Саясат жана саясатчылар
Кыргызда “жамандын акылы дайыма түштөн кийин кирет” деген сөз бар. Анын сыңарындай, биздеги айрым базарлары кызыган мезгилдери эбак өтүп, саясый-социалдык макамдары, таасирлери, жаш курактары жагынан эбак экстерге айланып калышкан Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, Ишенбай Кадырбеков, Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылардын мындан эки жыл мурда Жогорку Кеңешке босоголук чекти 9 пайызга жеткирүү жөнүндө кабыл алынган норма жөнүндө эми ызы-чууларды күчөтүп жатышкандары таң калтырууда.
Биз аларды жаман дегенден алыспыз, эмне дебейли алардын баары тажрыйбалуу, айрымдары мажбурлап “эс алдыруучу” жайларда да кыйла убакыттарын өткөрүшкөн дасыккан саясатчылар. Бирок, алардын азыркы аракеттери: “Булар эки жыл мурда же мыйзам долбоору талкууланып жаткан мезгилде кайра жүрүштү эле? “Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” дегендей, эмнеге эле азыр опурулушуп, эки жыл мурда каралып, алымчалар жана толуктоолор киргизилген мыйзамды дагы өзгөртүүнү талап кылып жатышат?”- дегендей суроолорду жаратууда. Анткени, түштөн кийин туурадан чыкпастан колдон келсе, бардык ишти өз убагында жасаган, аткарган жакшы. “Бүткөн иштин сынчысы, бышкан аштын ээси көп” дегендей, поезд эбак узап кеткенден кийинки далбастоолордун майнаптары көп убактарда өтө эле аз болот.
Азыр 9 пайызды сындап жатышкандардан Өмүрбек Текебаев эс алуу жайында болсо, калгандарынын бардыгы эле Кыргызстанда эле жүрүшкөн. Анда эмнеге ооздоруна талкан салып алгандай унчукпай жүрүшүп, азыр нааразылыктарын айтышууда?
Биздин оюбузча, иттин өлүгү ушул жерде көмүлүп жатат. Анын себеби эмнеде?
Өмгөктөгөндөргө эле кызмат берилсе, жөн жүргөн эч ким калбайт
Мындан эки жыл мурда бир жагынан алар: мурда кучакташып жүргөн досторун деле жини келгенде “муну шлепнуть этип, көзүн тазалап салбайсыңарбы” деген мыкаачылык жагы бар Атамбаевден чындап коркушса, экинчи жагынан, экс менен аракеттеги президенттин ортосундагы жаңыдан күч алып бараткан тирешүүгө ичтеринен жымыңдашып, анын радикалдуу түрдө өнүгүшүн чыдамсыздык менен күтүшүп, колдорун ушалаша кубанып турушкан. Алардын айрымдары эле андан пайда табышпаса, көпчүлүгүнө ысык-суугу деле жок болчу. Бирок, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей, коомдогу ашкере ызы-чуулар тонустарын көтөрүп, жашоого болгон ышкыларын арттырып турса, бейпил, тынч турмушта тез эле жүдөп, колдорундагыларды алдыргандай чүнчүп кетишсе, башка эмне кылышат? Бактыга жараша, саясый кырдаал алар күткөндөй өнүкпөдү, Кылмыш Кодексинин 13 беренеси менен айыпталып жаткан АШАга “адам өлтүрүү” делгени да кошулуп, түрмөгө барып тыгылды. Ал жактан анын жакын ортодо чыгышы өтө эле проблематикалуу маселеге айланды. Азыр босоголук чекти сындаган базарлары өткөндөрдү күйүнтүп, жиндерин келтиргендин негизги себеби ушунда болууда. Алардын ичинде ал жол менен кызмат сурагандары да бар, өзгөчө А.Мадумаровдун күндүр-түндүр көздөгөнү, эңсегени эле ошол. Эгерде аракеттеги президент да АШАга окшоп, ага сырттан бир кызмат сунуштаса, босоголук чеги түгүл, парламенттин өзүн да унутуп, ошонун эртеси эле кеткени турат. Бирок, док урунгандын бардыгына сөөктөй кылып таштай бергенге жакшы кызмат да жетишпейт экен, маселенин баары ушунда болуп жатпайбы.
Ачыгын айтанда, азыркылар мурдагыларга окшоп, бийлик алмашса эле Сталин өлгөндөн бетер түрмөгө камалгандарды бошото берген адатты токтоткондой, дүжүр сынчыга айланып, Өкмөт үйүн жөөлөгөндөрдүн баарына кызмат тарката берген адатты да токтотушу керек. Антпесе, ал биротоло жаман адатка айланып, конструктивдүү жакшы жолдор менен жакшы кызматтарга келгендер калбай, алар дүжүр сынчылардын гана энчилериндегилерге айланып кетип, кадрларды тандап, жайгаштыруудагы меритократиялык принциптер биротоло бузулат.
Парламентке 2-3 партия гана келиши керек
Эми 9 пайыздык босоголук чектин жакшы жактарына токтололу. Биринчиден, ал партияларды биригүүгө, ирилешүүгө мажбурлайт. Анткени, прагматиктер, реалисттер парламентке өтүү үчүн сөзсүз андай кадамдарга барышат. Ал эми реалдуу абал менен эсептешпей, дайыма фантастикалык дүйнөдө жүргөндөрдүн барынан жогу жакшы. Алар кокус парламентке келип калышса, парламентти мыйзам чыгаруучу органга эмей эле “баланын үйүнө, бапанын алачыгына” айландырышат. Бизге ошондой, мисалы, убагында Ө.Текебаев дүжүр өкмөт кулаткычка айланып алып, мамлекеттик органдарга террордукка барабар абалды таңуулагандай, дүжүр кутумдардын кереги барбы? Же жылына бир-эки жолудан өкмөт алмашып тургандан Кыргызстандын абалы жакшырып кетти беле? Жакшырган эмес, тескерисинче, начарлаган. Бизге парламентте бороон чапкын удургуп, өкмөт дайыма ары-бери солкулдап турганы эмес, бийлик бутактары туруктуу, ишенимдүү иштеп, экономикалык, социалдык абалыбыз аз-аздан болсо да жакшырып турганы керек. Ал эми жогоруда аталгандардын биринин да турмуш-тиричиликтери бюджеттен маяна, пенсия алгандардай, өлкөнүн экономикалык, социалдык абалына түздөн-көз каранды эмес. Алардын бардыгынын легалдуу жана көмүскөдө бизнестери, ата мекендик гана эмес, чет өлкөлөрдөгү банктарда да эсептери бар. Айрымдарынын турмуштары өңкөрүш-төңкөрүштөр болгон сайын кескин жакшырып турат. Ал деле эч кимге жашыруун эмес, аны элдин баары билет, бирок алар “биз ашкере куубуз, кыйынбыз, биз кылгандарды эл билбейт, элдин кулагына лапшаларды гана эмес, чырмоок чөптөрдү деле иле берсе боло берет, айткандарыбызга ишене беришет”- деген өтө жаңылыш ойлордо жүрүшөт. Алардын жаңылыштыктары шайлоолор сайын эле ырасталууда, бирок тилекке каршы, алар аны да моюндагылары да келбей жатат.
Экинчиден, парламентте фракциялар канчалык аз болсо, бийлик органдары ошончолук туруктуу боло тургандыгы дүйнөлүк практикада эбак ырасталган. Алсак, эки жүз жылдан ашык убакыттан бери АКШны, Улуу Британияны эки-үч партия эле башкарып келатат. Андан аталган өлкөлөрдө демократия же адам укуктары, экономика же социалдык чөйрөлөр начарлап кеттиби? Жок, динамикалуу түрдө гана өнүгүүдө. Тескерисинче, идея, идеологияларга эмес, өздөрүн дакан короз деп эсептегендердин жекече амбицияларына гана негизделген, өздөрү түзгөн саясый уюмдарды өздөрүнүн жеке менчиги катарында эсептеген декоративдүү партиялар канчалык көп болсо, партиялык принцип өнүкмөк түгүл ошончолук начарлап, коомдо саясый маданият да кескин начарлап кете тургандыгы Кыргызстандын тажрыйбасында ырасталууда. Бир убакта улуттук илимибизде илим эмес, илимдин кандидаттары менен докторлорунун сандары негизги роль ойногондой, бизге партиялардын сандары керекпи же сапаттарыбы? Советтик мезгилде Тулалык бир чиновник: “падышалык Россия убагында Тула облусунда бир эле жазуучу - Лев Толстой эле болсо, азыр жазуучулар союзунун жетимиштен ашык мүчөсү бар”- деп мактанганындай болуп жүргөндүн кимге кереги бар?
Партиялардын эсепсиз көптүгү - айрымдар ойлоп жүрүшкөндөй, демократиянын же саясый маданияттын өскөндүгүнүн белгиси же барометри эмес, ал саясый балалыктын гана оорусу. Эгерде ал дарттан тезирээк айыкпасак, ХХI-кылымда да саясый инфантилдүүлүктөн чыкпай жүрө беребиз. Саясый аренада амбициялары баштарынан ашкандардын эмес (алар чеги менен болсо, зыяны жок, эгерде үстөмдүк кылып кетишсе, коом диктатурага карата багыт алат), идеялар менен идеологиялардын ортосунда гана айыгышкан күрөш жүрүшү керек.
Айрымдардын парламентке 2-3 эле партия өтүп калса, ал катастрофага айланат, ага эл чыдабайт дегендери реалдуулукка жакындабаган апыртма. Ачыгын айтсак, элдин Кыргызстандагы партиялардын бардыгын бириктирип дүңүнөн да урганы жок. Алардын программалары - жазгандардан башка эч кимди да кызыктырбайт, эч ким деле окубайт. Алардын айткандары, убадалары эч кимди деле чындап кызыктырбайт. Эл партиялардын берген акчаларына, тигил биздин бала, бул жек жаатыбыз деген принциптердин негизинде гана добуш берет. Азырынча Кыргызстандагы бир да партиянын ишенимдүү социалдык базасы жок. Социалдык базалар партиялар ирилешип, идеологияларга жараша иштегенге өткөндө гана акырындап пайда болушу ыктымал.
Мына ушул өңүттөрдөн алганда босоголук чекти 9 пайызда калтыруу өлкөдө саясый турмуштун гана эмес, экономиканын жана социалдык чөйрөлөрдүн өнүгүшү үчүн да оптималдуу вариант болуп саналат. Ал эми жогоруда аталган саясатчыларга келе турган болсок, эгерде алар биригишпесе, аздыр-көптүр электораттары жана чоң-чоң каражаттары барларга кошулушпаса, босоголук чекти 3 пайызга түшүрсө деле эч кимиси өтпөстүгүн, дээрлик бардыгы 1,5-2 пайызды кучактап жыгылышарын бөркүңүздөй көрсөңүз болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити