Н. Калчаев:  Көрөсүңөр го булар убакытты  созушуп отуруп, “күтүлбөгөн кырсык” деген жыйынтык чыгарышып, эки жумушчунун үй-бүлөсүнө  акча төлөп берип, кутулушат. 

 

“Кумтөр” десе жеген ашын жерге койгон, элдин, мамлекеттин коопсузудугун айтып чыгам деп камакка алынган Нарис Калчаев менен “Кумтөрдөгү” кырсыктын кесепеттери тууралуу баарлаштык.

- Нарис, “Кумтөрдөгү” кырсык, кен казуудагы эрежелердин баары сакталбаганынан кабар береби же экологияны сактап, катастрофаны алдын алгыла деген белгиби?

- Менимче, “Кумтөрдөгү” кырсык: “азыртан кам көрүп, кооптуу участоктордун маселесин чечкиле, коопсуздандыргыла” деген чоң  белги. Эртерээк аракет кылып, кооптуу участоктордун коопсуздандырбасак, келечекте мындан да чоң кырсыкка кабылып, трагедияга кабыласыңар деген сигнал деп түшүнөм. Негизи бул кырсык экологияны да,  коопсуздукту дагы сактабагандыктан болду деп ойлойм. Мыйзам боюнча бул кырсыктын эмнеден келип чыкканын  өкмөттүн алдындагы экологиялык техникалык инспекция текшерип, баа бериши керек. Бирок, алар иликтеп, аныгына чыгат деп ишенбейм. Андан  күмөн санайм. Себеби, “Кумтөр” берген планды текшербей эле кол коё беришет деген да кептерди кулагым чалып калган.  Бул жагын эске алсак,  кандай болгон күндө да макулдашылып казылган кендеги кырсыктын себептерин иликтеп, өздөрүнүн шалаакылыгын ачыктап, өздөрүнө көр казбайт. Көрөсүңөр го булар убакытты  созушуп отуруп, “күтүлбөгөн кырсык” деген жыйынтык чыгарышып, эки жумушчунун үй-бүлөсүнө  акча төлөп берип, кутулушат. 

- Мындай учурда өкмөт кандай чараларды көрүшү керек?

- Өкмөт тийиштүү чараларды көрүп, кырсыктын кесепетин аныктап, элге “Кумтөрдүн” кесепети тийбей турган кылышы керек болчу. Бирок, өкмөт чара көрмөк турсун, өз алдынча чечим  дагы чыгара албайт. Себеби, баары өйдө жакты карап иш кылат. Жогору жактын позициясы болсо баарыбызга  белгилүү. Алар кырсыкты кен казуудагы эрежелердин сакталбаганынан келип чыкты деп эч качан айтпайт. Аныгын билип туршса да, “эл көтөрүлүп кетпесин”- деп себебин жашырышат. Күтүлбөгөн кырсык дегенге жакын маалымат таркатып, кенди кайра улантып каздыра беришет. Анткени, кайсыл бийлик болбосун аларга кенди туура казгыла, экологияга зыян келбегидей ыкма менен иштегиле деп талап койбой эле, алардын адвокатына кантип айланганын өздөрү билбей калышат. Көрөсүңөр го бу сапар дагы Өкмөт алардын катачылыгын жабуу менен алек болот. Анткени, былыктары чыгып калса, эл көтөрүлүп кетет. Ошон үчүн “Кумтөрдү” иштеткен компаниянын көзүн карап, эрке баласындай эркелетип, бардык “капризин” көтөрүп отурушат.

- Эгер бул кырсыкты эске албасак, тийиштүү чараларды көрбөсөк, мындан да чоң кырсыктар болуп кетиши мүмкүн да. Өкмөт кырсыктарды алдын алуунун арактеин көрбөйбү?

- Экологияны, коопсуздук эрежелерин сактабасак  мындан да чоң кырсыктар болуп кетиши  толук мүмкүн. Ошон үчүн кен казууда алтынды эле алууга ашыкпай, эрежелерди да так сакташы керек. Антпесек, алардын кайдыгерлигинин кесепетин Кыргызстан кылымдар бою тартып калышы мүмкүн. Өкмөт катуу киришип, эрежелерди сактоону талап кылбаса, алтын казган компанияга биздин экологиябыз, кен казуунун кесепеттери аларды кызыктырбайт. Аларга Кыргызстандын алтыны эле керек. Жаратылышыбызды талкалап жатабыз деп кымындай да ойлонушпайт.

- Жер кыртышын бузуп, мөңгүлөрдү талкалоонун  өзү да жер көчкүлөрдүн болушуна шарт түзүшү мүмкүнбү?

- Албетте, шарт түзүшү мүмкүн. Булар мурун эле уруксаты жок эле мөңгүлөрдү талкалап келишкен. Кийин гана мыйзамдаштырып беришти. Ал турсун жоопкерчиликтен куткарышып бир жактуу “Кумтөргө” жактоочу болуп алышты. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болсо да айтышым керек. Бул кырсыктардын башталышы эле. Ал жакта кооптуу көптөгөн участкалар бар. Мисалы, Петров көлү. Борбордук карьердеги муздун жылышы да ойго салбай койбойт.  Биз учурунда мына ушул жагдайларды  айтып, көптөгөн сунуштарды бергенбиз.  Тилекке каршы, бирин да аткарышкан эмес. Мамлекеттик органдар мурда катачылыкка жол берсе да, бу сапар катуу көзөмөлгө албаса, мындан да жүрөк үшүн алган коркунучтуу жагдайларга туш болобуз.

- Мындай кырсыктарды болтурбоонун аракетин ал жерде иштеген тоо-инженерлери да көрүшү керекпи?

- Албетте, “Кумтөрдө”  иштеген тоо инжинерлеринин да жоопкерчилиги чоң, алар да кайдыгер болбошу керек. Болбосо, алардын кайдыгерлигинин, өкмөттүн “Кумтөрдү” казган компанияга адвокат болгондон башканы билбеген кесепетин эл тартып калышы ыктымал. Бүгүн кооптуу участоктордун кооптуулугун жоюунун аракетин көрбөсөк, азабын ченебей тартып калабыз.

 

“Майдан. kg” гезити