүү мыйзам чегиндеги иш. Кылмыш жасалган учурда адам кандай психикалык абалда болгон же психикалык жактан нормалдуубу деги өзү деген суроолорго жооп алыш керек. Анткени, айрым учурларда акыл-эске сыйбаган кадамдар жасалып, чечимдер кабыл алынганы мына ошого негиз берет.

-19-декабрда Бишкекте саясаттын курмандыгы болуп камакта отурган Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу талабы менен митинг болору айтылды. Сиздин оюңузча, С.Жапаров эркиндикке чыгыш керекпи?

-Ал эми Садыр Жапаров тез арада бошотулууга тийиш. Мамлекет андан кечирим сурап, компенсация төлөп берүүгө тийиш. Садыр Жапаров Кумтөр алтыны Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн иштесин деп күрөшкөн. Мына ошол күрөшү үчүн коррупциянын төбөлдөрү тарабынан аесуз абакка салынган. Бул жеткен адилетсиздик токтотулууга тийиш.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити