Иш жакшы
Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын кандай иш-чараларды уюштуруп келе жаткандыгы боюнча гезитибизден кабарыңыздар бар.
Дагы бир жолу Коомдук комиссиянын курамын эске салалы: комиссияны “Ак калпак” саясий партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев жетектейт. Анын курамына тубаса демократ Рамазан Дырылдаев, саясат илимдеринин доктору Табылды Акеров, жазуучу-публицист Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмерлер Мукаш Мамбетов, Кубан Дуйшеевдер, укук коргоочу Таалай Мадаминов ж.б. кирген.
Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө мурда көрсөтүлгөн “ватсап-канал” жана электрондук дарекке карапайым кыргыз элинен жүздөгөн кайрылуулар келип түшкөн: “Иштиктүү материалдар абдан көп болууда. Элге ыраазыбыз, абдан активдүү катышууда. Бардык кайрылуу каттар анализденип, тийиштүү жыйынтыкка таасир этет”.
Коомдук комиссия эртең, 3-октябрда, саат 15.00дө “Парк отелде” эксперттер менен жолугушуу өткөзөт. Ага бардык эл келечегин ойлогондор чакырылат.
Улукбек Маматаевдин: “- Кыргызстандыктар комиссиянын иши боюнча өз ой пикирлери менен бөлүшүүнү же маалымат берүүнү, кимдир-бирөөсү комиссиянын жыйынына катышууну каалашы мүмкүн. Каалоочулардын баардыгы жазуу жүзүндө же 0508 890202 телефон номерине (ватсап да бар) чалып билдирсе болот”- деген жарыясын кайрадан сиздерге билдирип жатабыз.
Эмне дейбиз, иш ыргагы жакшы. Кой-Таш окуясы орун алганда ар бир кыргыз баласынын жүрөгү тилинген. Ал окуяларга объективдүү чекит коюу менен биз тарых муундардын алдында алар үчүн чындыкты калтырып кетебиз...
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити