Кечки саат тогуздарда Бишкек шаарынын тургуну, “Тек” фирмасынын 42 жаштагы директору П.Зайцев өзүнүн “Дэу Нексия” автомашинасы менен көп жылдардан бери соода-сатык менен эмгектенген 50 жаштагы досу  А.Елкинге бараткан эле.

Себеби досу таңга маал Израилге коммерциялык иштер менен учуп кетмек.

 

Ошол түнү саат он бир жарым он экилер чамасында Чүй ОИИБынын нөөмөт  бөлүмүнө Аламүдүн районунун Ленинск жана Луговое айылдарынын ортосундагы жолдо белгисиз 5-6 кылмышкер жолду тосуп, «Дэу-Нексия» автомашинасын токтотушуп, алдыңкы айнегин талкалап, айдоочусун сүйрөп чыгып эси оогончо сабашып, колу бутун таңып чуңкурга салып жиберишкендиги, ал эми айдоочунун жанындагы шериги да ур-токмокко алышып, өзгөчө мыкаачылык менен сабашып, кийимин чечип, жанындагы 15 миң америкалык долларын жана Тель-Авивге барып кайра келе турган авиабилетин жана паспортун алышып, талкаланган машинаны айдап ал жерден качып жок болушкандыгы тууралуу маалымат түшөт.

 

Аталган кылмыш иши боюнча Чуй ОИИБынын жана Аламүдүн РИИБүнүн оперативдүү-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, кылмыштын бетин ачуу боюнча иш-чараларды ыкчам жүргүзө башташат.  Оперкызматкерлердин алдында эки версия турду. Биринчиси бул өтө мыкты уюшулган банданын же бизнесмендердин атайлап уюштурган иши, экинчиси, экөөнүн бири бандиттер менен тыгыз байланышта.

 

Кылмыштын бетин ачууга  тажрыйбалуу кызматкерлер тартылды. Акыры, көп жылдардан бери кылмыш иликтөө кызматында иштеп келаткан, тажрыйбалуу оперкызматкер, Чүй ОИИБынын КИБүнүн ага оперуполномочени, милициянын капитаны Жамангул Жунусов аталган кылмышты өзүнүн тынымсыз аракети менен ача алды. Ал жардамчысы, милициянын старшинасы Бахтияр Юнусов менен бирге түн бир оокумга чейин окуянын жүрүшүн иликтеп, таң агарган убакта кылмышкерлердин айрымдарын колго түшүрүп, кылмыштын бетин ачууга жетишишти.

 

…Окуя мындайча болгон. Алар төртөө болчу. П.Зайцев, А.Елкин, Т. Твиладзе жана С.Коровкин. Бул төрт дос көп жылдардан бери чогуу соода-сатык кылышып, буттарына турушуп, бардар жашашчу. Өзгөчө үчөө П.Зайцевге  көп жардам беришип, жакшылыктарын аяшчу эмес. Күндөрдүн биринде Сергей Коровкин Анатолий Елкинге коммерциялык иш боюнча «Тель-Авивге  барып кел, сенин ал жакта туугандарың бар эмеспи, биротоло учураша келесиң» деп калат. Ортодогу сөз С. Коровкиндин «Ай» кафесинде болуп өтөт. Ошол жерден Петр Зайцев А.Елкинди Алматыдан өзү барып салып келе тургандыгын айтат. Анын арам оюнда эмне жатканын эч ким шекшибейт. Төрт дос жүз граммдан ичип тарашат….

 

Петр Зайцев коммерциялык максатта корей улутундагы коммерсант тааныштарынан 14 миң доллар карыз алып, убактысы өтүп кетип, доочулар май айына чейин деп акыркы мөөнөттү берип, коркутуп кетишкен болчу. Акчаны азыр кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү П. Зайцевде жок эле. Ушундай кысталышта жогорудагыдай жагдайдын пайда боло калганы П.Зайцев үчүн оңдой берди болду. Ал үйүнө келип аялы менен кеңешип, мындай мүмкүнчүлүктү пайдалануу керектигин кабарлайт. Болжогон күн келгенде П.Зайцев уулу Владимирге акча берип, иштин жайын түшүндүрөт. Ал жолдошторун топтоп, апасы экөө аялдардын эски колготкисинен  маска жасашып, камылга бүткөн кезде атасы экөө Луговой айылына барышып, кайсы жерде каракчылык жасала тургандыгын тактап кайтышат.

 

Ошентип, түнкү саат 11ге чукулдап калган учурда Бишкек шаарынан чыккан чет элдик автомашина чоң жолдо зуулдап баратты. А.Елкин алдыда боло турган каракчылык жөнүндө түшүнүгү да жок болчу. Көз алдына эртеңки Тель-Авивдеги ишкер  жолугушуулары, туугандары элестеп бараткан. Ленинск айылынан өткөндөн кийин П.Зайцев жолдо машина жок болсо деле светти өчүрүп күйгүзүп, тартпай жатат деген шылтоо менен ылдамдыкты азайта баштады. Аңгыча эле жолдун чок ортосунда маскачан 5-6 каракчы пайда болду. Машина токтоор менен айнектерди тьалкалап, айдоочуну сүйрөп чыгышты. Анан кезек жанындагыга келди. Калган окуя жогоруда сөз кылгандай болуп аяктады. Кылмышкерлер талкаланган машинаны айдап кетишип, «Нарбото» базарынын ойдө жагындагы таштаныга таштап кетишкен.

 

Тажрыйбалуу оперкызматкердин так жана ыкчам иликтөөсүнөн кийин кылмышкерлер П.Зайцевдин уулу 19 жаштагы Владимир, Бишкек шаарында жашаган досу, 19 жаштагы Денис Пешков, айыл чарба техникумунун 3-курсунун студенти, 18 жаштагы Евгени Василенко жана Ош облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну 14 жаштагы Кубанычбек Атабаев дегендер болуп чыкты. Алар тоноп алышкан 15 миң доллардын 13 миңи  П.Зайцевдин үйүнөн катылуу жерден табылды.

 

Акча баарынын түбүнө жетти. Атасынын айынан гүлгүн курак кезинде уулу темир тордун артына түштү. Өзү эле эмес энөө курактагы өзүнүн досторун кошо ала кетти.

 

Б.Сейитов, Н.Жолдошев

Булак: “Майдан. kg” гезити