4-декабрь - “Манас” күнү

 

4-декабрь республикабызда “Манас” эпосунун күнү катарында белгиленет. Бүгүн буга карата президент Сооронбай  Жээнбековдун катышуусунда  Улуттук  “Манас” жана Чынгыз Айтматов академиясынын расмий ачылышы болот. Ал эми мындан эки күн мурда “Манас” күнүн  утурлап, ушул  академиянын конференц залында  мектеп окуучуларынын арасында жаш манасчылардын “Манасчылар таймашы” деген  республикалык кароо сынак өткөрүлдү. Ага өлкөбүздүн жер-жерлеринен келген 80ден ашык манасчы катышты. Алардын эң кичинекейи - Жети-Өгүз районунан келген Жолоочиев Саид 6 жашта экен.

Кароо-сынакты мурдатан салт болуп калгандай, мелдешке келген эң жаш манасчылар башташты. Алар: жогоруда айтылган Жети-Өгүздүк Саид жана Бишкек шаарындагы 8 жашар Эрлан Ашырбеков, Даткайым Камчыбекова, Ксения  Москаленко.

Ачыгын айталы, кароо-сынакта китептен  жаттап келгендерин эптеп-септеп айткандар да, кадимки чоң манасчылардай биротоло образга кирип, буркан-шаркан түшүп, калыстар токтото албай, акырында көтөрүп алып кеткендери да болду. Сахнада айтылгандар  бир жөн, бирок  9-14 жаштардагы биротоло “Манастын” дүйнөсүнө аралашып, беттери кызарып, айрымдары тердеп да кеткен  балдарды калыстар сахнадан көтөрүп алып кетип баратышса да токтобой, күпүлдөтө “Манас” айтып жатканы көрүүчүлөргө аябагандай чоң таасир калтырат экен.

Таласта чоңоюп өсүп, азыр  Бишкек шаарындагы № 5 лицейде окуп жаткан Ажыбек Бектемировдун “Манас” айтуусу мына ушул жагынан айырмаланды. Аны көрүп отурганыңда атактуу Сагынбай менен Саякбайдын жаш чактары эске түшөт.  Алардын жаш чактары видеолорго тартылып калынган эмес, бирок  бизге жеткен айтылмаларга, эскерүүлөргө ылайык, төрдө отуруп “Манасты” баштаган Саякбай, образдарга кирип, окуяларды сүрөттөп  жатканда талпынып отуруп, кээде эшикке да чыгып кетчү  дешет.

Бизде байыртан эле “Манасты” ар айтуучу өзүнүн түшүнүгүнө, темпераментине жараша ар кандай ыкмада айткан. Сынак-кароодо отурганыбызда мына ошол мурдагы манасчылардын ыкмаларына дагы бир ирет күбө болгондой болдук. Бири акырын жомокко окшотуп баштап, анан барган сайын дабышын бийиктете, айтуусун тездеткенге өтсө, экинчиси адегенде эле жар чакыргандай бийик баштап, элдин көңүлүн өзүнө бурат. Үчүнчүсү окуяларга жараша үнүн бирде бийиктетип, пастатып турат. Көрүүчүлөргө, калыстарга Нарын районунун Актан Тыныбеков атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу  Алишер Үсөнкуловдун, Бишкек шаарынан Сезим Акылбекованын, Диана Нурбекованын, Акбар Молдогазиевдин, Тоң районунан келген Нурдөөлөт Болотбековдун айткандары өзгөчө жакшы таасир калтыргандыгын баса белгилей кетели.  Алсак, Н.Болотбеков окуяларга жараша  мимикаларын да келтирип, ары-бери обдулуп, ал жагынан чоң манасчылардан калышпаса, Диана Нурбекованын айтканы  мимикаларын келтире ырдап жатканды эске салат. Дикциясы, речитативдери такшалган артисттердикинен калышпайт.

Бизде мурда  жалаң эркек балдар “Манас” айтып келсе, жылдан жылга кыздардан “Манас” айткандардын да катарлары артып баратат. Ага далил катарында бул сынакка жер-жерлерден 15ке жакын кыз келгенин көрсөтсөк болот. Бишкектин № 67 мектебинин 3-классында окуган, украин кызы  Ксения Москаленконун  Даткайым Камчыбековага кошулуп “Манас” айтканы да көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды.  Мындан ары башка улуттардын балдары, кыздары да “Манас” айтканга аралаша баштайт деп үмүттөнүүгө болот.

Музыка таануучу  Болот Малдыбаев   чоң манасчылар “Манасты” 11 түрдүү речитатив менен айтышкандыгын айтып, жазып жүрөт. Кароо сынакта айтуучулардын музыкалык, речитативдик өзгөчөлүктөрү андан калышкан жок. Айтуучулардын ал жагынан да “Манасты” байытып, өнүктүрүп  жаткандары сүйүндүрөт.

Жыйынтыгында эң жаштардын  арасында Диана Нурбекова 1-орунду, Эрлан Ашырбеков 2-орунду, Саид Жолоочиев 3-орунду ээлешти. Ал эми жогорку класстарда окугандардын арасында мыкты деп табылган Нурдин уулу Эрмек, Бактыбек Уулу Белек,  Ажыбек Бектемиров үчөөсүнүн орундары, байгелери 11-декабрда Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармонияда өткөрүлө турган иш чарада чыгарыла  турган болду.

 

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, “Майдан. kg” гезити