Б. Талгарбеков: Юридикалык жактан алганда, жеңилишерин билишкен.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапкери, КСДПнын юристи Нурбек Токтакуновдун Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 15-майында кабыл алган экс-президенттин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамынын мыйзамдуулугу жөнүндө доосун карап, 24-октябрда анын бир пунктунан башкасы толугу менен “өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келет”- деген чечим чыгарды.
Бул боюнча коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков пикир билдирди:
- Мыйзамга негизделген туура чечим болду. Мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынганда кызуу талкууланган. Жарым жылдай талкууга алышып, андан кийин гана кабыл алышкан. Парламентте күчтүү юристтер бар. Ошондуктан баары иликтенип, Конституцияга каршы келбестиги да тыкыр каралган. Менимче, Атамбаевдин тарапкерлеринин Конституциялык палатага кайрылуусу саясий маселе болчу. Юридикалык жактан алганда, жеңилишерин билишкен. Бирок алар мыйзамсыз чечим болду дегенди бетке кармоо менен элдин көңүлүн аталган маселеге бургусу келишкен. Конституциялык палатанын чечими ушундай болорун алар деле билишкен.
Булак: “Майдан. kg” гезити