Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар чек арадан аскердик техникаларын алып чыгып кетти.
Тажикстандын Гафур районунун Овчи Калача калктуу конушунун башчысынын орун басары Абдухамид Одинаев сүйлөшүүлөр 19-сентябрь күнү кечке жуук аяктаганын билдирди. Мындан кийин тараптар чек арадагы аскердик техникаларын жана кошумча аскердик күчтөрүн алып чыгып кетишкен. Одинаев жаңжал болгон аймакта абал тынч экенин, жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайтканын кошумчалады.
Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү дагы “Настоящее время” телеканалына чек ара линиясынан аскердик күчтөр чыгарылганын маалымдады.
Бул 17-18-сентябрда эки өлкөнүн премьер-министрлеринин деңгээлинде өткөн сүйлөшүүнүн негизги шарттарынын бири болгон. Мындан тышкары кыргыз тарап байкоо салган мунараны алууну, тажик тарап курулуш ишин токтотууну макулдашкан.
19-сентябрда Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын жабык талкуулаган. Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев журналисттерге интервью берип, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү оңой болбогонун айтты: “- Ар бир тарап өзүнүн дооматтарын, талаптарын койду. Талаштар көп болду. Бирок бул маселе чечилди деп айтсак болот. Негизги максат - абалды жөнгө салуу болуп, 14-сентябрга чейинки абалга кайтуу боюнча эки тараптуу чечимге келдик. Талаш болуп жаткан жерде бизде Максат айылында, тажик тараптан Овчи-Калачада биргелешип күзөт жүргүзүү, кимден күнөө кетсе чара көрүү макулдашылды”.
Булак: “Майдан. kg” гезити