Ош шаарында 20дан ашуун улут жашаса, ар биринин максаты – тынчтыкта жашоо.

 

2010-жылы, 10-июнда, Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош жана Жалал-Абад облусттарында улуттар аралык каргашалуу окуя катталган. Кан төгүү менен коштолгон окуядан кыргыз-өзбек улуттарынан тең жоготуу болгон. Жалпысынан 500гө жакын адамдын өмүрү кыйылып, мамлекетке бир нече миллиард сомдук материалдык зыян келтирилген.

 

Ушул жумада, 10-июнда бул капсалаңдын 9 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Анда июнь окуясында каза болгондор жана дайынсыз кеткендер эскерилип, “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюлду.

Эскерүү аземинде ынтымактын символу катары тынчтык коңгуроосу кагылды. Чогулган энелер жакындарын жоктоп, көз жашын төгүштү.

 

Кылымдардан бери ынтымакта жашап жаткан элди экиге бөлгөндөрдүн айынан каргашалуу окуя катталган. Бирок бул күн каргашалуу так менен тарыхта жазылып калды. Улут аралык ынтымак бекем болсо, өлкөдө туруктуулук орнойт. Андыктан эл биримдиги менен этностор аралык мамилени чыңдоо учурдун талабы.

 

Ош шаарында 20дан ашуун улут жашаса, ар биринин максаты – тынчтыкта жашоо.

 

Адистердин белгилөөсүндө, акыркы 6 жылдан бери улуттар аралык араздашуунун саны кыскарган. Кыргызстан 80ден ашуун улуттун өкүлүн кучагына батырган өлкө. Мындагы ар бир улут өкүлдөрү өз жеринин өнүгүшү үчүн салым кошуу сезими болсо, ынтымак мындан да бекемделет.

 

Учурда улут ынтымагын чыңдоо иштерин коомдор менен уюмдар да жүргүзүп келишет. Элдердин жана этностор аралык ынтыматы бекемдөө боюнча атайын концепция кабыл алынган. Анын алкагында мамлекеттик мекемелер иш алып барууда. Эл да улуттар аралык маселе актуалдуу экенин түшүнүп калды.    

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити