Шоу-маек

 

 Маданияттын мыкты кызматкери деген төш белгинин ээси, эл аралык конкурстардын  лауриаты, көптөр суранып ырдаткан ырчы Динара Тилекееваны кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

 

 - Эл сүйүп уккан мыкты ырчы болушуңузга кимдер салым  кошту?

- Менин ырчы болушума көп адамдар салым кошту. Көп ырчылар устат болду. Себеби, мен бала кезде эле ырдаганды жакшы көрчүмүн. Өзүмдү ырчылыктан башка кесипте элестете алчу эмесмин. Изденип, ырчы болууну көксөп  жүргөн күндөрдүн биринде  Рахматулла Козукеевге жолугуп,  мамлекеттик болбосо да, “зор тамаша куудулдар” тобунда ырчы, куудул болуп иштей баштадым. Андан кийин Муктар Кырбашевдин “Достук” деген тобунда ырчы болуп иштедим. Муктар агай мага ырчылык өнөрдүн көп сырларын үйрөттү. Бир күнү тойдо Шахра Талипова эжеге жолугуп калдым. Ал талантымды баалап, Жалал-Абад облустук филармониясына иштөө сунушун  берди. Ал тургай эртеси эле директорго жолуктуруп, филармонияга ырчы кылып орноштуруп койду. Андан көп өтпөй тагдыр мени Алтынай Нарбаева эжеге жолуктурду. Алтынай эже мага борбордогу чоң сахнага  алып барчу чыгармачылыктын чыйыр, даңгыр жолун көрсөттү. Ал турсун мага устат да болду.

- Кайсыл ыр сизге ийгилик алып келди? Кайсыл ыр эл сүйүп, суранып уккан визиттик карточкаңыз болду?

- Кандай ыр ырдасаң деле өзүнүн угармандарын табаарына көзүм жетти. Болот Токтобаевдин “Каркырам” деген ырын ырдаганымда элдер “Каркырам” деп чакырышчу.  Азыр да аны сүйүп уккандар көп. Ашыралы Айталиевдин “Жылкычынын ыры” деген ырын ырдаганымда “жылкычынын ыры” деп чакырышчу. Кийин Гүлсүн Мамашованын репертуарынан “Айбыгып жүрөм” деген ырын ырдадым. Ошол ыр менен улуу муундун колдоосуна ээ кылды. Бирок,  азырга чейин визиттик карточка болгон ырды издеп жүрөм. Таба элекмин. Бирок, кандай ыр ырдасам да эл жакшы кабыл алат. Угармандары чыгат.

- Кандай жанрдагы ырларга өзгөчө басым коёсуз?

- Элдик ырларга көбүрөөк басым коём. Ошондой эле алгач ырдын сөзүнө маани берем. Сөзү маанилүү, маңыздуу болсо, обону төп келген ырларды көрүп калсам, сөзсүз ошол ырды ырдайм.  Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Арзыбек Бедияровдун ырларын көп ырдайм. Кийинки муундан Алишер Тоотаев менен Түмөнбай Колдошевдин ырларына басым коюп жүрөм. Ошондой эле Казахстандагы белгилүү композитор Роза Аликажанын ырларына басым койо баштадым.

- Ырчылыктан эмне таптыңыз?

- Ырчылыктан көп нерсе таптым. А дегенде жашоомду өзгөртүп, өзүмдү таптым. Улуу инсандар менен насиптеш, сахналаш болдум. Чыгармачыл чөйрөнүн  тарбиясын алдым.  Сахналаштарымдын кеп-кеңеши менен ийгиликтерге жеттим, элге таанылдым, ырчы болуп, бала кездеги аруу тилегимди орундаттым.

- Ырчылыктын сыймыгы көппү же түйшүгүбү?

- Ырчылыктын түйшүгү да сыймыгы да көп. Ырдаган ырың эл жакшы кабыл алса, тарткан түйшүгүн эсиңден чыгып, эргип, канат байлап учкун келет.  

- Өзүңүздү кандай ырчылардын катарына кошосуз?

- Мен өзүмдү эл сүйгөн, карапайым, жөнөкөй ырчылардын катарына кошом. Элдин сүйүүсү менен жашап келе жатам. Кудай элдин сүйүүсүнөн айрыбасын.

 

Чынайым Кутманалиева, “Майдан. kg” гезити