И. Масалиев: Соттук процесстерде маселенин туура коюлуусу чоң роль ойнойт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапкери, КСДПнын юристи Нурбек Токтакуновдун Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 15-майында кабыл алган экс-президенттин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамынын мыйзамдуулугу жөнүндө доосун карап, 24-октябрда анын бир пунктунан башкасы толугу менен “өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келет”- деген чечим чыгарды.
Бул боюнча депутат Исхак Масалиев пикир билдирди:
- Ким эмне дебесин, Конституциялык палата мыйзамга таянуу менен көпчүлүк күткөн эле чечим чыгарды. Эсиңерде болсо, ушул жылдын июнунда “КР президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Конституциялык палата ушул мыйзамдын алкагында иш алып барды. Жактоочулар палатага коюлган маселе туура эмес болгонун билишет. Соттук процесстерде маселенин туура коюлуусу чоң роль ойнойт. Маселени кароодо мурдагы өлкө башчысы макамынан мыйзамдуу ажыратылдыбы же мыйзамсызбы деген суроого жооп берүү болду. Албетте, мындай шартта жактоочулар ийри суроого ийри жооп алышты да. Мындан сырткары, алар өлкө башчыны «экс» макамынан ажыраткан мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча да кайрылышкан. Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу Башмыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Менин оюмча, чечим мыйзамдын алкагында жана каралган маселеге ылайык болду. Эгерде мурдагы өлкө башчынын тарапташтары башкача аргумент менен кайрылышса, балким, чечим да башкача болмок.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити