Мени ук!

 

- Мурдагы президенттин адамдарды талдай билүүгө жөндөмү жок, ошондуктан аны көп адамдар көп жолу сатып кетишти. Ал өзү бийликтен түшкөндөн кийин эле бир кездеги санаалаштары сатып кеткендей айтып жатпайбы. Жок, андай эмес, ал киши саткынчылыкка эзелтен эле жолугуп келатат. Мисалы, азыр Кой-Таштагы Элдик штабды жетектеп жаткан Кыяз Смалиев КСДП үчүн эң оор мезгилде “Ак Жол” партиясына өтө качкан.

 

 2009-жылы президенттик шайлоо учурунда мен Атамбаевдин талапкерлигин колдоп, шайлоо штабында үгүтчү болуп иштегем. “Форум” гезитин, брошюраларды, баракчаларды элге тараткам. Шайлоодо Бакиев жеңишке жетишти. Атамбаев дароо эле ал шайлоону мыйзамсыз атады. Биз “Форумдун” жанына митингге чогулдук. Бир канча убакыттан кийин Кыяз Смалиев келип, КСДПнын Аламүдүн району боюнча өкүлү боло албастыгын айтты, анткени “Ак Жол” партиясына кетип жатыптыр. Атамбаевди ал мунун баары биздин кызыкчылыгыбыздагы иш экенине ынандырды. Ал жактан бизге маалымат жеткирип турмай болду.

 

2010-жылдын 7-апрелинде Смалиев кайрадан Атамбаевдин тарапташтарынын арасына кошулду. Ошол жылдын май айында мен андан: “Сен президенттик шайлоодон кийин “Ак Жолго” кетпедиң беле?”, -деп сурадым. Суроом аны негедир ачуулантты, сөгүнүп, кол көтөрүүгө чейин жетти. Мен ошондо көзүнө муштумум менен соктум, көзү көгөрүп калды. Буга күбөлөр да бар. Баса, ал апрель окуясынын жабырлануучусу катары да эсептелип жүрөт.

 

Мына ушул мисал Атамбаевдин дайыма эле бир чуңкурга түшө бергенинин далили. Мына мен жана башка көп адамдар оор кырдаалдарда аны колдоп, коргоп чогуу болгонбуз. Бирок, президент болоору менен биздин керегибиз жок болуп калды. Мискенбаев катышкан коррупция боюнча маалымат жеткирүүгө аракеттенгенимде анын жакын адамдары мени укмак турсун, артымдан аңдуу да коюшту. Атамбаевге берилүүмдүн аласасы ушул болду. Саткындарга кучак жаят.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити