А. Келдибеков:  Мен төрага болуп барганда эки күндөн кийин пенсияны ун, туз, тамеки менен бергенди токтотком.

 

- Акыркы саясий абалга жалпысынан кандай баа бере аласыз?

 

- Бүгүнкү саясий абалды бир топ туруктуу деп айтууга болот. Баары өз орду менен бара жаткандай. Ал эми шайлоо алдындагы иштер 5 айдан кийин активдешет деп ойлоймун. Элдин да көз карашы өзгөрдү. Шайлоонун “тагдыры” элдин колунда экенин коомчулук жакшы түшүнүп калды. Менин оюмча келерки парламенттик шайлоо башка шайлоолорго караганда өзгөчө болот.

 

- Атамбаевдин тарапташтарынын “өлкөдө репрессия жүрүп жатат”- дегенине кошуласызбы?

 

- Репрессия Алмазбек Атамбаевдин тушунда болгон. “Ата-Журт” партиясынын 16 мүчөсүн, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов жана башкаларды камашкан. Алар колуна курал алышып эч кимди аткан эмес эле. Алар өз үйлөрүн өз алдынча республика деп жарыялашкан эмес болчу. Ал эми азыркы учурда Кой-Таш окуясы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жасалган кылмыштар боюнча жоопко тартуу болуп жатат. 7-8-августтагы окуяларда атайын кызматтын командири каза болуп, бир нече киши жарат алды. Бул оор кылмыш жана факты. Ал эми экономикалык мыйзам бузуулар боюнча азыр кимдир бирөөнү күнөөлүү деп айтууга эртелик кылат. Анткени соттун чечими жок эч ким эч кимди күнөөлүү деп айта албайт.

 

- Айрымдар сизди “бакиевчи” кадр дешет…

 

- Мен Аскар Акаевдин учурунда министр болгонмун. Ошол эле Алмазбек Атамбаев, Курманбек Бакиевдер да Акаевдин тушунда жогорку кызматтарда иштешкен. Мен Сооронбай Жээнбековдон башка бардык президенттер менен иштештим.  Ал эми трайбализм ооруусу менен ооругандарга айтаарым, мен кайсы президент болбосун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенмин.

 

- Аскар Акаев ММКлардын бирине маек берип жатып “Соцфонд аябай кризиске жеткен болчу. Пенсияны ун, тамеки, галош менен берип калган эле. Ак үйгө күндө келип чыр салган Фомова деген аял түшүмө кире турган болгон. Ошондой учурда А.Келдибековду чакырып, ушул тармакты реформа кылганга күч жетеби?- деп сураганымда, Ахматбек Келдибеков кебелбей туруп “Жетет, Аскар Акаевич!” деп айткан. Айткан сөзүнө туруп Соцфонддо реформа жасай алды” деп айткан жери бар. Сиз Соцфондго төрага болуп дайындалып жатканда Акаевден эмнени сурагансыз?

 

- Ооба, Акаев айткан сөз чындык. Ал киши мени чакырып, “Соцфондго реформа кылуу керек. Менден кандай жардам керек?” деп сураганда, “мага эч ким тоскоолдук кылбасын”- деп сурагам. Аталган кызматка төрага болуп барганымда төрт ай пенсия берилбей, накталай акча түрүндө бере албай, туз, ун, тамеки менен берилип, шериктеш фонддорго миллиарддаган сом карыз болуп калган экен. Мен төрага болуп барганда эки күндөн кийин пенсияны ун, туз, тамеки менен бергенди токтотком.

 

Ошондо соцфонддогу кесиптештерим “Бул көп олтурбайт. Азыр 4 айдын пенсиясы берилбей турса, дагы 3-4 ай кошулат. Биз акча жок ун, туз менен жаап жатпайбызбы,”- дешкен. Бирок, бир жыл төрт ай дегенде пенсияны акчалай бергенге жетиштик. Бир жыл жети айда пенсияны ай сайын өз убагында бере баштадык. Мен төрагалыктан кетип жатканда 700 млн сомдон ашык акча эсепте калган.

 

Биз Каржы министрлигине кредит бере баштаганбыз. Соцфонддун тарыхында мындай окуя болгон эмес. Соцфонд өкмөткө баш ийбейт болчу. Аскар Акаев телефон чалып “Каржы министрлигине карызга акча берип кой. МВФдин көрсөткүчүнөн чыгып кетсин?” деп суранган. Анда Каржы министри Б.Абилдаев, Улуттук банктын төрагасы Сарбанов болгон. Муну алар дагы тастыктап бере алат. Ал эми салык кызматында иштегенимде өткөн айга салыштырмалуу 2 млн 300 миң сом аз түшүп калган деп соттошту. Атамбаевдин учурунда миллиарддаган акча түшкөн жок. Бул боюнча соттобойт, начар иштегенсиң деп кызматтан алат. Бир айда 2 млн 300 миң сом аз түшкөнү менен жылдын аягында 139 пайызга өсүш менен чыкканбыз.

 

Москвага парламенттин атайын өкүлчүлүгүн мыйзамсыз түздү деп каралады. Бул жалгыз гана менин чечимим эмес, жалпы депутаттар кабыл алган чечим. Атамбаев коррупцияга каршы күрөшө турган кызматты мыйзамсыз түзгөн. Андай кызматты түзүүгө анда эч кандай укук болгон эмес.

 

“Мезгил Ньюс”, Булак: “Майдан. kg” гезити