Ушундай ойго кептелдик. Негедир акыркы убактарда “Кыргызстан” партиясы “чабал өрдөк эрте учат” дегендей болуп атат.

 

Буга дейре партия өзүнүн съездин өткөрүп, шайлоого катышарын жар салган болчу. Ушул жуманын башында партия коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүн бетке кармап, дагы бир жолу алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын жарыялады. Партия өзүнүн билдирүүсүндө президенттин багытын катуу колдой тургандыктарын, өлкө башчынын айланасына башка саясий күчтөрдү биригүүгө чакырышарын билдирди.

Суроо туулбай койбойт экен, партиянын билдирүүсүн “Кыргызстандын” алдыдагы шайлоо боюнча тагдыры чечилгендик катары түшүнүшүбүз керекпи? Же ушундай демарштык билдирүү менен партия жетекчилиги  өлкө башчысына “биз сиз мененбиз,  бизди унутпаңыз”- деп коңгуроо кагып жатышкан кербездериби?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити