А. Турдукулов: Ал митинг Атамбаевдин да колдоочулары жетиштүү экенин көрсөтөт.

 

 

- АШАнын өзү сүрөп, алып келген бийликке каршы чыгууга акысы барбы?

 

- Бийлик өзү Атамбаевди мажбур кылып жатат. Митингге чыгып, элди ээрчиткенге аргасыз кылууда. Эмнеге дегенде бир гана ТЭЦке байланыштуу Атамбаевдин жакын санаалаштары камалбай башка да жакындарына кылмыш иштери козголо баштады. Мисалы, Мээрбек Мискенбаев, Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Рыскелди Момбековго козголду деп уктум.

 

Сотторго, укук коргоо органдарына болгон ишенбестик, көчөгө чыгууга мажбур кылып жатат. Ал митинг Атамбаевдин да колдоочулары жетиштүү экенин көрсөтөт. Анткени, “Форумда” деле буга чейин бир нече жолу элдер келип, Атамбаевдин сөзүн кубаттоо менен угушканына көптөр күбө болгон.

 

 

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити