Эл үнүбү же кимдин үнү?

 

25-ноябрда Ала-Тоо аянтында өткөрүлгөн митингден кийин ушундай  суроо берүүгө аргасызбыз? Чын эле алган жашылбайларын акташып, жандары жай алышты бекен?..

 

Буга чейин боло келгендей, акчасы төлөнсө кандай болсо да митинг өткөрүүдөн артка кайтпаган, акчасы жок болсо ооздорун ачканга жарашпаган  НПОчулар бул ирет да чогулушуп, транспаранттарды колдоруна кармашып, буюртмачылар үйрөткөн сөздөрүн кыйкырышып, кайталашып тарашты. Бул жолу алар Түркияда жашырынып жүргөн кайдагы бир теги уйгур Саймаити деген Кытай жаранынын айткандарын бетке кармашып, бүгүнкү бийликке айбаат көрсөтүү менен саясий абалды чыңалтып, кырдаалды курчутууну көздөштү. Митингде баягылар эле жүрүштү, Батыштан келген акчаларга ар кандай митинг, нааразылык акцияларды өткөрө беришип, аны кесипке айландырып,  жедеп бүтүшкөндөр. Кечээ эле көгүштөрдүн укуктарын коргоп, митинг өткөргөндөр мында да активдүүлүк кылышты. Баарынан кызыгы, митингдин сырттан башкарылып атканы байкалып турду. “Отчет үчүн сүрөткө түшүш керек, мындай тарт, тигиндей тартсаң эл көп болуп көрүнөт”- дегендей сөздөр айтылып, митингге чыккандарды талаптарды  коюу эмес, алгандарын актоо көбүрөөк ойлонтуп жаткандарын байкоо кыйын болгон жок.

 

НПОчулар менен алар ээрчите келгендердин санын АШАчылар биртке көбөйткөндөй болду. Жашырганда эмне, АШАчылардын жерден издегендери көктөн  табылгандай болду да. Алар азыр кандай нааразылык акциялары болбосун, аларды адамдык да, каржылык да жактан колдоого алууга даяр. “Иши кылып митинг, акция дегендер көп көп  өтүп, бүгүнкү бийликтин айласы кетип турса…”- деген каалоо менен  жашап калышпадыбы. Бул өңүттөн алганда, НПОчулар менен кошо АШАчылардын да активдүү болушкандары жөн жерден эмес. Анткени, Кой-Ташта буктурмага жаткандын алгачкы күндөрү Москвага барып, Путинден күтпөгөн  жооп алгандан кийин АША Кремлден жүзүн буруп, НПОчулар менен ымалага келип, ошондон бери учурдагы бийликке каршы ачык да, тымызын да аракеттерди биргеликте көрүп келатышат. Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов сыяктуу батышчылардын АШАны айланчыктап калышкандыгы да ошондон болчу. Учурдагы бийликке каршы иш-чараларда өз кызыкчылыктарын көздөгөн андагы “тандем”  заматта биригип алууга даяр экендиктерине кечээги митингде дагы бир ирет күбө болдук. Ошондуктан мындан ары митингдерде Батыштын акчасына күн кечирип келаткандар  менен АШАчыларды бирге көрсөк таң калбайлы. Себеби,бүгүн өлкөдө  ар кандай башаламандыктарды уюштуруп, чуу чыгарууну көздөгөн ички күчтөрдүн башында дал ушул АШАчылар турары чындык…

 

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити