Т. Бакир уулу: Мурдагы президенттердин биринен да ушундай билдирүү укканбыз. 

 

 

- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы? АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?

 

- “Өзүмдү өлтүрөмүн!”- деген адам эч качан өзүн-өзү өлтүрө албайт, себеп - өзүн өлтүрө турган адам публикага билдирүү жасабай эле өлөт. “Мен качпайм, өлөр өлгөнчө атышамын!”- деген публикага билдирүүнү да мурдагы бир президенттен укканбыз. Натыйжада эмне болду? Учак менен өлкөдөн качып чыкты. Ошондуктан “атышып өлөм” деп арзан баадагы популизм жасабай, соттордун баарына катышып, ак болсо актыгын далилдеп, күнөөлүү болсо - эркекче олтуруп чыкканы оң...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити