Өкмөт быйыл да кыш келер алдында Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирип келди.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдирүүсү боюнча, гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн өкмөт 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.
Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү.
Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргызстандын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Памирлик кыргыздар Кыргызстандын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана премьер-министрдин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.
Албетте, өкмөттүн бул аракети жакшы деңизчи, бирок жашоо-шартынын начардыгынан жана бир эле уруудагы туугандардын бири-бири менен куда-сөөк болуп, баш кошуусунан саны азайып, жок болуу алдында турган туугандарыбыздын көйгөйлөрү биротоло чечилсе жакшы болмок.
Булак: “Майдан. kg” гезити