Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупция жалпы элдик көйгөйгө айланып, коррупционерлер бийликти байлык топтоонун жолуна айландырып алганын белгиледи.

 

Президент Ак-Талаа районунда актив менен жолугушууда анын тамырын кыркуу ыкмасынын бири катары коррупция тууралуу маалымат берген жарандарды коргоо тууралуу мыйзам күчүнө киргенин эске салды. Бирок коомчулукта бул мыйзам ишке киргени менен натыйжа бербей, учурдагы коррупциялашкан мамлекеттик башкаруу тутуму ага тоскоолдук кылып жатканы сынга алынды.

 

Коррупцияга каршы көрүлчү чаралар

 

Президент Сооронбай Жээнбеков сот-укук реформасынын алкагында эми тергөө жана сот жараяндары санариптик негизде ачык-айкын жүрүп, укук коргоо жана сот тармагындагы коррупциянын деңгээлин азайтуу боюнча чаралар киргизилип жатканын айтты. Ал бирдиктүү реестрге катталган иштерди каалаган учурда ачып, каалаган мезгилде жаап коюу мүмкүн эмес экенин белгилеп, аны коррупцияга каршы күрөштөгү негизги чаралардын бири катары баалады. Коррупциянын арты менен мыйзамсыз байыган өнөкөт аткаминерлер арасында кеңири жайылганын айткан президент Сооронбай Жээнбеков ага каршы чаралар ишке кирип жатканына басым жасады: “- Бийликке келгендердин көпчүлүгү өлкөнү өнүктүрүш үчүн эмес, мамлекеттик бийликти жеке кызыкчылыгына колдонуп, байлык топтоонун жолуна – “бизнеске” айлантып жиберишкен. Өлкөдөгү коррупциянын деңгээли биз ойлогондон да жогору болуп, кеңири кулачын жайган экен. Мына азыр көптөгөн фактылар ачылып жатат. Жакында дагы көп фактылардын бети ачылат. Коррупцияны жоюш үчүн санариптештирүүнү киргизүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү боюнча катуу талап коюп жатабыз. Бул иштер ордунан жылууда. Салык тармагына фискалдаштыруу тутумун киргизүү менен көмүскө экономиканы азайтабыз. Коррупцияга каршы күрөш ушундай чаралардын негизинде өз жыйынтыгын берет”.

 

Баканооздукту коргоочу мыйзам: натыйжа барбы?

 

Ошол эле кезде президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш коомдук колдоого муктаж болорун айтып, аны натыйжалуу жайылтыш үчүн коррупциялык кылмыштар тууралуу билдирген жарандарды коргоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, иштей баштаганын эске салды. Ал мыйзам былтыр жыл аягында парламентте кабыл алынып, 29-январда ага президент кол койгон. Энергетика тармагындагы ири коррупциялык чиймелер боюнча көп жылдан бери өз алдынча иликтөө жүргүзүп келген жарандык активист Сапар Аргымбаев быйыл жазында коррупциялык фактылар тууралуу билдирип, бирок ушуга чейин жыйынтык чыга элек экенин мисал келтирди: “- Бул мыйзам кандай иштей турганын сынап көрүш үчүн мен быйыл февраль айынын орто ченинде ага чейин иликтеп жүргөн, энергетика тармагынан 100 миллиондогон сом акча каражаты чыгарылып кетип жаткан коррупциялык амалдар тууралуу президентке, Башкы прокуратурага жана Коррупцияга каршы күрөш кызматына документалдык далилдердин негизинде билдирүү жөнөткөн болчумун. Бирок ошондон бери беш айдан ашуун убакыт өтсө да менин ал билдирүүмө ынандырарлык жооп болгон жок. Ал коррупциялык амалдар иликтенип, андан бир жыйынтык чыгарына көзүм жетпей калды. Президенттин максаты, тилеги жакшы болсо керек. Бирок анын айланасында ошондой коррупциялык айла-амалдар тууралуу маалыматтарды иликтөөгө мүмкүнчүлүк бербеген коррупционерлердин “узун колдору” турганынан шегим калбай калды. Ошолор ишти ары жылдырбай, артына кайтарып турат экен”.

 

Маалымат бергендер өздөрү айыпка жыгылганда

 

Жарандык активисттер коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кабарлаган күбөлөр мамлекеттен сыйлык алмак турсун, тескерисинче, жазага тартылган учурлар бар экенин кошумчалашты. “Азаттыктын” “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүндө кабыр үчүн жер тилкеси кызылдай акчага сатыла турганы боюнча маалымат берген андагы эки кызматкер быйыл жазында акчалай айыпка жыгылган. Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн мурдагы кызматкери Максат Баялиев ошол жагдай тууралуу буларга токтолгон болчу: “- Калыстык болбой жатат. Биз болгон нерсени ачыкка чыгарып, айтып бергенбиз. “Колуңардан эмне келет?” деп 10 миң сомдон айыпка жыгып коюшту. Сот 2далилдеп бергиле” деди. Акча алып жаткан жерин эч ким видеого тартып ала албайт. Азыр деле кабырлар сатылып жатканын элдин баары эле билет”.

 

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев соттун ал чечими боюнча төмөндөгүдөй мүнөздөмө берген: “- Бул коррупция, мыйзамсыздык менен күрөш эч кимге таасир этпей жатат деген белги. Ал жогорку жакта сөз болот, аны эч ким аткарбайт, укпайт, тоготпойт. Азыр “көр сатылбайт” десең эч ким ишенбейт. Мүрзө кызылдай акчага сатылып жатканын журналисттер айтууда. Ошону ачык айтып чыккан адамга айыппул салгандан кийин көпчүлүктүн коррупция менен күрөшүүгө ниети жоголот. “Коррупция жөнүндө айткандарга сыйлык беребиз” дешет. Анан айткан адамдарды айыпка жыгышат”.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сыяктуу органдарынын астында кылмыш жасалганы тууралуу маалымат берген жарандар менен иш алып барган, күбөлөрдү коргоо боюнча бөлүмдөр бар. Бирок бул органдар жарандардын коррупция тууралуу кабарлаган учурлары жана аларды коргоо чаралары боюнча маалыматтар айтылбай турганын жүйө келтирип, жалпылама отчет тиешелүү органдарга гана бериле тургандыгы көрсөтүлдү.

 

УКМКнын басма сөз борбору коррупция тууралуу кабарлаган жарандар тууралуу жалпылама маалымат алыш үчүн суроо-талап жөнөтүүнү талап кылып, бирок ага кандайдыр бир убакыттан кийин гана жооп бериле турганын билдирди.

 

Сөз менен иштин дал келиши

 

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев президенттин сөздөрү кынтыксыз экенин айтып, бирок анын сөз жүзүндө же кагаз бетинде кала бербей, ишке ашыруу маанилүү экенин кошумчалады: “- Президент Сооронбай Жээнбековдун Ак-Талаада мыйзамсыз байыган аткаминерлер, коррупцияга каршы күрөш тууралуу айткан сөздөрүнө толук кошулам. Абдан туура айтты. Бирок президентке ошол айтылган нерселерди иш жүзүндө көрсөтүүгө ким жолтоо болуп жатат? Айтылган сөздөр айтылып кала берет. Бирок алардын бүт бардыгын тандаган, дайындаган, койгон, кызматтан алган мамлекет башчысынын өзүнүн колунда турат да! Андыктан ал киши коррупцияга каршы күрөштү жана аткаминерлердин арасындагы мыйзамсыз байыган көрүнүштөрдү иш жүзүндө көргөзүп, өзү айткан чаралардын натыйжалуу колдонулушун көргөзүп берүүгө тийиш. Мына ошондо гана элде бийликке карата ишеним пайда болот. Анан жөн эле айтылып кала берсе, анда буга чейин айтылып жүргөн бир сөз катары элдин арасында да, укук коргоо органдарында да сүйлөгөн сөзүнүн таасири калбай калат. Ошондуктан президент иш жүзүндө көргөзүшү керек».

 

“Коррупция тууралуу кабарлаган тараптарды коргоо тууралуу мыйзам” коррупциялык кылмыштар боюнча укук коргоо органдарына билдирген жарандарды куугунтуктоонун алдын алат. Ошондой эле ал мыйзам аталган жарандарга келтирилген зыянды ордуна коюунун эсебинен акчалай сыйлык берүүгө кепилдик берет.

 

Кубанычбек Жолдошев,

"Азаттыктын" иликтөө журналисти.