Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге комитеттин кызматкерлери үчүн батирлерди бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголду.
Мындай маалыматты алгач КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирип чыкты. Ал бул ишти “саясий” деп атап, эч кандай кылмышка негиз жоктугун да кошумчалады.
7-февраль күнү Биринчи май райондук сот Дамир Мусакеевге башка жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасын да чыгарды. Акыркы ирет Мусакеев А.Атамбаевди БАЭге коштоп барып келген. “Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө”,- деп жазды К.Жолдубаева.
Бизде азыркыбы, мурдакыбы президенттердин ишмердүүлүгүндө алардын шоопурлары менен жансакчыларынын орду жогору эмеспи. Себеби булар шефинин көп “секреттерин” билишет. Андыктан бүгүнкү күндө бет карашпас душмандарга айланган АША менен Сокенин ортосундагы “согушта” Д. Мусакеев “садагага чабылган сары улак” болуп жаткан жокпу?
Мындан мурда АШАнын эң эле жакын адамы, ал тургай анын миллиондору кайдан келгендигине чейин билген, өзү да алты жылда эбегейсиз дүнүйө чогултуп алган айтылуу катта шоопур Икрамжан Илмиянов Россиянын Казан шаарында жашырынып жүргөн жеринен Бишкекке алынып келинген. Ага расмий түрдө кайсы бир чет элдик (аты аталбаган, ким экендиги белгисиз) ишкерден 150 миң доллар пара алды деген бул – жөн эле көшөгө. Маселенин маңызы Икрамдын АШАнын “секреттерин” билүүдө болууда...
“Майдан. kg” гезити