Оюндар жыйынтыкталар алдындагы жакшы жышаан 21-сентябрда Таластагы Улуттук “Манас-Ордо” комлексинде Кыргызстандын тарыхындагы биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.

Буга чейин Кыргызстан Ысык-Көлдүн жээгинде үч ирет дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп, дүйнөгө таанылса, бу жолу республикабыздын 7 облусунан, эки борбор калаасынан келген 700дөн ашык оюнчулар бабаларыбыздан калган оюндардын 10 түрү боюнча бир жумадай күч сынашты.

 

Жалпы эсеп боюнча 1-орунду Таластын, 2-орунду Бишкек шаарынын, 3-орунду Ысык-Көл облусунун спортчулары ээлешти, биз аларды чын жүрөктөн куттуктап, келерки жылдагы 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да чоң ийгиликтерге жетишип, жалпы республикабыздын эсебине чоң үлүштөрүн кошууларын каалайбыз. Оюндардагы эң чоң саясый окуя - анда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү болду. Ал андан бир күн мурда Оренбург облусуна Россиянын жетекчилигинин чакыруусу боюнча барып, президент Владимир Путин менен жолугушуп келген. Республикабыздын президентинин маанайынын өтө эле жакшы, ачык болуп, ал айрым ырларды коштоп ырдап турганына караганда анын В.Путин менен жолугушуусу өтө ийгиликтүү болгондой. Аны менен талкууланган маселелердин баары ачыкка чыгарылбады, дүжүр комментариялар эле берилди, албетте, мамлекет башчылары күнүмдүк майда маселелер үчүн чоң делегациялардын курамдарында жолугуша бербейт, аларды өкмөттөн төмөнкүлөр деле чече беришет, анда токтоосуз бир чечимге келүүнү күткөн тагдыр чечерлик бир маселенин талкуулангандыгы шексиз.

 

Эмнелерди жоромолдосок да Тажикстандын чек арачылары менен биздин чек арачылардын ортосунда кагылышуу болгондон көп өтпөй эле Россиянын президентинин биздин президентибизди чакыруусу, аны самолёттун трапына чейин узатып келгендиги көптөн үмүттөндүргөн жакшы жышаан экендиги шексиз. Же чын эле Россия республикабыздын түштүгүнө дагы бир аскердик базасын жайгаштырышы же Канттагы авиабазаны ал жакка көчүрүшү мүмкүн деген божомолдордун бири ишке ашар болду бекен?..

 

Күтө турсак, аны да көрө жатарбыз. Эл канчалык көп аралашса, биримдик, ынтымак ошончолук бекемделет Эми түздөн түз өз темабызга кайрылсак, “Манастагы” эң башкы идея - жалпы элдик биримдик менен ынтымак экендигин жакшы билесиздер. Алар океандай кеңирсиген улуу эпосубуздун өзөгүн, окумалдардын тилдери менен айтканда, квинтэссенциясын түзөт. Ата уулудан түк койбой, Алды Манас чакырып: “Алтайда жаткан эл”-деди. Аяк башың жыйналтып, Эсебиң канча бер”- деди. Эл жыйылып келгени: Башка уруктан маңгул бар, Баатыр Жайсаң даңгыл бар Күлдүр, Калдар беги бар, Манжурия журтунан Бала Мажик беги бар, Баштатан Дөгөн кары бар. Андан бөлөк биякта Алтайлыктын баары бар. Алчын, үйшүн, найман бар, Аргын, Каракожо бар. Абактардын ичинде Айдаркан баатыр кошо бар, Кыргыздардан Саламат, Кыпчактардан Чечен таз, Ногой уулу бай Жакып, Нойгуттардан Акбалта, Тотудан барган Токто бий. Лөкүштөрдөн Өмүрзак, Өзбектен Дамулда, Өткүр чечен Абдылда,- деп айтылат элди маанилүү иштерге чогултуу “Манаста”.

 

Биз жогоруда айтылган жана айтылбай калган элдердин, уруулардын тукумдарыбыз. Алардын бирдиктүү элге айланган өкүлдөрүнүн Манастын жергесине чогулуп, республиканын тарыхындагы биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарын баштап беришкендери жакшы жышаан. Мамлекет башчысы адегенде эле өз сөзүндө мына ушуга негизги басым жасады. “Айкөл Манас атабыз жердеген, кут даарыган Талас жергесинде биринчи республикалык көчмөндөр оюндарын өткөрүп, аны жыйынтыктаганы турабыз, - деп баштады сөзүн ал. - Бүгүн кыргыз элинин бирдимдигин, бир эл, бир журт экендигин даңазалаган тар ыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатабыз”. Жөрөлгөнүн убагында демилгеленип, ишке ашырылып жаткандыгында шек жок. Биринчиден, азыркы мезгилде спорт - ынтымак менен биримдикти бекемдөөнүн символу, экинчиден, эл ар кандай иш чаралардын, табийгый маданий, миграциялык ж.б. процесстер аркылуу канчалык көбүрөөк аралашса, биримдик менен ынтымак ошончолук бекемделери да тарыхта ырасталган. Бирок, иш чараларды трафаретке айландырып жибербестен аны улам байытып, өркүндөтүп турууну да ойлоо зарыл. Ал эми ынтымак, биримдик маселесинде чыныгы үлгү көрсөтүү - Манас бабабыздын жердештери, түздөн түз тукумдары болгон таластыктардын милдети болуп саналат. Тарыхый артыкчылык, оомат сыймыктанууга гана негиз болбостон - ошончолук жоопкерчиликти, милдетти жүктөөрүн да эстен чыгарбоо керек.

 

Президент “Манас эпосун дүйнөлүк коомчулук бүткүл адамзаттын руханий жана тарыхыймаданий дөөлөтүнүн бири катарында тааныгандыгын эске салды. Мындан 24 жыл мурда так ошол жерде “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы бир нече өлкөнүн жетекчилеринин катышууларында өткөрүлгөндүгү эсибизде. Эпосубуз көркөм дөөлөт катарында дүйнөлүк маданиятка, аң сезимге кирген менен бабаларыбыздан калган оюндарды дүйнөлүк коомчулукка пропагандалап, жеткирүү мындан беш жыл мурда гана башталды. Келечекте алардын айрымдары: маселен, эңиш, күрөш, ордо, тогуз коргол сыяктуулары олимпиадалык оюндарга киргизилсе кандай сонун болмок! Эгерде көчмөндөр оюндары кеңири жайылтылып, күйөрмандары көбөйө берсе, эртели кеч ал маселе көтөрүлбөй койбойт. Ал үчүн аларды көбүрөөк популяризациялоо гана керек. Дүйнөдөгү элдердин бардыгы бир убакта көчмөндөрдөн болушкан, ар этнос өзүнүн унутулуп бараткан же биротоло унутулган менен тарыхта калган бирден оюнун реанимациялап, сунуш кылса, алардын баары болбосо иргелип отуруп, бир бөлүгү дүйнөлүк спортко кирмек. Жолунанбы же ооматтанбы? Адатта бир массалык иш башталганда абаырайы да ачылып, элдин маанайын арттырганга кошумча болуп турса, аны баштагандардын жолу жакшы экен деп коюшат. 12-14-сентябрда республика боюнча жаан жаап, аба сууп, айрым жерлерде кар да жааса, 15-сентябрдан күн ачылып, чыныгы коңур күздүн илеби уруп турганы оюндарга катышкандарга да, аларды көрүүчүлөргө, уюштуруучуларга да жакшы болду. Эгерде нөшөрлөр оюндар аяктагыча уланып, боз үйлөрдүн аралары, ат оюндары өткөрүлчү жерлер ылайларга, баткактарга айланып, суук элди үшүтсө, чындыгында эле кыйын болмок. Андай боз үйлөрдүн ичтерин суу каптап, баткактан адамдар баса албай калган мааракелерди да көрбөдүкпү.

 

Бул жагынан алганда оюндарды биринчи ирет өткөрүп жаткан таластыктарды, аны демилгелеген жетекчилерди, көргөнү баргандарды чындыгында эле кудай колдоду. Алардын чындыгында эле жолдору ачык экен. Касиеттүү Талас, президент Сооронбай Жээнбеков айткандай, Манастын гана эмес, экинчи рухий туу чокубуз Чыңгыз Айтматовдун да кичи мекени. Алардын кичи мекенинде жети дубандан, эки борбордон баргандар чындыгында эле бир жума бою элибизге эстен кеткис ырахат тартуулашты. Оюндардын экинчи жарымы кечкисин концерттик программалар менен да коштолуп турду. Ал эми оюндардын жабылышы, андагы коцерттик программа бардыгыбызды кубандырды. Айрымдар өздөрү каалаган аткаруучуларды көрүшпөгөндүктөрүн да айтышты. Чындыгында концерттин финалы андагыдан башкачаарак аяктаса, же арман ыр менен эмес, “Кыргыз жерим” же “Кыргызстан” сыяктуу шаңдуу ырлар менен аяктаса кыйла таасирдүү мазмундуу болмок.

 

Анан көчмөндөр оюндарынын аймактарда өткөрүлгөн концерттик программаларына борбордогу белгилүү аткаруучуларды чакыруунун зарылчылыгы жок. Мүмкүн, борбордук аткаруучу эң акыркы номер үчүн эле керектир. Концерттик программалар жергиликтүү таланттардын күчтөрү менен гана даярдалса, кыйла кызыктуу болот, алардын андан аркы чыгармачылык өсүштөрүнө оң таасирин тийгизет. Кеңири элге белгилүү болбогон менен мыкты аткаруучулар жер-жерлерде толуп жатат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити