Редакцияга келген каттан...


 

Акыркы кездерде: “Мектеп мугалимдери окуучулардан акча чогултканын токтотолу!” деген ураан көтөрүлүп, байкуш билим берүүчүлөрдү коркунучтуу коррупционерлерге окшотуп күрөш ачканыбыз зээнди кейитет. Башка кесиптегилер бизнес жасашып, мамлекеттик аткаминерлер казынага кол салышып, бапырата табышса мугалимдер жарыбаган айлык менен күн кечиришип, жаш муундарыбызга татыктуу билим, тарбия берүүгө кара жандарын карч урунуп келатканын сыйлайлычы.

 

Менин да кесибим мугалим. 2000-жылдардын башында Ысык-Көл районунда айылдык мектепте сабак бергем. Айлыктын аздыгынан соода-сатыкка өтүп алгандардын катарындамын. 5-7 миң сом айлык жол кире, тамак-аштан артылбаса кантип тың тирилик кылмак элек. Ошондуктан, көптөгөн мыкты окутуучулар мектептерди таштап кетүүгө аргасыз болгону жан кейитет. Жаш муундарыбыз билимден мүчүп, коомубузга кедерги тийгизүүдө. Россияда, Казакстанда мугалимдер 500 доллардан ашык, алды бир миң долларга чейин айлык алаарлдыгы бизди суктандырат жана ошого умтулуубуз керек.

 

Биздин кызыбыз Бишкек шаарынын Лущихин көчөсүндөгү №59-орто тектепте 3”В”-класста окуйт. Класс жетекчиси Бактыгүл Гапарова жаштарга терең, таасирлүү тарбия берүүгө аракеттенгени кубандырат. Биз, ата-энелер мектеп мугалимдерин колдоп, азырынча алардын айлыктарын көбөйтүүгө шарты келбеген мамлекетибиздин ахыбалын эске алып, ар кандай иш чараларда окутуучуларды кубаттасак өзүбүздүн эле уул-кыздарыбыздын келечегине кам көргөн болоор элек.

 

 

Индира АТАНАЕВА, Булак: “Майдан. kg” гезити