Эл өкүлү эмне дейт?

 

- Марлен Абдырахманович, акыркы мезгилде көмүскө экономика жөнүндө көбүрөөк сөз болуп, ишкерлер эки бухгалтерия менен иш алып барышаарын айтып калабыз. Көмүскө экономикадан мамлекет канчалык деңгээлде жапа чегип жатат?

- Көмүскө экономиканын мамлекетке тийгизген зыяны эбегейсиз. Ошон үчүн көмүскө экономиканы ачыкташ үчүн реформа кылып, фискализация кылыш керек. Анткени, көмүскө айланып жаткан каражаттарды фискалдык органдар жакшылап иликтеп чыкпаса, экономикалык көрсөткүчүбүз оңой менен жогорулабайт. Бюджет толбойт. Каражаттар көмүскө айлана берет. Эгер фискалдык органдар ийне-жибине чейин иликтеп, көмүскө каражаттарды ачыктап, бюджетке түшө турган кылышса, айлыктар, пенсиялар жогорулап, мектеп, балабакчалар курулмак. Сол чөнтөккө кетип жаткан акчанын баары бюджетке түшмөк. Көмүскө экономика менен күрөшүү өкмөттүн иш алып бара турган маанилүү багытытарынын бири болушу керек. Көмүскө экономиканы төмөндөтүшүбүз керек. Европалык мамлекеттерде көмүскө экономика жокко эсе. Алар заманбап технологияларды колдонушуп, ачык-айкындуулукка шарт түзүшөт. Акчаны акчалай эмес, банк, банкомат, карточкалар аркылуу колдонушат. Биз да ошондой абалга жетип алсак, мамлекет үчүн пайдалуу болмок. Бюджетте жетишпестик болмок эмес. Мисалы, социалдык төлөмдөрдүн жогорулугунан жеке ишкерлер 2-3 кишини гана көрсөтүп, башкасын көрсөтпөй коёт. Биз Соцфондго болгон төлөмдү бир канча эсе төмөндөтсөк, ишкерлер эки бухгалтериясы жок эле иш кылып, ачык-айкындуулукка шарт түзүшүп, канча киши иштесе баарын көрсөтүп калышмак.

Негизи каражатты колго алып, каттоодон өтпөй, Соцфондго төлөнчү сумманы төлөбөй койгондун да жаман жагы бар. Соцфондго акча төлөбөй жүргөн адамдар эртең пенсияга чыкканда аз эле акча менен чыгышат. Социалдык төлөмдөр төлөнбөгөн үчүн эртең пенсияга чыкканда ал өзү кыйналат.  Мына ушундай маселенин баарын жоюш үчүн жогоруда сөз кылгандай Соцфонддун төлөмүн азайтып. ачык айкындуулукка шарт түзүш керек.

- Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев 2018-жылы Кыргызстандан 90 миллиард доллар, 2019-жылы 48 миллиард доллар сыртка чыкканын айтты. Бул каражаттар банктардын ич ара акча жүгүртүүнүн операциясынын негизинде ишке ашканбы  же кандайдыр бир көмүскө махинациялардын жардамы менен сыртка   чыкканбы?

- Премьер-министр 700 миллион доллар сыртка чыгып кеткен деген маселе көтөрүлгөндө, аны жеңилдетүү максатында парламенттен 700 миллион доллар эмес, керек болсо 90 миллиард доллар сыртка чыккан  деген ойдо айтты окшойт. А бирок, көмүскө механизмдер аркылуу чыккан каражат менен премьер-министр айткан официалдуу чыккан акчанын айырмасы бар. 90 миллиард доллар официалдуу түрдө чыккан. Банктардын алыш-беришин көрсөткөн тийиштүү документтери болот. Банк аркылуу сыртка чыккан акчалардын жакшы жери оффшорго түшкөнгө чейинки издерин таап алганга мүмкүнчүлүк болот. Эки жыл мурун Панама деген аралдан оффшорго Россиянын банктары аркылуу которуп, каражатын сактап жүргөн жарандардын тизмеси чыгып калган. Ошон үчүн көмүскө каражаттарды түрдүү механизмдерди колдонуп, фонддорго которуу, айлантуу  аркылуу жүргүзүшөт.

- Неге чет элдик жарандар Кыргызстандын банктары аркылуу каражаттарын чыгарып кетишет же акчаларын биздин банктардын жардамы менен адалдашат?

- Анткени, бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу банктардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзамдарда катуу талаптар коюлган эмес. Банктардын иштөөсүнө жеңилдиктер берилген. Ошон үчүн чет мамлекеттеги жарандар өздөрүнүн мамлекетиндеги оор процедурадан качышып, акчасын Кыргызстанга которуп, бул жактын тийиштүү пайызын, ставкасын берип, анан каражаттарын чыгарып кетишет.

Негизи банктар аркылуу акчаларын адалдоону көздөгөндөрдүн ишин эл аралык фатва уюму көзөмөлдөп турат. Чынында банктар аркылуу акчаны адалдоо Акаевдин, Бакиевдин доорунан бери эле келатат.  Ошол эле механизмдер азыр да иштеп жатканы үчүн айрым чет элдик жарандар  алыш-беришин биздин мамлекет аркылуу жүргүзгөнгө, өткөзгөнгө аракет кылышат. Анткени, биздин банктарда тобокелдикке салып, адалдоого негиз бар. 

- “Азаттыктын” көмүскө акча ташыгандардын кербенин ачыктаган иликтөөсү көз жаздымда калбашы керекпи?

- “Азаттык” көтөргөн маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Коомдук көзөмөл да күчөдү. Бул маселени ара жолдо калтырбай  аягына чыгышыбыз керек. Кудай Кыргызстанды мына ушундай маселелер менен көзүн ачып, коррупциялык схемаларды ачыктап, кантип, кандай жол менен ишке ашканына чейин тастыктатып жатат. Сыягы, көмүскө ташылган акча каражаттардын бети ачылаар мезгили келди окшойт. Эми  көмүскө акча ташып,  мыйзамсыздыкка жол берген иштерге бөгөт коюлуп, мындан ары мындай нерсеге жол берилбеши керек.

- Көмүскө чыккан каражаттарды аныктаган иликтөөлөр ачыкка чыкты. буга президент, премьер жана депутаттар реакция кылып, Кыргызстандын бюджетин курутуп жаткан схеманы токтотууга  киришиши керекпи?

- Киришиши керек. Бирок, мындай схеманы сындырууга алгач жогору жактын саясий эрки керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы - коррупциялык схема баардык министрликтерде бар. Ал кичине жана чоң түрүндө болушу мүмкүн. Ал тургай жетекчилер билбей калган дагы коррупциялык схемалар болушу мүмкүн. Коррупция менен күрөштү күчөтөбүз десек, дайындалып жаткан жетекчилердин негизги максаты коррупциялык схемаларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу болушу керек.

Мисалы, өткөрмө бекеттерге коюлган таразаны алалы. Ал жерде  коррупция бар экенин карапайым эл да, айдоочулар да, башкалар да билет. Канчасын кармашты. Бирок,  кармалышканы менен алардын ордуна келгендери деле ошол схеманы улантып жатышпайбы. Ким кызматка келбесин, ай сайын берилчү көмүскө каражаттарга алданып, ошол системаны улантып жатышат. Башкача айтканда, жаңы дайындалган жетекчи да акчаны алат да коррупцияга көзүн жумуп койот. Трибунадан коррупцияга каршы күрөшкөндөй таасир калтырып, сүйлөп бирок көмүскө түшкөн каражатты ала берет.  Мына ушундай системаны сындырып, жок кылуу үчүн а дегенде баарын адам чечпей тургандай кылып автоматташтырышыбыз керек. Мына, “Коопсуз шаар” долбоору кичине болсо да, ачыктыкка шарт түздү. Депутат, министр экенине карабай эреже бузганы айып пул төлөйт. Камерага барып, төш белгиңди же күбөлүгүңдү көрсөтө албайсың. Мына ушундай механизмдер менен коррупцияга бөгөт коюшубуз керек. Ошондой эле коррупцияны кан буугандай токтото турган мыйзамдарды күчтөшүбүз зарыл.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити