Т. Акун: Жылкы союп, ресторанга той бербей деле жакшынакай кылып уюштурса болоорун  көрсөттүм.

 

-Турсунбек мырза, ашуудан берген отчётум деп 60 жаш кутман курагыңызды жана укук коргоочулук  ишиңиздин 30 жылдыгын белгиледиңиз. Ресторанда күркүрөтүп той бербей эмне  үчүн тегерек үстөл форматында уюштурдуңуз?

 

-Мен кутман куракты белгилөөнүн жаңы форматын сунуштадым.  Жылкы союп, ресторанга той бербей деле жакшынакай кылып уюштурса болоорун,  ысырапкорчулукка  жол бербей деле жакшынакай салтанаттуу кече кылса болоорун көрсөттүм.  Тегерек үстөл форматында өткөн салтанаттуу кечем купулума толду. Мени урматтап сыйлаган адамдардын баары келди. Медеткан Шерикулов баштаган өзгөчө урмат-сыйга татыган инсандар келип, жылуу сөздөрүн айтышты. Санаалаштарым, кыйын күндө чогуу болгон саясатчылар келди. Кыскасы, Президенттин  жана премьер-министрдин өкүлдөрү да келип, кубанычымды тең бөлүштү. Бул күн менин салтанаттуу кечем эле эмес, мага арналып жазылган төрт китептин да презентациясы болду. Менинг баскан жолум тууралуу документалдуу фильм көрсөтүлдү.  Кыскасы, 30 жыл мурдагы жашоомдун ар бир күнүн көз алдыма тартылткан кайталангыс күн болду.

 

-Кимдин белеги өзгөчө болду?

 

-Кутман курагымдын жана укук коргоочулук ишимдин 30 жылдыгы   бактылуу көз ирмемдерге бай  күн болду. Анда келип, мага жакшы тилегин айтып, сөздүн гүлүн терип, ыр арнап мени кубантып, кубанычымды тең бөлүшкөндөрдүн баарына чын дилден ыраазычылыгымды билдирем. Баары өзгөчө, баары сонун болду. Демиме дем, шыгыма шык кошулду. Алардын ичинен өзгөчө белек президенттин гүлү болду. Мен президентти куттуктап коёюн деп акүйгө баргам. Кызыл гүлдү көрүп, аны куттуктаганы алып келе жаткан экен деп ойлогом. Менин салтанаттуу кечеме ошол гүлдү президенттин өкүлү Султан Раев алып келгенде  өзгөчө кооз гүлдү мага арнап алышкандарын көрүп, чыны менен кубандым. Ыраазы болдум.    

 

Булак: “Майдан. kg” гезити