Кыргызстандагы көп сандаган телеканалдардын бири эсептелген NEXT TV Америка Кошмо Штаттарынын “Настоящее время” (Учур) телеканалынын, “Азаттык”, “Свобода Россия” радиолорунун расмий өнөктөшү экендиги көпчүлүк биле бербейт.

Бул телеканал аталган өнөктөштөрүнүн продукцияларын Кыргызстандын аймагына таратат. Баса, “Настоящее время” телеканалы Россиянын аймагында “чет өлкөлүк агент” деп таанылган.

 

Ал эми NEXT TV телеканалынын кожоюну Равшан Жээнбеков экендигин да эске сала кетели. Жакында ал батыштан ири өлчөмдөгү каражат алып келгендиги тууралуу маалыматтар айтылууда. Сыягы батыш NEXT TVнын жардамы менен Кыргызстанда коомчулукту ичтен иритүүчү бир катар долбоорлорду ишке ашырчудай. Анткени, Равшан Жээнбеков сөз болуп жаткан каражат колго тиер менен бейөкмөт уюмдардын Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Динара Ошурахунова сыяктуу активдүү өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, масилет кургандыгы буга далил.

 

Батыштын тапшырмасына ылайык, NEXT TVда жаңы теледолбоор уюштурулат жана анын негизги идеологиялык жоокерлери Р.Карасартова, К.Сооронкулова, Д.Ошурахунова жана башка бейөкмөтчүлөр кыргыз коомчулугуна бүлүк салуу, батыштын баалуулуктарын таңуулоо менен алектенишет. Албетте, рынок заманында мышык да бекер мыйоолобогондой эле, бейөкмөтчүлөрдүн кызмат акысы төлөнөт. Каражаттын көп бөлүгүн өзүнө калтыраары белгилүү. Равшан мырза ар бир эфир үчүн Р.Карасартова, К.Сооронкулова, Д.Ошурахуноваларга 500 доллардан гонорар берери анык болду.

 

Мындан тышкары, 2020-жылдын башында аларга АКШга саякат уюуштурууну убада кылган Равшан Жээнбеков бир ок менен эки коён аттым деп кудуңдап турган чагы. Ал эми жашылбы, кызылбы айтор чоң акчаны көргөндө көздөрү кызарган Р.Карасартова, К.Сооронкулова, Д.Ошурахуновалар маскарапоз болгонго деле даяр.

 

Айтор батыштан келген каражатты актоонун аракеттеринин бири экендиги айдан ачык болуп калды.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити