Лейлек районунун эң алыскы, ошондой эле чек арада жайгашкан Кулунду айыл өкмөтү калкка кызмат көрсөтүүнү электрондоштуруу жаатында алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырып келатат.
2018-жылдын 1-январынан баштап аталган айыл өкмөт кеңсесинде “Бирдиктүү терезе” системасы ишин баштады. Ушул тапта аталган система аркылуу калкты ыкчам жана сапаттуу тейлөө мыкты жолго коюлуп, жарандар үчүн эң ыңгайлуу шарттар жаратылды.
Бул программаны ишке ашыруу максатында аталган айыл өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмуна долбоор жазып, натыйжада аталган уюм пилоттук айыл өкмөтү катары колдоого алынып, адистерди окутуу менен, керектүү жабдуулар менен камсыздап, ар бир үй-бүлөнүн “Чарба китепчесин” иштеп чыгууга көмөктөштү. Чарба китепчеси 12 миң тиражда чыгарылып, ар бир үй-бүлөгө таратылган. “Бирдиктүү терезе” кызматынын ишке кирүүсү менен айыл өкмөтүнүн чарбалык китеби дагы электрондоштурулду. Тагыраагы, айыл өкмөтүнүн тургундарына жашагандыгы, үй-бүлөсү, малы, мүлкү жөнүндө тактаманы кыска убакытта, тагыраагы үч мүнөттүн ичинде берүүгө ыңгай жаратылды. Буга улай айыл өкмөттүн тургундарынын салыктарынын түрлөрү дагы эсептелип чыгарылууда. Айыл өмөтүнүн жер үлүшттөрүнүн, тамаркаларынын, малдарынын башы жана түрлөрү жөнүндө маалыматтары катталды. Айыл өкмөтүндөгү коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алууга шарттар түзүлүп олтурат. Жарандар алган маалымдамалар үчүн кол койдурууга айыл өкмөт башчысын жана жооптуу катчыны издеп такыр убара болушпайт. Бул жумуштарды бүт система өзү жеке аткарат. “Бирдиктүү терезе” кызматында төрт кызматкер иштеп жатат. Адистердин айтымында, учурда өз нугунда иштеп жаткан бул система өлкөнү санариптештирүү максатында ишке ашырылып жаткан “Түндүк” программасына дээрлик даяр. “Бирдиктүү терезе” учурда Кулунду айыл өкмөтүндөгү 26 миңге жакын калкты тейлеп жатат.
Булак: “Майдан. kg” гезити