Ушул жуманын дүйшөмбү күнү, 16-сентябрда Талас облусунда Көчмөндөр оюну башталды.

Бирок бул маараке быйыл дүйнөлүк эмес, республикалык гана масштабда өткөрүлүүдө. Анткени былтыр, 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков үчүнчү ирет өткөрүлгөн дүйнөлүк деңгээлдеги Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземинде эстафетаны Түркияга берип жатып, ушундай деп айткан. Ошого жараша быйыл дүңгүрөгөн ачылыш да болгон жок.

 

Болгону Улуттук көчмөндөр оюндары расмий ачылышы жок спорттук иш-чаралар менен гана башталды. Андыктан дароо эле спорттук оюндар старт алынды.

 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловдун айтымында, оюндардын ачылыш жана жабылыш аземи бир эле күндө өтөт. “16-сентябрда спорттук оюндар башталат. 19-сентябрда "Манас Ордо" комплексинде маданий иш-чаралар өтөт. 21-сентябрды расмий күн деп жатабыз, ачылыш-жабылыш аземдери бир күндө эле болот”,- деди Жамангулов.

 

Ал ортодо Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги спорттук иш-чаралардын программасын даярдаган. Ага ылайык, Улуттук көчмөндөр оюндары көк бөрү боюнча мелдештерден башталып, улакчылар күн сайын Райкан Алканов атындагы ат майданда таймашат.

 

18-сентябрдан тартып оюндар бүткөнгө чейин ордочулар күч сынашат. Ал эми Талас шаардык окуу интернатында тогуз коргоолчулардын жарышы өтөт. Кыргыз күрөш 20-сентябрда башталып, жеңүүчүлөр ошол эле күнү сыйланышат. Көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш, салбуурун, ордо оюндары боюнча финалдык мелдештер 21-сентябрга белгиленген. Алыш белбоо күрөшү боюнча балбандарды сыйлоо аземи “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

 

Лейлек районундагы чек ара чырына байланыштуу Таластагы Көчмөндөр оюнуна мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары да катышпай калууда.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити