Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата

 

Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн улук тескөөчүсү,  милициянын капитаны Алиев Нурлан Канатбекович тууралуу азыноолак сөз кылуунун учуру келип турат. Нурлан мырзанын жубайы Наргиза Кадырбек кызы да МАККББнын Кемин райондук күзөт бөлүмүнүн рота милиционери. Эмесе, кеп нугун “жылдыздуу жубайлар” туурасында уланталы.

 

Нөөмөт бөлүмү милиция кызматындагы эӊ бир жооптуу бөлүмдөрдүн бири экенин Нурлан өзү иштей баштаганда гана түшүндү. Бул кызматта ал 2011-жылдан бери иштейт. Кезеги келип нөмөт бөлүмүнүн иш ордуна келип отурганда эле чоӊ жоопкерчилик сезилип, кандай жагдай болбосун аткарууга даяр болуп ишке киришүү адат болуп калган. Иш болсо ар кандай боло берет. Бир күндөрү коӊгуроо артынан коӊгуроо шыӊгырап айлаӊды кетирип, жооп бергенге араӊ үлгүрүп, алдастайсыӊ. Айрым  учурларда жымжырттык өкүм сүрүп, бул жарык дүйнөдө баары уктап калгандай сезилип, тынчый түшөт. Бирок ошол алдамчы жымжырттык көпкө узабай, телефондун коӊгуроосунун ары жагынан жардам сураган адамдардын кайрылуулары башталат. “Жардам бериӊиздер, уюмду уурдап кетишти!”, “Үч күндөн бери үйүр жылкым жок, уурулар айдап кеткен окшойт, таап бериӊиздер!”, “Кошунам мас болуп алып тынчтык бербей жатат, алып барып камап салгылачы!”- деген өӊдүү ар кандай мазмундагы ар кыл адамдардан кайрылуулар келе баштайт.

 

Кемин району мал киндиктүү, кеӊ жайыттуу жер болгондуктан бул аймактын эли малдуу келишет. Аталган аймакта тээ Советтик доордо эле мал чарбасы мыкты өнүккөн. Азыр да Кемин  өрөөнүнүн өрүшү толо мал, кампасы толо дан экенин көрөсүз. Ошондон улам Нөөмөт бөлүмүнө дээрлик күн сайын мал жоголгону тууралуу билдирүүлөр байма бай түшүп турат. Нөөмөт кызматкери ошол көп кайрылуулардын  кайсынысы шашылыш экенин, кайсынысына көӊүл буруп, кайсынысын биринчи иретте тиешелүү жактарга  билдирүү керек экенин чукул чечип, өз убагында аракет кыла билүүсү зарыл. Албетте келип түшкөн ар бир кайрылууну каттоого жана алар боюнча иш чараларды көрүүгө милдеттүү деӊизчи. Бирок Нурлан өзүнүн иш тажрыйбасынан улам жакшы билгендей, кээ бир инсандар «жоголгон жумурткасын» айтып, «Аны баланчанын баласы эле алды аны камап, жумурткамды кайрып бергиле»-деген өӊдүү кайрылуулар менен деле жүдөтө берет. Бирок ошол эле кезде жоголгон үйүр жылкы жөнүндөгү кайрылуу да түшүп калат. Мындайда тездик менен аракет кылыш милдет. Жылкылардын изи сууй электе аракет кылбаса, союлуп же сатылып кеткенден кийин табыш кыйын болуп калат. Ошондон улам «жумуртканы» коё туруп, жылкыларды издөөгө көӊүл буруп, аракет кылуу абдан зарыл.

 

Кемин районунун дагы бир өзгөчөлүгү Казакстан менен тоолору кырлашып, жайлоолору жандашып, анан уурулары катташып тургандыгында.  Казакстандан уурдалган мал бизге кирип, бизден уурдалган мал казактарга сатылып кеткен учурлар болот. Мына ошол үчүн да чукул көрүлгөн иш чаралардын зарылдыгы күчөйт. Анан да жайкысын көлдүн доорону сүрө баштаган кезде Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн да иши арбыйт. Түйшүгү көбөйөт. Себеби келген кеткен эл көбөйүп, алар менен кошо жол кырсыктары, жол эрежелерин бузуу өӊдүү кылмыштар күчөп, кеминдик милиционерлер аз уктап, көп чуркап калат.  Мындайда  тылыӊ бекем болбосо жүдөп чүнчүп кетишиӊ мүмкүн.

 

Кудайга шүгүр деш керек, Нурландын үй-бүлөлүк жагдайы жакшы болду. Нике кайып буюруп баш кошкон жубайы Наргиза Кадырбек кызы өзү менен кесиптеш болуп, экөө бир максатта, бир тилекте кол кармашып, жашап иштеп келишет. Кесиптеш болгондун жакшы жагы да, начар жагы да бар экен. Начар жагы кээде РИИБде иш кычап, экөөсү бирдей бошобой калган учурлар болот. Ошондой учурларда  балдар каралбай, үй оокаты кылынбай калат. Дагы жакшы, мындайда каралашаар адамдары бар экен. Ал эми жакшы жагын айтсак жубайлар иште бири бирине каралашып, жардамдашып турушат. Иштеринде кандай көйгөйлөр болуп жатканын жакшы билишкендиктен эрте келдиӊ, кеч калдыӊ деген маселе жок. Сүйлөшсө сөздөрү бир. Бул милиционерлердин үй-бүлөсүндө азыр төрт бала тарбияланып чоӊоюп келе жатышат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Нурлан менен Наргиза эки уулдуу болушкандан кийин жараткандан үчүнчүсүн кыз бере көр деп тиленишет. Бирок үчүнчүсү да уул болот. Болгондо да эгиз уул. Жараткан эгиз уулдарды ыйыктын ыйыгына берет деген кеп бар го элибизде. Нурлан менен Наргиза ошентип ыйык ата-эне аталып, эгиз уулдары Урмат менен Нурматты тарбиялап келе жатышат. Наргиза кээде тамашалап калат: “Дагы бир ирет төрөсөм эле футболдук команда болуп каласыӊар”- деп. Нурлан мырза өз сөзүндө “Элге чын дилден кызмат кылууну тагдыр да, жараткан да таразалай билет. Балким, эгиз уулдуу болушубузга элдин берген батасы тийгендир”- деди.

 

Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Алиев Нурлан Канатбекович ар бир кайрылууну кунт коюп угуп, ар бир жабырлануучуга сылык сөздөрүн айтып жубатуу менен бирге, алынган маалыматка жараша тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, иш үстүндө тынбайт. Ал эми Наргиза болсо азырынча эгиздерин карап үй жумуштары менен алектене, чоӊураактарынын кийим кечесин даярдап, мектепке жөнөтүп, сабагы бүткөндө кайра аларды тосуп алат.  Баары чоогуу отурган кезде коломтодо от күйүп, балдардын шаӊдуу күлкүлөрү жаӊырып, үй ичи шаӊга бөлөнөт.

 

Канатбек МАЖИЕВ, Булак: “Майдан. kg” гезити