Түшүмдүүлүгү жана даамы менен катуу өзгөчөлөнгөн күрүчтүн “кенже” сорту  Лейлек районунун Ак-Суу айылында гана өстүрүлөт.

 

Аталган айыл өкмөтүнүн негизги киреше булагы - дыйканчылык. Айыл өкөтүнүн 500 гектар суулуу жер аянтына жыл сайын толугу менен күрүч гана эгилет. Бул күрүч талаасынан күзүндө 1000 тоннадан ашуун түшүм жыйналат.

 

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы дээрлик ар бир үй-бүлө күрүч өстүрөт. Аймактан айтылуу чоң Ак-Суу дарыясы агып өткөндүктөн, шарты дагы күрүч өстүрүүгө гана абдан ыңгайлашкан. Ушул тапта аймакта массалык түрдө күрүч жыйноо өнөктүгү катуу кызыды. Маселен, күрүчтүн бир килограмы базар баасында 50-60 сомго бааланууда. 

 

Айыл өкмөт башчысы Алимбек Халмуратов алдыда күрүчтү Кыргызстандын башка аймактарына, а түгүл дүйнөлүк рынокко чыгаруу максатында күрүчтү таңгактоочу ишканаларды ачуу үстүндө иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Азыркы тапта Ак-Суу айыл өкмөтүнүн дыйкандары өндүрүшкөн күрүчтөрүн Баткен облусунун ички базарларына жана кошуна Тажикстанга соодалап жатышат. 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити