Дил көйгөй, тил көйгөй...
Дегинкисин Бишкекке көбүн эсе тийди-качты тейде эле келип-кетип турам. Бул жолу шаардын тузу бир жумадан ашык буюруптур... Жатат шаар быкпырдай кайнап. Жөөлөшкөн тыгындан өпкө кага өксүп буулугуп жылжыган техникалар... Тротуар, көчөлөргө чейин эски-ускуларын, темир-тезектерин, майда-чүйдөлөрүн жайып алган башаламан базарлар... Кайсы бир дөөлөтү ташкан байлардын (бизде алар аттарын аташпайт) чаржайыт тургузулуп жаткан асман челген курулуштары... Жанында жесир кемпирдин алачыгындай болуп жүдөгөн мамлекеттик эски имараттар... Иш жөнүн билбеген жоопкерчиликсиз, шалаакы башчылардын айынан куураган дарактар... Айыл көчөлөрүнөн айрымаланбаган чуңкур-чаңкырлүү жамачы жолдор... Энесинин көчүгүнөн эле орусча сүйлөп түшкөн, улуттук шааримди билбеген кыргыз жаштары... Кайсы жакты карабагын бөтөн тилдерде бадырайта кооздолуп жазылган көрөнөк-жарнактар... Улуттук насилди жээрип, чачтарын желкесине саксайтып түшүрүп, евростилде кийинген жоосунсуз чалдар...
Бир карасаң, Манастын урпагы болгон титулдук эл өз отонунда эмес эле, кайсы бир чоң державанын курамына оптартылган алсыз, чалажан бир этникалык топ катары жашап жаткансыйт... Улуттук дух, улуттук шаани сезилбейт. Чындыкты чындыктай тан алуу керек, мен турган аймактагы Тоголок Молдо атындагы чакан сейилбак улуттук-эстетикалык табитте бир топ шарттары менен жасалгаланыптыр. Неберелерим менен эрте-кеч эс алганы барып турдум. Эки-үчтөн болушуп алышып орусча божурашып отурушкан байбичелерди, жаш балдарын сейилдетип жүрүшкөн бир ооз кыргызча сүйлөшпөгөн ата-энелерди, бири-бирине бүт жан дүйнө-сезимдерин орусча билдире кыналыша колтукташкан жаштарды көрүп отуруп зээним кейиди. Бир жумадан ашык убакыт ичинде кара-балталык Анарбек аксакалдан бөлөк бир калпак кийген кыргызды көргөнүм жок. Деги Бишкекте дидакт аалымдар Абдыкерим Муратов, Сулайман Рысбаев жана “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматовдон башка калпак кийген эркектер калбай эле калганбы деп кеттим.
Неси болсо да таалим уюткусу элет экологиясына кыйла байырлаш деген Ош аймагында деле бул маселе чеке жылытаарлык эмес. Ата-бабаң урунбаган түшүнүксүз жат сөздөргө толгон жарнамалар Бишкектегиден өтсө өтөт, эзели кем калбайт. Башаламан чаржайыт курулуштар, санитардык-гигиенага маани берилбеген толгон-токой тамактануучу жайлар, майда-барат сапатсыз товарын эле эмес, безилдеп ыйманын кошо саткан сугалак соодагерлер быкпырдай кайнаган базарлар, кадам баскан сайын чекчейип мурдуңа келип сайылып, аке-жакеңе койбой ээрчип алган кайырчылар зээниңди кейитип, жан дүйнөңдү чарчатат. Шаарга чыккандан жүрөгүң безилдейт.
Мамлекеттик тилге болгон мамиле жыл өткөн сайын басандап, орошон “Манасты” жараткан тилибиз тукулжурагандан тукулжурап баратат. Адабий тилде жаңшана сүйлөнүп, кулактын кужурун кандырган көркөмдүк кудуретин жоготтук! Ата-бабаларыбыздын эч кандай мектептен, жогорку окуу жайларынан окубай эле, керемет жорго сөздөр менен зер-зебериңе жеткире саймедирешкен жагымдуу тилин сагындык!...
Ушинтип отурганыбыз кантип болсун! Каңырык түтөткөн кесепеттин бардыгы кыргыз тилин өркүндөтүү жөнүндөгү бир топ куру иш-чаралардын чалажандыгында жатат. Тилге күйгөн намыстуу президент, намыстуу жетекчилер жок. Сөз жүзүндө канча айтылганы менен чыныгы турмушта кыргыз тилине муктаждыкты жаратуу мамлекеттик деңгээлде колдоого алынбай келе жатат. Кызматчыларбы, жетекчилерби, министрлерби, мектеп окуучуларыбы, керек болсо бала бакчалардабы кыргыз тилине муктаждыкты сезгенде гана ага кайрылат. Демек, бул улуттун угутун сактап калууга багытталган кечиктирилгис иш болууга тийиш! Буга илээнди, кайдыгер жетекчи сөрөйлөр: “Иштеп жатабыз, мамлекеттик кызматчылардан тест алып жатабыз” деген даяр штамп жообун берери турган иш. Ооба, иш жүргүзүмүш болушууда, а кана анын натыйжасы? Кыргыз тилин тиешелүү деңгээлинде билбегендиги үчүн кайсы кызматкер иштен алынды? Бул жерде Кыргыз Республикасынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын ишинин осолдугу да негизги себептерден. Деги бул тил комиссиясы кийинки мезгилде кандай алгылыктуу иш жасай алды? Быйыл тил мыйзамынын 30 жылдыгын белгиледик. Не деген ийгилик, жетишкендиктерге жетиштик?... Адаттагыдай куру кыйкырык, жалган маалыматтар менен элдин көзүн көзбоёмолодук! Бул боюнча 20 жылдан бери Ош облусун менчиктеп алган Алмагүл Тилекманова аттуу айымдын тааныш-билишчилик, жасалмакөйлүк менен иш тутунуп, тилди колдогучтук эмес, тил куруткучтук миссияны аткарып келатканын жалпы эл жакшы билип калды. Эмне, бул айымды алмаштырар адам Кыргызстанда калбай калганбы? Деги өзү мамлекеттик тил комиссиясынын иши кыргыз элинин мекенчил көкжал уулу Камбаралы Бобуловдон кийин “өлүү десең - көрдө жок, тирүү десең - жерде жок” дегендей чалажан абалда келатканы кашкайган чындык!
Өзгөчө тынчсыздана турган нерсе, шаарлардагы орус тилдүү мектептерде экендигин, чыныгы иттин өлүгү ушул жерде көмүлүп жатканын сезүүгө болот. Орус тилдүү мектептердеги көпчүлүк окуучулардын ата-энелеринин (аларды көкүткөн мугалимдеринин) арасында “кыргыз тили балдарга артыкча түйшүктү, ыңгайсыздыкты жаратып жатат” дегендей арамза түшүнүктөр бар экендиги байкалууда. Бул боюнча белгилүү тилчи-окумуштуу, Билим берүү академиясынын профессору Сулайман Рысбаевге кайрылсам, ал бир жакшылык жышаандын болорун кабарлады. Кийинки жылдардан республикабыздын улуттук мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн кыргыз тилинен улуттук тестирлөө жүргүзүү, жогорку окуу жайларына тапшырууда анын натыйжасын эске алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде иш-аракеттер каралып жатыптыр. Андай болсо, кудай жалгасын! Бул, чын эле, өзгө тилдегилерге кыргыз тилине болгон муктаждыкты жаратары чын. Эми ишке ашсын деп тилек кылалы.
Улуулукка тан бербеске чара жок эмеспи, казак элинин көсөм экс-ажосу Н.Назарбаевдин: “Казак казак менен казакча гана сүйлөшөт”- деген учкул накылы бүтүндөй казак калкынын улуттук намысын ойготуп койду. Эмесе, кечээ эле карысынан жашына чейин жабыла орус тилине ооп кеткендер ошолор эле го. Мындай жандүйнөнү козгогон таасирди даанышман, билги жетекчи гана жарата алат. Бүгүн казактарда казак тилине болгон мамиле кескин өзгөргөн. Экс ажонун бул акылман сөзү ар бир казактын жүрөгүнө атуулдуктун оттугун чаккан.
Эми биздечи?... Президентибизге үмүт арта туралы... “Баатырларды мезгил өзү жаратат” дешет. Кечээ эле “жүүнү бош” деп эл ичи чыкпай жаткан С.Жээнбековдун бүгүнкүдөй чечкиндүү иштерди жаратып жатышына ушул кырдаал себепчи болду да. Өзгөчө анын улуттук идеологияны көтөрүү багытын колдоорун билдирген көз караштары - мезгил зарылдыгы. Табияты оттон, суудан, чагылгандын чакмагынан, бүркүттүн шаңшуурунан бүткөн кыргыздын уул-кыздарына улуттук баалуулуктарын унутуу жарашпайт. “Улуттук баалуулуктарына, этнопедагогикага ырая кылбаган элдин келечеги жок”,- дейт дүйнөлүк этнопедагогиканын атасы Н.Г. Волков. Кайрат-эрк менен ар бирибиз бир силкинип, кайрадан Манастын урпагы болуп жаралышыбыз керек! Бардык руханий дөөлөттөрүбүздүн башаты болгон кыргыз тили, салт-санаасы жашап, гүлдөп, өнүгүүсү абзел!
Айрым бир турмуш-тиричилик маселелер менен Бишкек шаарында пияда темселеп жүрүп, дагы бир-эки осолдуктарга себепчи болдум. Манасчы Сагынбай атындагы көчөсүндөгү “1-Май” соцфондунун имаратын жарым күн издеп жүрүп араң таптым. Сураштырсам андай көчөнү көбү билбейт экен. “Аа, соцфонддун имараты дебейсизби башты айландыбай, ал Улуттук госпиталдын жанында, Логвиненко көчөсүнөн киресиз”, - деди бир орто жаш эле кыргыздан сурасам. Таап бардым. Өзүмдүн жеке ишим калып эле бир нерсеге - залкар Сагынбайдын аты коюлган бул көчөнүн абалына зээним кейип, төбө чачым тик туруп, ааламга батпай сыздап отурдум. Кудайга тообо! Ушундай улуу адамдын аты иттин ичегисиндей ичке, үзүк-үзүк, асфальтталбай ылай-көлчүк баскан, таштандыларга толуп каралбаган, куркулдайдын уясындай тар көчөгө коюлуптур! Жанында жатат Логвиненконун, Гоголдун атын алган заңгыраган көчөлөр. Бишкектеги эң чоң сейилбактардан болгон “Жаш гвардия” сейилбагы. Алар ким, Сагынбай ким? Качан өз баркыбызды билебиз? Кайсы манкурттун башына келди экен ушул ой? Бул анык эле манкурттук эмей эле эмне?!... Биринчи кезекте төбөлдөрүбүздүн манкурттугу...
Жумушум боюнча эми “1-Май” соцфондунун имаратына баш бактым. Борбор шаарда ушундай имараттар бар деп үч уктасам түшүмө кирбептир!... Ишкана жепирейген эски үч имараттан турат экен. Өзгөчө экинчи-үчүнчүсү чирип бүтүптүр. Түртө салсаң жыгылчуудай. Көк жыттанып кетиптир. Анда иштеп жаткандарга боорум ооруду. Мындайраакта кийинчерээкте эле пайда болгон БТА банк, КICB банк дегендердин имараттары турат көк челип. Деги Кыргызстандын байлыгын кимдер пайдаланып жатат? Мамлекеттик ишканалар ушунча эле бечара болуп калдыбы?
Көрсө, белгилүү мекенчил уулубуз Садык-Шернияздын өткөндөгү руханий байлыктарыбыз жөнүндөгү көздөн жаш кылгыртып, каңырык түтөткөн отуу сөздөрү тегин эмес тура! Бул бычак сөөккө жетип, жан кашайганда гана чыгар сөздөр... Чын эле, дилдин, тилдин, маданияттын тукулжураганы - мамлекеттин ойрондолушу. Деги өзү не деген заманда жашап жатабыз? Кана улуттук ариет?! Биз өзү кимбиз?... Көйгөй... Көйгөй... Көйгөй... Дилиң гана ооруйт!..
Жусуп Молдобаев - элдик мугалим, “Элге билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин, “Манас - 1000” медалынын ээси, режиссёр Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасындагы үлгү-мугалим, Ноокат району
Тел. 0778 64 36 56
Булак: “Майдан. kg” гезити