Кой-Таш окуясын иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын иши 15-октябрга чейин узартылды.

 

Мамкомиссиянын мүчөлөрү өткөн жыйында ички иштер министринин орун басарлары Памир Асановдун жана Алмаз Орозалиевдин, ошондой эле коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин жана УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматын угушкан.

 

23-сентябрда өткөн жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылган, бирок эл өкүлдөрү катышуудан баш тартышкан.

 

Комиссиянын бир катар мүчөлөрү комиссиянын кийинки көчмө жыйынын Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү сунушташты. Мында депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова менен жолугушуу күтүлүүдө. Бул сунуш комиссиянын өкүлдөрү арасында колдоо тапты.

 

Жыйында аскердик прокурор Нуркамал Набиев, Башкы прокуратуранын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев Жогорку Кеңештин №3218 токтомун аткаруу боюнча маалымат беришти.

 

Жыйындын жүрүшүндө обьективдүү жыйынтык чыгаруу үчүн бардык кызыкдар тараптарды угуу максатында Мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартуу маселеси көтөрүлүп, колдоо тапты. 

 

Комиссиянын мындан мурдагы жыйынында УКМКнын экс-төрагасы А.Сегизбаев менен Президенттик аппараттын мурдагы иш башкаруучусу Т.Коеналиевдер көрсөтмө беришкен. Анын жүрүшүндө А.Сегизбаев Атамбаевдин тарапкерлерине бука союп бергендигин моюнга алган жана бул аракетин моралдык колдоо деп айткан. Бул жагдайды комиссиянын мүчөсү И.Исаков “моралдык эмес, материалдык колдоо” катары баалаган.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити