Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 22-июль күнү тарапташтары менен жолугушуу учурунда Орусияга ушул жуманын шаршемби күнү, так айтканда, бүгүн барышы мүмкүн экенин билдирди.

Бирок кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок.

 

“Бүгүн дүйшөмбү, балким шаршембиде кетем. Кайсы жактан, кантип кетем чакырып жаткан тарап чечет. Эки күнгө барып келем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

 

Азырынча расмий органдар да, ал тургай узун кулактар менен имиштен окуяларды ойлоп тапчу ушакчылар деле экс-президенттин Орусияда ким менен жолугуп, кандай маселе талкууланарын айтмак тургай, божомолдошо элек. Бирок, бизге жеткен айрым маалыматтарга ылайык, ал президент Путиндин тапшырмасы менен Кремлдин өтө таасирдүү чиновниктери менен жолугуп, экс-президенттин мындан аркы кадамдары талкууланат. Ал тургай Орусияга журт которушу, өзүнөн мурдагыдан мурдагы президент Аскар Акаев менен кошуна жашап калары да ажеп эмес.

 

Биздин президенттерден айырмаланып, алысты көрө билген орус президенти эгер Атамбаевди алып кетпесе, анын тегерегиндеги ызы-чуу өлкөбүздө туруксуздукту жаратып, анын арты менен АКШ баш болгон ЕАЭБ аймагына өрт коюуну пландаштырып жүргөн үчүнчү күчтөр АШАны ошондой куралга айландырып жиберери да толук мүмкүн. Ал эми Кыргызстанда бир эмес, эки кандуу революцияны уюштуруп, бийликке келген Атамбаев эски досунан өч алуу үчүн эл менен мамлекеттин бейпилдигин бузуп, тобокелге салбайт деп айтууга ооз барбайт. Ансыз моюнуна сыйырмак тагылгандай абалда калган Атамбаев Москвага жөн эле барып келгендей, ал жакта суутуп коюппу.

 

Сыягы, өткөн жумада президент С. Жээнбеков Швейцариядан келатып, Москвага кайрылып, Путин менен жолукканда ушундай таклипке макул болгон окшойт...

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити