УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун отставкасы саясий чөйрөдө да, коомчулукта да чоң резонанс жаратты.

Бирок, атайын кызматтын мурдагы башчысынын бул кадамынан жыйынтык чыгарууга шашылбай туруу керек, бул саясий интриганын жандырмагы азырынча табыла элек. Мындай пикирди саясий серепчи Бакыт Бакетаев карманууда. Акыркы күндөрдөгү болуп өткөн окуяларга баа берүү менен саясий серепчи УКМКнын мурдагы төрагасы коррупциялык ажыдаардын куйругун тебелеп алганын ишенимдүү белгилейт. Баамдоосунда, оюн аяктай элек, баары эми гана башталды.

 

“Биздин өлкөдө банкнот, акциздик марка, паспорт жана башка мамлекеттик маанидеги документтерге көптөгөн тендерлер жарыяланат. Аларды Мамлекеттик салык кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү министрлиги сыяктуу мамлекеттик бийлик органдары өткөрүшөт. Бул сынактар аркылуу жыл сайын жүз миллиондогон долларлар тегеренет, ал акчалар бюджеттен бөлүнүп, өлкөдөн чыгарылып кетет. Биздин коррупциялык топтордун мында кызыкчылыгы бар болгондуктан Кыргызстанда жеке менчик Мамбелгидеги басмакананын пайда болушун каалашпайт. Ошол эле убакта биздин КМШ боюнча коңшуларыбыз – Өзбекстан, Тажикстан, Молдова акча банкнотторун жеке менчик басмаканаларынан чыгарышат. Кадыркулов мына ушул жетишпестикти жоюуга аракет кылганы маалым, мөөр үчүн жабдыктарды жеткирүүчү швейцариялык компания менен жолугуп, мамлекеттик менчик басмакананын курулушуна кызыкдар болгон. Аталган швейцариялык компания жеткирген жабдыктар менен банкноттон баштап паспорт, автобус билеттерине чейинки ар кайсы бланктарды чыгарууга болот. Ал жолугушуу боюнча анын башка катышуучулары эмнени ойлоп, эмнени айтышканы да абдан маанилүү. Кырдаал тыкыр көңүл бурууну талап кылат. Анткени, көп жылдар бою тендер өткөрүүдөгү коррупцияга системалуу каршы күрөш максатына жетпей орто жолдо калып келатпайбы”,- деп белгиледи Бакыт Бакетаев.

 

Аны менен катар саясий серепчи эгемен жылдарында Кыргызстандын башчыларынын бири дагы өлкөдө мамбелгидеги жеке басмакананы куруу тууралуу кеп да козгошпогонуна басым жасады.

 

“Президенттерибиздин баары – Акаевден баштап Атамбаевге чейин өлкөгө өзүнүн улуттук акча короосу керектигин жада калса ойлонуп да коюшкан эмес. Ал маселени талкуулашпады. Ар кандай тендерлерден алакандарын кызартып, кулакка кесме илгенди өздөштүргөн аткаминерлер аларга жакты, сүйгүнчүк көрүндү. Мында башка себептер да болушу мүмкүн. Ошондуктан, Мамбелги басмаканасы Кыргызстанда алиге чейин жок. Бул таң калыштуу да эмес, анткени 25 жыл бою айрым “ишмерлер” тендерлердин шарапаты менен байып жатышпайбы. А болбосо басмакана куруудагы эсеп өзүн актайт. 70-80 миллион долларга курулган басмакана бир жыл иштегенден кийин эле чыгашанын баарын кайрып бермек. Бирок, кимдир бирөөлөр ушундай болушун такыр эле каалабай жатат”,- деди саясий серепчи.

 

Бакетаев мамлекеттик сатып алуулар жаатына тартиптин орношуна туруктуу каршылык көрсөтүп жаткан коррупциялык кландар тууралуу кеп козгоду.

 

“Учурда миллиондор агылган ар кандай тендерлердин үзгүлтүксүз өтүп турушуна кызыкдар министрликтер жана мекемелер өз “үлүштөрүн” чыгарып алышат да, президенттин коррупцияга каршы системалуу күрөш жүргүзүү боюнча чечимин саботаж кылышат. Аларга Мамбелгидеги басмакананын кереги жок, анткени сынактарга жамынып алып, бюджетти четинен кертип жегенге шылтоолору жок калат. Бизге жыл сайын мамлекеттик маанидеги 240тан ашуун документтерди ири нускада чыгарууга туура келет. Ага карабай мамлекеттик басмакана Улуттук банкка да, башка мамлекеттик кызматтарга да кереги жок болуп турат. Ал түшүнүктүү – тендерлерди министрликтер жана башка мамлекеттик мекемелер менен бөлүп алышкан. Андан башка эч нерсе кызыктырбайт. Бул аталган тармакта мурдагыдай эле “бөлүш дагы – уурдай бер” принциби жашап жатканынан кабар берет.

 

Ошондуктан, мен Кадыркуловго каршы коррупциялык топ иштеди дегенде ишенем. Биздин өлкөдө айрым тармактарды дагы деле Конституция эмес, коррупция башкарып жатат. Бул кландар абдан күчтөнүштү, УКМКнын төрагасын ордунан жылдырууга чама-чарктары жетип калды. Ал тендерлерди өткөрүү боюнча схемалар жөнүндө терең кабардар болсо керек, анткени абдан жакшы иликтеди”,- деп түшүндүрдү Бакыт Бакетаев.

 

 

 

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»  гезити