Өзбекстан менен Кыргызстандын бийлиги алмашкандан бери ортодогу муздай тоңгон мамиле ээрип, карапайым калктын жашоо-шартын жакшырткан бир топ алгылыктуу иштер жасалууда.
25-сентябрда Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда автобустук каттамы жанданган. Анын акысы 100 сом деп белгиленген.
Бул жумада болсо Кызыл-Кыя - Фергана - Кызыл-Кыя эл аралык автобустук каттамы ачылып, ишин баштады. Бул тууралуу Автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы билдирди.
Каттамдагы алгачкы автобустарды Кызыл-Кыя шаарынан мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары узатып, Ферганада Өзбекстандын президентинин өкүлү, Фергана облусунун администрациясы жана район акимдери шаан-шөкөт менен тосуп алышты.
Алгачкы жүргүнчүлөрдүн жол акысы акысыз болду. Калган күндөрү жол кире 65 сомду түзөт. Каттамды чоң жана кичи автобустар ишке ашырат. Күнүнө төрт каттам болот, транспорттор саат 09:00дө, 10:00дө, 14:00дө жана 15:00дө Кызыл-Кыя шаарынын автобекетинен жөнөп кетет.
2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү татаалдашкан. 2016-2017-жылдардан тарта эки өлкөнүн президенттеринин, премьер-министрлеринин жолугушууларынан кийин карым-катыш кайра жанданган.
Ылайым эле мазары менен базары бир эки элдин карым-катнашы жакшыра берсин.
Булак: “Майдан. kg” гезити