Заман ушундай...

 

Атамбаевдин жансакчыларынын башчысы болуп жүргөн Канат Сагынбаев УКМКнын 9-кызматындагы (мамлекеттик кайтаруу кызматы) жумушунан бошотулду.

 

Адвокат Замир Жоошев анын кызматтан алынуусунун себебин Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган видеого тартылганына байланыштырды. А бирок УКМКнын буга өз себеби бар болуп чыкты. Аталган мекемеден билдиришкендей, Сагымбаев ички эрежелерди сактабай койгон. Ал куралды тапшыруудан баш тарткан жана журналисттер менен сүйлөшүүгө барган. Бул коопсуздук кызматынын ички тартибине ылайык келбейт.

 

Атамбаев 17-сентябрда 63 жашка чыккан. Ал тоң моюндук кылуу менен айланасындагы бир катар адамдарды кызматынан бошотулуусуна, темир тор артына кетүүсүнө жеткирсе, эми минтип абакта жатып да туулган күнү аркылуу бир кызматкердин ишсиз калуусуна өбөлгө болду.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити