Маанилүү маек


 

Түркияда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүшкө жакында үч жыл болот. Түркиянын расмий бийлиги 2016-жылдын 15-июль күнү болгон бул окуяга Америкада баш калкалап жүргөн Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Бирок ФЕТОнун тамыры кеңири жайылган жана ишмердүүлүгү ар кайсы тармактарда улантылып, ал тургай “гүлдөп” жаткан Кыргызстанда Гүлендин тарапкерлери коомчулуктун башын айландыруу үчүн ар кандай ойдон чыгарылган жоромолдорду чыгарышууда. Биз жагдайга реалдуу баа берүү үчүн Түркиянын полиция академиясынын бүтүрүүчүсү, кырдаалды ичинен иликтеп чыккан Эдил Марлис уулуна кайрылдык.

 

- Эдил мырза, азыркы учурда кыргыз-түрк мамилесинин солгундай түшкөндүгү жашыруун эмес. Бул жагдайга гүленчилер себеп болгондугу айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?

 

- Кыргыз-түрк мамилесинин солгундашы жакынкы мезгилде башталган жок. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин калтырып кеткен оор кесепети болду. Ал кишинин кыргыз-түрк мамилесинин солгундашы боюнча өзүнүн көп жеке пикирлери болушу мүмкүн. Тилекке каршы аларды бийликте турганда да, азыр да айтпай жүрөт. Болгону орусиялык учактын атып түшүрүлүшү боюнча ырбаган орус-түрк жаңжалында бир тарапты колдоп туруп алды. Менимче мамилебиздин солгундашына ошол жагдай себеп болду. Түркия менен Орусиянын ортосундагы жаңжалда үчүнчү мамлекеттин, болгондо да кечээ эле “аби” деп жүргөн, боордош өлкөнүн президентинин тарап тутуусу чоң жаңылыштык. Бул жерде Атамбаев үчүн тарыхта атын жазып калтыра турган чоң мүмкүнчүлүк бар болчу. Анткени ал экөөсү тең бизге стратегиялык өнөктөш болуп саналган мамлекеттердин президенттерин чакырып, чай үстүндө элдештире турган мүмкүнчүлүгү бар эле деген сөздөрдү биринчи күндөрү эле айтып чыкканбыз. Эгер Атамбаев ушундай кадамга барса, орусча айтканда, чоң “бонуска” ээ болмок. Ошол учурда мындай мүмкүнчүлүк Өзбекстандын раматылык президенти Ислам Каримовдо, Казакстан менен Азербайжандын президенттеринде да бар болчу. Мендеги маалыматтар боюнча, бул кадамды Борбор Азия президенттери биргелешип жасашыптыр. Эмнеси болсо да орус-түрк мамилеси оңолуп кеткендиги жакшы болду. Андан соң Орусия менен Түркиянын мамилеси жакшырып, биз четке сүрүлүп калдык.

 

Андан кийин бул терс мамилелердин “пайдасы” ФЕТОго тийди. Эми бул сөздөрдү Атамбаевдин оозуна гүленчилер салып бердиби же себеп болдубу, аны так айта албайбыз. Анткени жогоруда айткандай, Атамбаев Түркияга карата чукул арада тескери жагына оогон мамилесинин себебин так айткан жок. Эмне себептен тарап тутуп атат? Эмнеге ал окуя үчүн түрк тарапты күнөөлөп туруп алды? Эгер ал жеке жаран катары өз оюн айтса эч нерсе эмес эле. Бирок президент болуп турганда айткан сөзү бүтүндөй эки өлкөнүн мамилесине залакасын тийгизди. Эмнеге залакасы тийди? Түрк мамлекети, түрк эли алгач Атамбаевди аябай жакшы көрчү эле. Президенттердин арасынан Түркияга эң жакыны да ушул Атамбаев эмес беле. Ошол жагдайдын өзгөрүшү да каттуу тийди окшойт. Чындыгында Атамбаевдин бул сөзүн Түркияда аябай каттуу кабыл алышты. Анын кесепетин азыркыга чейин тартып жатабыз.

 

- Ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөгө алгачкы сапарын Түркияга жасап, түрктөр аны сый-урмат менен тосуп алышпадыбы...

 

- Ооба, чындап эле ошондой болду. Жээнбеков мамилени оңдогонго жакшы эле аракет кылып, көп эле сүйлөшүүлөр болгонсуп атат, бирок мамилелер эмдигиче жылый элек. Бул жерде ФЕТОнун таасири барбы? Албетте, бар. Мисалы, Жээнбековдун Түркияга сапарында Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги котормочу деп дайындаган жигиттин ФЕТОго тиешеси бар деген сөздөр айтылды. Анын лицензиясы болгон эмес жана котормо окуу жайын бүткөн эмес, болгону өзүнүн бир котормо фирмасы бар экен. Бул жактан түрк лицейин, “Манас” университетинин англис тил факультетин бүтүрүптүр. Анан Кыргызстанда башка котормочу калбай калгансып, ошол жигитти жөнөтүшкөн. Мен иликтөөчү орган болбогондон кийин так айта албаймын, бирок Кыргызстанда да, Түркияда да ал жигиттин ФЕТОго тиешеси бар деген маалымат айтылып кетти. Эми мына ошондой кишини лидерлердин көзмө көз жолугушуусуна киргизип жаткандыгы кызык болду. Бул жигитти акырында эки президент тең өздөрү айтып, четтетишкен.

 

- Кимиси билип калган дейсиз?

 

- Билгенден эле эмес, “котормосу жаккан жок” дешкен. Балким, кулагына шыбырашкандыр. Элдин көзүнчө андай-мындай деп жаңжал салышмак беле. Акырын дипломатиянын тили менен четтетип коюшкан. Анын ордуна котормочу болуп Түркиядагы кыргызстандык жигит киргизилген. Эми гүленчилер эки өлкөнүн мамилесине ушунчалык деңгээлде кийлигишип жатат.

 

Ошондуктан кыргыз-түрк мамилелеринин эмдигиче жылыбашына ФЕТОнун тиешеси бар. Себеби алардын өкүлдөрү мамлекеттин баардык структураларына орношуп алышкан. Андыктан мамлекеттик аппараттын иштешин өздөрүнө керектүү нукка буруп атышат. Бул жагдайды үстүрттөн караганда анча билинбейт, жакшылап териштиргенде көрүнүп эле турат.

 

- Фетхуллах Гүлен ким? Диний аалымбы? Саясатчыбы? Же АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) куурчагыбы?

 

- Бул кишинин ким экендигин Түркияда көп жылдан бери изилдеп атышат. Кыргызстанда болгону диний аалым катары таанылган. Түркияда да алгач ишин диний аалым катары баштап, белгилүү бир даражага, сыйга жеткен. Бир топ китептери жарыяланган. Бирок ал китептерин өзү эмес, жан-жөкөрлөрү жазгандыгын эске алып коюшубуз керек. Бул 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине чейинки изилдөөлөр. Бирок саясатчы эмес. Анткени саясатчы мамлекеттин өнүгүшүнө өзүнүн пикирлерин айтууга тийиш. Бул киши эч качан саясатчы болгон эмес жана өзү да саясатчымын деп эсептебейт. ЦРУнун агенти деп да эч ким так айта албайт. Анткени эч кандай так далилдер жок. Ошол эле учурда аткарган иштери боюнча ошол мекеме менен байланышы болушу мүмкүн деген божомолдор айтылып келатат. Мен да жакында Түркияда болуп, ал жакта мурда полиция академиясында бирге окуган курсташтар менен жолугуп, алар менен сүйлөшүп калдым. Сот жообуна тартылган ФЕТОчулардын сурак протоколу менен тааныштым, бул азыр соттолгон адамдар боюнча жашыруун сыр деле болбой калды. Ошолордун берген маалыматтарына караганда, аябай чоң система курулган. Аны бир адам ойлоп табышы мүмкүн эмес. Бул бир мамлекетти басып алуу гана эмес, анын сыры, иши кандай болушу керектиги так жазылып, жолго коюлган. Бул он же жүз киши эле отуруп жаза коё турган иш эмес, аны бүтүндөй бир институтут ондогон жылдар боюу жаза турган жумуш. Фетхуллах Гүлен азыр Америкада жашаган менен бул өлкөнүн жашыруун уюмдары менен мамилеси бар экендиги азырынча божомол.

 

- Ошондо ФЕТО - бул эмне? Аныктама бере аласызбы?

 

- Булар диний уюм же жамаат болгондон чыгып кетишкен. 1970-жылдарга чейин диний жамаат болгон. Андан кийин булардын көз караштары, иштөө системасы такыр эле өзгөргөн. Саясый да топ эмес. Анткени кандайдыр бир саясый көз карашы айтылган эмес, азыркыга чейин айтыла элек. Биз либералбыз, коммунистпиз, улутчулбуз, бийликке келип өзгөртүү жүргүзөбүз деген программасы жок. Бул бир мамлекетти толук көзөмөлгө алуу системасы. Алгач көмүскөдө көзөмөлгө алуу, андан кийин ачыкка чыгышабы, жокпу, маанилүү эмес. Өздөрүнүн айткандарына караганда, бир мамлекеттин, улуттун ичиндеги элдин 60-65 пайызы булардын саясатын, көз карашын колдосо, президент, премьер-министр, парламент спикери ким болору менен ишибиз жок, бул мамлекетти биз башкарабыз дешет. Бул система башынан эле мамлекетти колго алууга ниеттенип, ошого курулган. Көпчүлүк эл булар таза, кудай дешет, арак ичпейт, тамеки тартапайт, кичипейил, билимдүү балдар деп ойлошот. Негизи маселе бул балдардын тартибинде же жүрүм-турумунда эмес, системанын өзүндө. Системанын негизги максаты эмне, эмнени көздөйт? Булардын сурак учурунда айткандардын сөзүнө таянып эле айтайын. Бул беш кишини сабап, мындай айтасың деген сөз эмес, миңдеген, он миңдеген кишилердин суракта берген сөздөрүнөн куралган системанын түшүндүрмөсү. Азыр бала бакчага чейин жетип калыптыр. Түркияда мектеп системасы үчкө бөлүнөт:

 

башталгыч мектеп, орто мектеп, андан кийин лицей, коллеж. Орто мектеп 7-8-класс. Ошол жерден баштап балдарды тандап алышат. Алгач зээндүү, акылдууларын тартып, дем алыш күндөрү бекер диний курстарынан баштайт да, керектүүлөрүн тандап алышат. Буларга лицейге өткөнгө жардам беришет. Анда да каалаган жериңе барбайсың. “Аби” – ага/байке деп коёт, устат жетектейт. Ошол устат кайда бараарыңды аныктайт. Жөн эле жөнөтүп койбой, өтүшүңө баардык шарттарды түзүп, экзамендин жоопторуна чейин колуна карматат. Андан кийин стипендия беришет. “Эч нерсени ойлонбой оку”- деп, дайыма көзөмөлдөп турушат. Дем алыш күндөрү кайрадан эле диний сабактар. Лицейди бүткөндөн кийин да “баланча окуу жайына тапшырасың”- деп жол көрсөтүп беришет. Булар мугалим, сот, аскер, полиция, журналист кесиптерине басым жасашат. Мугалимдикти тандаган себеби, кийин эл башкарат, бирок мунун башка да жагы бар, аларды ошол университтерге мугалим кылып калтырышат. Алар аркылуу кийинки муунду өткөрүп, тандап алышат. Журналистиканын коомго таасири белгилүү. Түркия өзү саясатташкан мамлекет, эл прессаны көп окуйт. Газета, телевиденилеринде саясый талдоо программалары аябай көп. Булар ошол ММКлар аркылуу элдин аң-сезимин түптөшөт.

 

Андан кийин мен дайыма буларга берип келген суроом мындай. Эгер мамлекетке эч кандай каршы саясатыңар жок болсо, анда эмнеге балдарыңарды диний окуу жайларга эмес, аскерий окуу жайларга, полиция академиясына өткөрүп атасыңар? Бул деген куралдуу күч, бүгүн болбосо, эртең бул күчтү колдоном деген нерсе. Макул, акылдуу тактикаң бар экен, журналистика, мугалимдик аркылуу элдин оюң өзүңө бурганы атыптырсың, ал жетиштүү. Бирок сен куралдуу, күч блокторуна кийлигишип атканыңдан кийин, ал жакка балдарыңды киргизип аткандан кийин, башка ойлоруң бар. Бара бара булар аскер, полиция академияларын, Түркияда канча күч органдары болсо, баардыгын колго алышкан. Түркияда он чакты аскер академиялары бар болсо, баарын колго алышкан. 2014-2016-жылдары өлкөдөгү аскер академияларынын 95%ын колго алып коюшкан. Колго алышкандыгы ал окуу жайлардын баарында бул топтун балдары окуп калышкан. Бөтөн эч ким жок. Булардын балдарына академиянын тесттери берилген. Башка балдарды эң биринчи медициналык комиссиядан кулатышкан. Ал жакта да өздөрүнүн кишилери отурушкан. Комиссиядан дени сак бала да өтө албай калчу. Барып соттошкончо экзамендер бүтүп калып, эмки жылы кайра эле ошол кайталанат. Ошентип эки, үч жолу тапшыргандар болгон. Андан кийин башкаларды сынактардан өткөрбөй коюшкан. Кокус өтүп кеткендери болсо, академиянын ичинде күн көргөзбөй, басмырлап атып аны кетишке мажбурлашчу экен. Мындан кийин аскерлери шантаж жолу менен иштешкен. Кандайдыр бир материалдык колдоо көрсөтүп, ага макул болбогондорду шантаж жолу менен жок кылышкан. Булардын аскерлеринин көбү Түркия НАТОго мүчө болгондуктан, Америкага барып, стажировкадан өтүп келишет. Америкада жүргөндө да шантаж болчу. Ушинтип полиция да толук көзөмөлгө алынган. Саясатта болсо, тикелей саясатка кийлигишкен эмес. Булар мамлекеттик мекемелердин баардыгына акырындап өздөрүнүн адамдарын орноштурган.

 

- Бирок Кыргызстанда гүленчилерди “Эрдоган саясый атаандаштарын жок кылыш үчүн кысымга алып жатат” деп айтышууда.

 

- Эми биз өткөн кылым эмес, үч жыл мурда болгон окуяны талдап атпайбызбы. Булар биз азыр колдонгон ватсап, телеграмм сыяктуу Bylock деген тиркеме аркылуу өздөрүнүн жашыруун, башкалар билбеген сүйлөшүү топторун түзүп алышкан. Кармалганда баардыгынын телефонунан ошондой система чыга баштаган. Мамлекеттик программисттер эптеп атып ачышканда тизмелер чыккан. Көп киши ошол кат алышуудан кармалган. Колдонгондугу үчүн эмес, ФЕТОго тешеси бар экендиги далилденгени үчүн. Бул далил менен кармалгандардын эч ким тана албайт.

 

Мен үчүн эң чоң сокку болгондугу, биз полиция академиясында окуп атканда жаныбызда Түркиядагы спецназдын базасы бар болчу, төңкөрүш учурунда эң биринчи бомба ошол жакка ташталган. Анткени төңкөрүш жасагандарга туруштук бере турган полициянын ушул бөлүгү эле. Таштаганда да фосфордук бомба ташталган. Ал жердеги өлүктөрдөн сөөк чогулта албай калышкан. Темирлер ээрип кеткен. Ошол бомбаны таштаган, Түркиядагы орден, медалдарды алган белгилүү учкучту: “Адаштыңбы, бирөөнүн тилине кирип кеттиңби, өзүңдүн эле жарандарың эмеспи”, -  деп суракка алганда: “Жок, билип эле жасадым, себеби мага жогорттон ошондой буйрук келди. Эгер кайра буйрук келсе, кайра эле ушундай жасаймын. Силер менин душманымсыңар”, - деп жооп берген.

 

- Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетин гүленчилердин жасагандыгынын ачык далилдери барбы?

 

- Алгач “төңкөрүш аракетине гүленчилердин тиешеси жок”- деп, көп киши буга ишенген эмес. Бүгүн болсо сурак протоколдору, соттун чечими менен далилденүүдө. Сотто жөн эле “бул киши күнөөлүү”- деп жоопкерчиликке тарта албайт. Түркияда сот эч кимге көз каранды эмес. Мамлекетке, бийликке баш ийишпейт. Эгер бийлик тараптан көрсөтмө болду деген учурда да миңдеген кишилер соттолуп аткан соң, алардын баардыгын эле далилсиз соттой албайт да. Ошол эле учурда сотко жетпей, териштирүү стадиясында акталгандар да көп. Бул жерде жөн эле мугалимдер же башка байланышы барлар соттолгон жок. Төңкөрүшкө түздөн-түз тиешеси болгондор соттолууда. Алар төңкөрүштү даярдап, аны аткарганга катышкан офицерлер, полиция кызматкерлери.

 

- ФЕТОчулар ал төңкөрүштү Эрдоган өзүнүн саясый оппоненттерин жок кылуу, куугунтуктоо үчүн уюштурган деп айтып келатышат. Мындай жүйөгө пикириңиз кандай?

 

- Бизде эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү ФЕТОчулар жана аларга жан тарткандар ушундай деп айтып атышат. Эң оболу Эрдогандын саясый куугунтуктоого ала турган оппоненттери ким деген суроого жооп берели. Алар саясый партиялар, алардын жетекчилери. Бирок Америкада жаткан бир диний ишмерге саясый куугунтуктоо жасоо, ушинтип айтуунун өзү кандай логикага жатат?

 

Эрдоган туруп алып эле “мага Түркияда 120 миң адам жакпай калды, ушуларды четтен камагыла”- деген буйрук бере алат беле? Бул оңой эмес да. Төңкөрүштөн кийин Эрдогандын рейтинги аябай көтөрүлдү. Ошончо кишини ак жеринен камап атса Эрдогандын рейтинги көтөрүлөт беле?

Бул жерде дагы бир белгилей кете турган жагдай, 2018-жылы Түркияда президенттик шайлоо болуп, бул өнөктүккө 6-7 киши ат салышты. Алар ар кайсы партиялардын өкүлдөрү. Ошондо бир дагы киши “Мен ФЕТОго болушам, Түркияда алар бийлик тарабынан жөндөн-жөн эле камалып атат”,- деген жок. Эгер алардын күнөөсү жок болсо, жок жерден камалса, алардын бала-чакасы, тууган уругу болуп, Түркиянын шайлоочуларынын 15%ын түзөт, ошондо талапкерлердин бири алардын добушун алыш үчүн коргоп чыкмак да. Бирок бирөөнүн да оозунан мындай сөз чыккан жок. Бул деген эмне? Түркиянын эли булардын ким экендигин, мамлекетке канчалык зыян келтиргендигин жана мындан ары да кесепети тийерин түшүнгөн. Бизде маалымат аз болгон үчүн Кыргызстанда бул жагдайды толук түшүнө албай жатабыз. Булардын негизги максаты - мамлекетти көзөмөлдөө. Мамлекетти өзүнө керектүү нукка буруп туруу.

 

Фетхуллах Гүлендин бир кызык сөзү бар, Эрдоган Израилдин премьер-министри менен Давосто уруша кеткенде айткан. Ошондо спикер Эрдоганга сөз бербей, Израилдин өкмөт башчысына көбүрөөк убакыт берип койгондо Эрдоган кызуулукка алдырып, “Мен бул жерде жаш балдарды өлтүргүч менен отурбаймын, сен кимсиң? Сен жаш балдарды өлтүрүп аткан кишисиң”,- деп Беньямин Нетаняхунун бетине эле айткан. Андан кийин сыртка чыгып кетип, Анкарадан аны түрк эли баатыр катары тосуп алышкан. Эми бул Түркиянын ички саясаты, жарандарынын жетекчилерине болгон мамилеси. Бирок ошондо Фетхуллах Гүлен: “Израиль деген күчтүү мамлекет, алар менен касташпай, дос болуш керек”,- деп Эрдоганга акыл үйрөткөн. Гүлендин “сионисттерге колдоо көрсөткүлө, касташпагыла, жөөттөр менен дос болгула”- деп акыл үйрөткөнү элдин кыжырына тийген.

 

Артында ЦРУ турат деген суроо боюнча, булардын өздөрүнүн айтуусунда, дүйнөнүн 140 мамлекетинде өздөрүнүн мектептери бар. Ал мектептерди жөн эле билим берүүчү мекеме десек абдан жаңылабыз. Ооба, билим берүү жагынан жакшы система курулган, сапаты жагынан абдан жакшы. Кыргызстанда да ушундай сапаттуу билим берүү системасы болуш керек, буларды жоюунун кажети жок. Бирок ички системасы, балдардын сабактан тышкаркы убактысында эмне менен алектенгендиги, Кыргызстандын келечек муунунун элитасынын мээсине ээ болуу, өзүнө баш ийдирүү жүрүп жатат бул жерде. Ооба, Бишкекте Американын, Англиянын, Кытайдын мектептери бар. Орусиянын деле мектептери көп. Бирок алардын артында канчалык саясат бар? Туура, ал мектептер ошол улутту сүйүүгө, тилин үйрөнүүгө тартат. Бир немис мектебин бүткөн бала Германиянын фанаты болбосо да сүйүүчүсү болуп калат. Орусиянын мектептеринде окуган бала Орусияга жан тартат. Ошол эле учурда бир дагы мектеп ошол балдардын аң-сезимин өзгөртүп, өздөрүнө баш ийдирүү саясатын жүргүзбөйт. Ал эми Гүлендин тобу болсо мамлекетти толугу менен көзөмөлдөп, башкаруу үчүн курал болуп саналат. Каражат жагын айтпай эле коелу, 140 мамлекетте мектеп ачуу чоң саясый, бюрократиялык аракетти талап кылат? Түркиянын баардык байлары топтолуп каражат чогултканда да ага акчасы жетмек эмес.

 

Дагы бир кызык системасы бар, ал Борбор Азия өлкөлөрүндө иштеген жок. Африкада колдонуп атышат дейт. Барган мугалимдерин ошол мамлекеттин жетекчилеринин балдар-кыздары менен баш кошууга үгүттөшөт экен. Бул ошол мамлекеттин жетекчилерин баласы, кызы аркылуу өздөрүнө байлоо ыкмасы. Жөн эле окутуу бизде деле бар. Көпчүлүк байларыбыз менен чиновниктерибиздин балдары ”Себат” мектептеринде   окушат. Ал тургай көпчүлүгүнө акча төлөөдө жеңилдиктер берилген. Африкада болсо үй-бүлө аркылуу көз карандылыкка жетип калышкан.

“Булардын артында ЦРУ барбы?”- деген суроо кайра-кайра берилип атат. Так далил болбогон соң бар же жок деп айта албайбыз. Бирок дүйнө жүзүн көзөмөлдөөгө жетишип калган ушундай системаны түзүү бир эле диний аалымдын колунан келеби? Албетте, жок. Бирөө “келет” десе да күлкүлүү болот. Мага булар тууралуу Түркиянын бир элчисинин Тышкы иштер министрлигинде жолугуп калып ушул темада айткан сөзү бар. Ал 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине чейин болгон окуя. Ошол элчи жумуштары менен Чыгыш Азиядагы бир мамлекетке барып калган экен. Самолет конуп, паспорт текшерүүсүнөн өтүп атса, ошол жерде эки түрк сүйлөшүп атыптыр. Аңгыча саламдашып, таанышып, эмнеге келгендигин сураса, тигилер мектеп ачканы келишкендигин айтышат. Ал тургай бул мамлекетке биринчи жолу келишкендигин, тилин билбей тургандыгын айтышат. “Анда кантип мектеп ачасыңар?”- десе, “келдик, көрөлү” дешет. Анда “макул, бир жума болом, жардам керек болсо кайрылгыла”- деп визиткасын берет. Бирок алар чалышпайт, Эки-үч күндөн кийин бир ресторанга барышса, алар да отуруптур. “Эмне болду, эмнеге чалбадыңар?”- десе, “Жакшы, билим берүү министрлигине барып эле чечип алдык. Буюрса, бир-эки жуманын ичинде лицензия алабыз”,- дешет. Анан “бул мамлекеттин системасы аябай жакшы экен деп сүйүнүп калдык” дейт. Кийин булардын артында кайсы бир чоң дүйнөлүк күч турбаса, болгону катардагы эки түрк мугалим өмүрүндө көрбөгөн, тилин билбеген азиялык мамлекетке барып, бир жумада мектеп ача алабы? Имараты жок туруп лицензияны кантип алмак эле деп ойлонуп калдым дейт. Кийин ал мамлекеттин элчисинен да лицензия алуу, мектеп ачуу ушунча эле оңойбу деп сураса, ал “жок, мен да таң калдым. Ал Фетхуллахтын мектептери экен”- деп жооп берет. Керек болсо Түркиянын атынан чуркап жүрүп деле мектеп ачалбай тургандыгын кошумчалайт.

Бул жерде көп иликтеп, далилдер менен айта турган  жагдайлар бар. Мен акыркы эки жылда интервью бербегендигимдин да себеби ошол, колубузга далилдер тийсин деп күтүп жүрдүм. Болбосо Кыргызстан эле эмес, башка мамлекеттерде деле ишенбестик менен карашууда. Буларды өз учурунда Өзбекстан байкап калып, 1999-жылы Анжиян окуясынан кийин мектептерин жабышты. Андан кийин Россия жапты. Россия ал тургай экстремисттик уюм деп жарыялап, ишмердүүлүгүнө такыр тыюу салды. Андан кийин башка мамлекеттерде да жабылды. Бул жерде күнөө мектептерде эмес, ичиндеги системада. Булар мектеби жок эле кишилерди өзүнө байлап, өстүрүп кете берет. Бирок мектеп кийинки элитаны тобу менен даярдап чыгарып, бир жерде кармай турган эң жакшы булак. Бир чети эч кандай кыйынчылыгы жок. Акчасын балдар өздөрү төлөйт. Мугалимдерге жогорку деңгээлде маяна берилет. Түркияда булар мектепке чейин эле калыптанып, топ-топ болуп түзүлө баштаган. Биздеги “Вефа” соода борборунун Мустафа Өзжан деген ээси Фетхуллах Гүленден кийинки эле таасирдүү адам. Ал бул системанын бүтүндөй материалдык жагын көзөмөлдөгөн киши. Бул Гүлендин мектебин деле бүткөн эмес. Тарапташ болуп кошулгандардан. Мындайлар толтура. Уюмдун мүчөлөрүнөн салыктар чогултулуп турат. Бул уюм эмес, күбөлүгү жок деп айтылып атпайбы. Маселе күбөлүктө деле эмес. Өзүбүз деле визитка колдонбой, телефондон группалар аркылуу байланышып калбадыкпы. Кантип байланышат? Ар бир мүчөсү ай сайын кирешеси же маянасынан 10, 20 пайыздан төлөп турушкан. Бойдок болсо маянасынан 20%, үй-бүлөлүү болсо 10%. Булар жумушка да өздөрүнүн адамдарын гана орнотуп, маянасынын кайсы бир бөлүгүн алышат. Керек болсо жеке турмушу да көзөмөлдө. Себеби кимге үйлөнөрүн да көргөзүшөт. Кээ бир үйлөрдөн альбомдор чыккан. Кыздарга келип эркектердин альбомун, эркектерге келип кыздардын альбомун көрсөтүп, ушулардын бирине үйлөнөсүң же турмушка чыгасың деп көрсөтмө беришкен. Ушундай кызык нерселер бар. Айтор топтун катары үй-бүлөлүк ыкма менен бекемделип, кийин балдары да сөзсүз ушул системанын мүчөсү болуп кете берет. Бүтүндөй бизнестер ошого байланган. Тендерлер да ФЕТОго байланышкан компанияларга берилип, эки-үч эсе көп акча бөлүнгөн жана алган акчанын жарымын ошол замат Гүлендин коруна которулуп турганы далилденген.

 

- Кыргызстанга алардын кандай коркунучу бар?

 

- Тилекке каршы бизде бул жагдай толук изилденген жок. Болгону гүленчилердин түпкү маңызын билбей эле, “ушуларга жабышып калды, жакшы окутат, ыймандуу балдарды тарбиялайт...”, - деген эле кыйкырыктар айтылууда. Көйгөй мектептерде эмес, ошол мектептердин артында жүргүзүлүп аткан саясатта. Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, ошол Гүлендин мектептери бар дүйнөнүн 140 мамлекети үчүн да коркунуч болуп саналат. Керек болсо кичинекей Кыргызстан эмес, Американын өзүндөгү кырдаалды түшүнгөндөр айтып, чочулап атышат. Европада деле ушундай көрүнүш. Америкадагы лицейлерге мурдагы аскердик окуу жайлар берилип кеткен. Африка мамлекеттери да ФЕТОнун коркунучтуу уюм экендигин билип калышты. Мен Фетхуллах Гүлендин жактоочуларынан дайым сурайм: “Эгер мамлекетке, элге кызмат кылам деген оюңар болсо, анда эмнеге ачыкка чыкпайсыңар? Партия түзбөйсүңөр, Кыргызстанды ала турган болсок, парламенттик мамлекет. Элдин турмушун оңдойбуз деп айтпайсыңар?”,- деп. Түркияда да булар партия түзгөн эмес. Ошол эле учурда ар кайсы партияларга мүчө болуп кирип алышып, өз саясатын жүргүзүшкөн.

 

Башында айтылгандай, бир уюмдун артында дүйнөнү көзөмөлдөймүн, дүйнөнүн гегемониясы болом деген күчтүү мамлекет жана система болбосо, анын ишмердүүлүгүн дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу мүмкүн эмес. Ансыз анын кимге кереги бар?!

 

- Анда эмнеге артында ушунча чоң күч туруп, эбегейсиз каржы пирамидасы болуп, 2016-жылдагы төңкөрүштү ишке ашыра албай калышты?

 

- Биринчиден, буларга кысым 2014-жылы эле башталып, иликтөөлөр жүрүп, элге булар тууралуу маалыматтар ар кайсы ММКларда бериле баштаган. Биринчи камоолор да болгон. 2015-жылы декабрда бир саясый иш чара жүргүзүшкөн. Ошондон кийин катуу чабуул башталып, төңкөрүш жасоого барышкан. Ал кыска мөөнөткө дайындалып, өздөрүнүн чыккынчылык иштерин эгер Эрдоган бийликтен кулатылып, башка адам ордуна келсе, билинбей калат деп ойлошкон. Эгер ушул планы ишке ашып калса, мамлекетти убактылуу башкарууну армияга өткөрүп берип, өздөрү шайлоо жолу менен бийликке келишмек.

 

Бир чети Түркияда эл аскердик төңкөрүштөн тажап калган. Ал эми акыркы 20 жылда мамлекет кандай өнүгүп жаткандыгын көрүп турушат. Ушул жагдайдан улам эл гүленчилерди колдобой койгон. Түркияда саясый, экономикалык өнүгүү, демократия бар экендиги да эске алынган. Эрдоган баарын басып, өзүнө каратып алды деген сөзгө кошулбаймын. Анткени саясый партиялар шайлоого катышып, парламентте, бийликте утуп жатат. Жакында эле Анкара, Измир, Анталья сыяктуу шаарларда жана Стамбулда оппозициялык партиянын өкүлдөрү кайталап өткөрүлгөн шайлоодо да мэр болуп шайланышты. Мындан тышкары ар бир он жылда саясый система өзгөрүп, партиялар канчалык күчтүү болсо да күчүн жоготуп турган. Шайлоого баары ишенишет. Азырынча Эрдоганга тең келе турган атаандаш жок. Аны эл тандап атат. Эгер Фетхуллах Гүлен чындап эле эл менен мамлекетти ойлосо, ачык партия түзүп, бийликке умтулса болот эле да. Бирок  мындай жол менен эл алдында ачык чыгып сүйлөш керек болот жана өз адамдарын көтөрө алмак эмес. Ал бул максатына көмүскө жол менен гана жетүүнү көздөйт жана түпкү максаты түрк элине, Түркия мамлекетине кызмат кылуу эмес...

 

 

 

Маектешкен Асанбек Досназаров,  Булак: “Майдан.kg” гезити