Т. Келдибаев: КСДП - толук мүмкүнчүлүгү бар партия.
-АШАнын өзү сүрөп, алып келген бийликке каршы чыгууга акысы барбы?
- 2019-жылдын 7-апрелинде КСДП партиясы тарабынан өткөрүлгөн митингде кабыл алынган резолюцияны окуп чыктым. Негизинен мыйзамдуулук жана адилеттүүлүктү орнотуу, өкмөттүн ишмердигин сындаган талаптар жазылыптыр. “Эки айдан кийин талаптар аткарылбаса кайра митинг өткөрөбүз”- деген талабы да бар экен. Ар бир саясий уюм өз мыйзамдуу талабын койгонго укуктуу, эки айда талаптар аткарылбаса кайра митинг өткөрүштөрү толук ыктымал. Анткени КСДП - толук мүмкүнчүлүгү бар партия. Партия лидери А.Атамбаевди тарапташтары, партиялаштары да колдошу мүмкүн.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити