Кыргыз Республикасы Катар Мамлекетинин Доха шаарында өткөрүлүп жаткан “Жибек жолу” Эл аралык көргөзмөсүнө катышып жатат.
Иш-чаранын ачылыш аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлектиндеги Элчиси Чыңгыз Эшимбеков аталган көргөзмөнүн Башкы уюштуруучусу Катар Мамлекетинин Транспорт жана коммуникация министри Жассимбин Ахмед Аль-Сулайтини кызуу куттуктады.
Кыргызстандын экспорттук азыктарын Катар Мамлекетине жылдыруу үчүн Кыргыз Элчилиги Катардын “Виллажия” соода борборунда өзүнүн атайын дүкөнүн ачкан “Маңыз” компаниясына жогорудагы көргөзмөнү уюштурууга көмөк көрсөттү. Аталган павильондо Кыргыз Республикасынын ар түрдүү бал сорттору жана кургатылган мөмө-жемиштери жарнамаланып келатат.
Мындан тышкары “Жибек жолу” Эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Элчилигинин өкүлдөрү Кыргыз азыктарын Катарга экспорттоого кызыкдар компаниялар менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзүп жатышат.
Булак: “Майдан. kg” гезити