Жаңы жагдай...

 

Бишкек жылуулук борборундагы 2018-жылдын январындагы авария суу тазалоочу химиялык цехтин оңдолуп, ремонттолбогондугунан келип чыккан. Түшүнүктүү болсун үчүн айта кетсек, суу алгач химиялык цехте тазаланып, анан казандарга берилет. Эгерде суу тазаланбаса, казандарга тез эле калдыктар толуп, сыйымдуулугу азайып кетет. Саатына 140-200 кубометр суу өтүп турган идиштерге бир жумада канча калдык чогуларын элестетсе болот.

 

ТВЕА ЖЭБди модернизациялоону баштаганда суу тазалоочу химиялык цехти оңдоп, жаңылоо пландарында болгон. Бирок, эмнегедир аны аткарышпагандыктан химиялык цехтин суу тазалагыч кубаттуулугу кескин начарлап (жөнөкөй тилде айтканда акыр-чикирлер толуп), ал тоңуп, жарылып кеткендиктен казандарга суу жетпей калган. Сыягы,  алар “бул жагы эптеп эки-үч жыл чыдаса, ага чейин ЖЭБди модернизациялоону аяктады кылып куйрукту түйүп кетип калабыз. Калганын өздөрү көрө беришсин” деген ойдо болушса керек. Тилекке каршы, алардан ЖЭБдин, “Электр станциялары” ААКнын же Энергохолдингдин жетекчилери  ишкананын өпкөсүндөй эсептелген химиялык цехти биринчи кезекте оңдоп, түздөөнү талап кылышкан эмес. Эмне үчүн? Анткени, маселени чече турган жетекчилердин бардыгынын ооздору, колдору булгангандыктан андай талап коймок түгүл, дагы эмне өнөт деген үмүттө бардыгы ТВЕАнын жетекчилеринин, адистеринин ооздорун карап, кирпиктери менен тең айланып калышкан окшойт. Болбосо ЖЭБдеги негизги цехти убагында  оңдоп, түздөп, жабдууларын жаңыртуунун кандай кыйынчылыгы бар эле.

Авария болгондон кийин Өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Бороновдун түздөн түз кураторлугунда химиялык цехти жаңылоо боюнча чечим кабыл алынган. ТВЕАнын адистери ал ишти 2018-жылдын жай ортосунда баштап, бардыгы 4,5 миллион доллар каражат жумшашып, аны 1-октябрга карата аякташкан. Бирок, ал да ТВЕАнын Бишкек ЖЭБинде аткарган калган иштериндей эле техникалык долбоору жок башталып, аяктаган. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, уйкана же койкана курулса деле алакандай кагазга болсо да долбоору чийилип, сметасы түзүлүп, анан курулат. Ал эми республикабыздагы эң негизги стратегиялык обьектилеринин биринин негизги цехин алдын ала эч кандай техникалык документтери даярдабай туруп, айылдагылардын бири ажаткана салгандан бетер ашарга окшотуп куруп салгандын сапаты, натыйжасы кандай болот?  Мүмкүн, химиялык цех кытайлыктар кетип калгыча иштеп туруп, анан дагы бир суук болгондо бир жеринен жарылсачы?  Техникалык документтери жана мүнөздөмөлөрү, деталдаштырылган долбоорлук чиймелери жок цехти биздин адистер кантип тейлешет, бир жери бузулуп калса, кантип оңдошот?

Билишибизче, ЕРСтик келишимдин алкагында химиялык цехти жаңылоодо саатына 200 кубометр сууну тазалоо каралса, кытайлыктар аны мурдагыдай эле саатына 140 кубометрлик кылып, оңдоп, түздөп  коюшуптур. Шаардын эли көбөйүп, жылуулук түйүндөргө кошулган көп кабаттуу жана менчик үйлөрдүн, ар кандай мекемелердин катарлары артууда. Химиялык цех тазалап чыгарган суу алардын бардыгына жетишеби? Бишкектеги негизги ЖЭБди 386 миллион долларга модернизциялаганга эки жыл айлана электе Өкмөттүн Бишкек ЖЭБ-2ни  куруу жөнундө маселе көтөрө баштагандыгы аракеттеги ЖЭБди модернизациялоо долбоору  толук «провал»  менен аяктагандыгын, анын мындан ары натыйжалуу иштешине  ишенишпегенден улам жаңы ЖЭБди куруу тууралуу маселе көтөрүп жатышкандыгын айгинелебейби?  Андан көрө эски ЖЭБдин 3/1 жамап жаскактагандан  көрө тажиктерге, армяндарга окшоп, кубаттуулугу 400-500 мегаваттка барабар  жаңы ЖЭБди курган жакшы эмес беле?

Мурдагы бийликтегилердин ашкере ачкөздүктөрүнөн улам  Бишкек ЖЭбиндеги чампаланып бүтүрүлгөн модернизация бүгүнкү  бийликтин  ашыкча баш ооруусуна айланууда. Кеп, ЖЭБдеги химия цехинде эле эмес, анын жаңыланды делген башка түйүндөрүндө да деффектилердин чыгуу коркунучу өкмөттү экинчи ЖЭБди курганга шаштырууда.  Иши кылып быйылкы кышта 2018-жылдын январындагыдай окуялар кайталанбаса экен. Бирок, ага  каражатты кайдан алышат?  Же кайрадан Кытайдын өкмөтүнө кайрылышабы? Булар да, албетте, өкмөттү гана эмес, элди да ойлондура турган өзүнчө чоң  маселелер.

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити