Кыргызда “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деген кеп бар.

Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу Свердлов райондук сотунун чечими чыгарылгандан кийин  мына ошондой “балыкчылар” – “балыкчыны” коргоого өтүштү.

 

Тагыраагы, Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Жоомарт Оторбаев, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов жана Темир Сариев аталган иш боюнча мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылганына шок экендиктерин айтышкан билдирүү таратышты. Билдирүүнү маңызына келе турган болсок, Жантөрө Сатыбалдиевдин күнөөсү жок, тескерисинче ал насыянын үстөк пайызын түшүрүүгө жетишкен, жөн эле көпчүлүктүн курамында ак жеринен соттолууда, ал бул иште өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыккан эмес ж.б. Мурдагы премьерлердин айткандарына ишенсек, Жантөрө Сатыбалдиевден өткөн таза адам жок.

Бирок “эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур” дегендей, экс-премьерлер кесиптешин “коррупционер эмес” деп күнөөлөгөндөн мурда өздөрүн бир күзгүдөн карап коюшсачы, катыгүн. Айла жок күлөсүң. Ошол эле Апас Жумагулов Кыргызстандагы прихватизация, талап-тоноонун  башында турганына, Чынгышев “Кумтөр” кениндеги коррупциялык  афераны ишке ашырганына жооп беришпейби?  Амангелди Муралиев болсо кесиптешин мындай коюп, чыккынчы уулун кантип абактан бошотуп алганына жооп берсинчи…

Акаевдин “эрке баласына” айланган Жумалиев кантип оңбогондой байлык, мүлк топтогонун, 33 фирмасын мамлекеттен эмнеге жашырганын айтып бералабы? Максим Бакиев менен Ширшовдун жакыны болгон Чудиновдун коррупциялык “чудолору” жетишерлик экенин каякка жашырабыз? Ал эми Темир Сариев Балыкчы-Корумду жолун куруудагы 6 млн. доллардын дайыны боюнча  эмне дейт?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити