«Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети» демекчи үй-бүлөнүн, мекеме-ишкананын,  ал  тургай мамлекеттин да кадыр-баркы анны башкарган адамдын аброюна жараша болоору белгилүү эмеспи. 

 

Эгемендик алгандан бери өлкөбүз башкаруучуларга жарыбай,  алды качып, аркасы «ачып-кычыган»  саясатын сапка сала албай убара… Ал арада ошол эле оңбогон башкаруучуларды айланчыктап  жүрүп, «эбин таап, эки жегендердин»  армиясы билинбей өсүп отуруп,  бүтүндөй системаны ылайлантып,  азыр эми тазалоого арга табылбай «айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» болуп турган чак…

 

Мына ошондой кадыр-баркы олку-солку болгон мекемелердин бири тууралуу дээрлик жарым жылдан ашык жекече иликтөөмдөн кийинки оюмду окурмандар менен бөлүшкүм келди.

 

Ырасында  КТРК деп аталган  бул абройлуу медиа мекемеге көзү түшкөндөр ого эле арбын. Кезинде өлкөбүздүн  маалымат саясатын  Оксана Малеванная аттуу жөөткө беришип,  ал өз командасы менен  КТРКнын кыйшайгыс ээси болуп калууга болгон күчүн жумшаган эле. Төңкөрүштүн айынан ойрон болгон ошол аракет  ал ээлик кылган “кайыкта” бир багытты карай  чогуу сүзгөн ишенимдүү иничеги   аркылуу кайрадан кыймылга келип,  аягына чыгууга үлгүрбөй калган соң, күтүлгөндөй эле  жаны “трюктарды” баштаган чак.

 

“Трюк” демекчи, бери карап жылмайып, ары карап каарын төккөн Илим мырзанын илгертен берки “илдеттери”  акыркы күндөрдө андан бетер күч алып, ал тургай кай бир жеңил - желпилерге “жугуп” жатыптыр. Сөз башын куттуу жердеги юбилейден ары улантайын.

 

Өткөн жылдын аяк ченинде КТРК 60 жылдык юбилейин белгилеп,  айтылуу Ой-Ордо көрсөтүүсү  аркылуу ишкананы башкарып кеткен  жетекчилердин пикирлерлине күбөболдук.Ара чолодо мен дагы каналдын өнүгүшүнө кайсы жетекчи кандай эмгек жумшагандарын өз ооздорунан уктум,   качанкы  каталарын моюндагандары  да болушту. Арийне, КТРКдагы жанылануу 2010-жылдан кийин күчүнө кирип,  ошол кездеги  жетекчи (Кубат Оторбаев) Байкоочу Кенеш менен биргеликте  каналдын редакциялык саясатын иштеп чыгып,  2015-2018 –жылдардагы стратегиялык өнүктүрүү планына заманбап техникалар менен жабдуу, санарипке өтүү, жаны каналдарды ачуу киргизилгени,  ал тургай кызматкерлердин  айлык маянасы ошол мезгилде байкалаарлык көтөрүлүп, калем акыны жогорулатуу боюнча Өкмөткө сунуш жолдонгону  боюнча да маалымат алдым. Ошондо  Илим КарыпбековгоКТРКнын мурдагы жетекчилери тарабынан стратегиялык планга киргизилген  долбоорлорду ишке ашыруу вазыйпасы гана туура келиптир, бул факт. Демек ал андан ары,  ачылган жаңы каналдардын багытын аныктоо, аларды техникалык жана финансылык жактан  камсыз кылуу,  коомго таасири бар көрсөтүүлөрдү жарыкка чыгаруу,   аты чыгып калган долбоорлорго колдоо көрсөтүү,  кызматкерлердин муктаждыгын чечүүсыяктуу иштерге басым жасашы керек эле. Тагыраак айтканда,  калкыбыздын идеологиялык рычагын туура нукка  бурууга кадам таштаса коомчулуктун сынына эмес колдоосуна гана татымак.

 

    Кызматкерлердин муктаждыгы демекчи Карыпбековдун текебердигинин айынан КТРК 2017- жылга бөлүнгөн  бюджетинин  дээрлик жарымынан ажыраган.Натыйжада жаны гана бөлүнүп, өз алдынча иш жүргүзө баштаган каналдарда  8 кишинин ишин 1 киши аткарууга туура келип,  кызматкер түнөп иштегенден  улам  үй-бүлөсү менен айлап көрүшпөй калуу адатка айланганы жашыруун эмес. Ошол эле мезгилде ошончо убакыт иштегени үчүн кызматкерге (журналисттер, режиссерлор, операторлор, айдоочулар)  колдоо көрсөтүлмөк тургай,  күн сайын чип көзөмөлүнөн саат канчада өткөндүгү текшерилип, калем акы же сый акы сыяктуу кошумча каражат дагы каралбайт экен. Кызматкер эфирдик программага чыккан материалды үзгүлтүккө учуратпаш учун 18-20 саат иштеп,  анын 8 саатына арзыбаган  айлык маяна алат. Адамдык ресурстун жетишсиздиги каналдардагы чыгармачыл топтордо гана  эмес, баардык структуралык бөлүмдөрдө да жок эмес.

 

Кызматкерлердин  укугун бузуу ушуну менен эле бүтпөйт, алардын баскан-турганына чектөө коюлуп, кабинеттерин  текшерүүгө  алып,  кадимкидей эле  тинтүү жүргүзмөй  адаты бар.«Шектүү» журналисттердин компьютериндеги маалыматтарга чейин текшертип чыгат. Башчысы чачып кеткен иш бөлмөсүн жыйноого убактысы менен нервин короткон байкуш кызматкер бай манаптык башкарууну сүйгөн  жетекчисин каргап-шилеп кала берет.

КТРК кызматкерлеринин арзыбаган  маянадан тышкары дагы бир муктаждыгы -үй маселеси. Эки жыл мурда Карыпбековго карата коомчулуктун сыны күч алган мезгилде жарытылуу айлыгы жок, батирлеп  күн кечирген жаштардын муктаждыгын чече коймокчумун деп ипотекага үй кура тургандыгын, курулушту баштап жиберүүгө жери да, кандайдыр бир деңгээлде кошумча каражат да табылып жаткандыгын  жар салып,  “жарыла”  албай араң турган жамаатты  жоошуткан.  Кийинчерээк кайсы бир компаниянын өкүлдөрү келип КТРК кызматкерлерлеринин шартына ылайык келбей турган сунушту айтышат,  жер боюнча суроо бере койгон кызматкер Карыпбековдун каарына калат да, ошону менен ишке чекит коюлат.  Чынында  үй курууга ылайыктуу жер КТРКга тиешелүү  автогараж  жайгашкан аймактан  2014-жылы эле табылып, ошол кездеги жетекчи  Башкы Архитектуранын өкүлдөрүн чакырып,  маселе чечиле турган болуп калган чакта дал ушул Карыпбековдун тоскоолдугунан улам жетекчи иштен кетип,  иш  аягына чыкпай токтоп калган.  Карыпбековдун келиши менен так ошол  КТРКчылар үй курабыз деп үмүттөнүп жүргөн жер  “Дыйкан” базарына арендага берилип,  ал азыркы күндө да күпүлдөп каражат таап жаткан кез. Анын канчасы Карыпбековдун,  канчасы  ошол кездеги мэр Албек Ибраимовдун сол чөнтөктөрүнө солонуп кеткени  белгисиз. Мыйзамдуу келишим бар деп айтылганы менен канча каражат төлөнөөрү да жашыруун сыр.

 

 

Сүрөттө "Дыйкан" базары ижарага алган  жер 

 

Ошентип, жаңы ачылган каналдардын ишмердигине каражат керектелээрин эске албаган  мактанчаак башчынын айынан бүгүн андагы каналдар эле эмес,  карапайым калкка  жетиштүү кызмат көрсөтүп келген олуттуу долбоорлор дагы  жапа чегип келет.  Алардын айрымдары жабылып, кээси командировкалык каражат бөлүнбөгөндөн улам эптеп-септемейге өтүп алышканы байкалат. Эбегейсиз матералдык-техникалык базага ээлик кылган КТРКнын өз продукциясы дээрлик аз, жумалык программасына көз чаптырсан жалан тизилген баштардын гана ангеме куруп отурганын көрүүгө болот. Бири-бирин кайталап, сырттан кирген кызыгы жок берүүлөр үчүн канча каражат  кассага төлөнөт, канчасы чөнтөккө кетет белгисиз. Сапаты жок тартылган концерттер менен кинолорду  айтпай эле коелу! 

 

А бирок,  айтылган сындарга Карыпбеков мышыкты «пыш» дегенчелик  да көңүл бурбайт,  анткени баардык учурда жоопкерчиликтен буйтап чыгууну  абдан өздөштүрүп, ошол артыкчылыгы менен жооп мойнуна «илингендерди» баш ийдирип алган. Талаш-тартыш жаралып кала турган болсо Карыпбеков чечип койгон кайсы бир маселе үчүн   продюсер, көркөм кеңеш, коллегия анан алардын башында турган орун басарлар жооптуу болуп чыга келет.  Ошого жараша орун басарларга өз алдынча чечим кабыл алып, өз алдынча иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берcе бир жөн эле.   Бул жагынан айрыкча КТРКнын финансылык булагы болгон Радиотелецентрди башкарган орун басары, маданий көрөңгөсү бийик, тажрыйбалуу  адис  Бактыяр Алиевдин моюнуна кадимкидей эле  ээр-токумсуз “минип” алганын байкоого болот.  Коомчулуктун  сынына кабылган айрым бир маселелер Илим Карыпбековдун жеке чечими жана кийлигишүүсү менен ишке ашканына карабай тиешелүү структуралык бөлүмдүн жетекчиси  катары дал ушул адам жапа чегип калаары жамаатка бештен белгилүү экенин айтышат.  Ушундан улам “жыгачтын жумшагын курт жесе, адамдын жумшагын адам жейт” деген сөздүн чындыгына ынанбай кое албайсың.

 

Башчынын айтканын айткандай, дегенин дегендей орундатууга кам ургандардын бир даары  продюсерлер. Алардын алды 15, аркасы 8 жылдан бери ушул орунду атасынан калган мурастан бетер ээлеп отурушканына тан каласың…Эмне үчүн деген суроого жооп бере кетейин, булар КТРКдагы редакциялык бөлүмдүн  (азыркы канал) башчылары,  баардыгы  тең эле иштерман адамдар деп айтуу кыйын. Ар бир редакцияда 20 дан 40ка  чейин кызматкерлер бар. Карыпбеков келген күндөн тартып мына ушул продюсерлер жетекчинин жоопкерчилигиндеги  маселелерди  жалпылап чече турган  «ишенимдүү орган» ,  тагыраак айтканда  коллегиянын алмашылгыс  мүчөлөрүнө айланышкан.  Ал эми көркөм кеңеште алардын санаалаштары. Журналисттердин айлык маянасы, калем акысы, сыйлык-алкыштары мына ушул «эки тизгин, бир чылбырды»  мыкчыгандар  тарабынан сунушталат дагы, кайра эле ушулар  аркылуу чечилет. Калем акы менен акчалай сыйлык ай сайын  Илимден «илдет» жугузган анын жан-жөкөрлөрүнө гана  ушул «мураскерлер» аркылуу ыйгарылып турат.

 

Илим Карыпбековдун  илгертен келаткан “илдеттери” ушуну менен эле бүтпөйт.

 

  КТРКдагы курулуштар, майда-чоң акча аралашкан иштерди аркалаган мурдагы кызматкерлер ЧИП көзөмөлүнүн жардамы менен иштен кетирилип, алардын ордуна  Илим кай жактын босогосун аттаса ошол жактын эркеси болгон эки иниси  “кондурулган” . Радиотелецентрдеги сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчилигине барган  Карыпбековдун атасы менен бир тууган эжесинин уулу Улук Бедельбеков (мурдагы Улук Карыпбеков) болсо, жакында эле автогараждын башчылыгына буйрук чыгып, айдоочулардын чуусунан кийин кайрадан артка кайткан Адис Мамаев  сатып алуулар бөлүмүндө экономист. Экөө тең Илим акеси менен “Манас” аэропортунан келип, майлуу орунга отурушкан.

 

 

Коррупциянын жыты канча жерден жыттанганын өзүңүздөр баамдап жатсаңыздар  керек?..  Баса,  Илим Карыпбеков айдоочуларга байланышкан чырдын башында өзү туруп,  кийин Байкоочу Кенешке “ гараж башчысын алмаштыруу боюнча буйрук чыккан эмес” –деп жалган маалымат берип,  жогоруда айтылгандай аягында Радиотелеборбордун башчысына  жана баардык айдоочуларга сөгүш жарыялаганына жол болсун!

 

 

Сүрөттө  түшүнүк кат  

 

Башкы жетекчи эмнеге эле негизги ишке көңүл бурбай, жалан  ремонт иштери менен алек болуп, эртеден кечке. соц тармактарда  отуруп алып, ар ким менен кайым айтышат  десе,  көрсө кылаар иши жок, бош калган өңдүү…Бир карасаң бул жерге Башкы деректирдин кереги деле жоктой,  негизги ишти орун басарлар эле ойдогудай аткара бере турган. Таңгөрүү, мындай  «везучийлерге » айла жок деги…

 

Мына ушул «везучий» жигит, кечээ жакында  кыргызга төбөсү көрүнүп эле калган улуу муундагы  эки кызматкердин «соц. тармакта отурганга убакытты кантип таап жатасыз?» - деген суроосуна теригип,  өзүнүн 3 орун басары менен администрациянын 15 чакты кызматкерин чогултуп, 1 сааттан ашык чогулуш өткөрүп,  иштен кете тургандардын  катарына илинишкенин кыйытыптыр. Акыры тигилер  Карыпбековдун соц.тармакка жарыялаган постторуна лайк баспай, сын айтканы  үчүн кечирим сурап араң кутулушканын эшиттим.Бул өткөн жылы эле бюджеттин аткарылышы боюнча парламентке чакырылган 42 мам. кызматкердин текке кеткен убактысы  үчүн  “бюджеттен дагы 13 мин сом короду” - деп соц. тармакта сын таккан жетекчинин жоругу.

 

 

Көрсө Карыпбеков  КТРК кызматкерлерин кесиптик тажрыйбасына эмес,  баш деректирдин соц.тармактардагы  постуна коюлган «лайктар» менен «смайликтерге» жараша  баалайт экен.Ишенбесенер текшерип көргүлө,  анын ар бир постуна  кайсы кызматкер тынымсыз лайк басып, комментарий жазып турса ошого кандайдыр бир дегээлде жетекчилик тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн далилдей турган  бир топ фактылар бар экен. Маселен, 100дон ашык кызматкерди бошотууга  жарап берген «чип» көзөмөлүнөн бошотуу, чет өлкөлөргө иш сапарларга жиберүү,  акчалай же мамлекеттик  сыйлыкка көрсөтүү,  материалдык жактан колдоо көрсөтүү ж.б.  Мына ушундай артыкчылыктын «даамын» татып калгандар  башчысы үчүн баарына даяр өңдүү түр көрсөтүшкөнү менен, дарыгерлердин тили менен айтканда  кудум эле «илдетти алып жүрүүчүнүн» өзүнө окшоп, бир заматта эле аны сатып коюшканын кантесин?..

 

Илимге ийгилик алып келип турган  «илдеттерди» санай берсең түгөнчүдөй эмес…

 

   Ал эми учурдагы  Байкоочу Кенештин ишмердиги боюнча айтыла турчу сөз арбын экендигин айтышты, КТРКчылар.  Буларга «илдет» баарынан мурун,  “без очеред”  жуккан өңдүү. Уккан кулагыма ишене турган болсом  Байкоочу Кенештин төрагасы  Жыпар Жекшеев келээри менен эле  КТРК жетекчисине «адвокат» болуп алган, кийнчерээк бул милдетти кеңештин мүчөсү  Анаш Кадырова  экөөлөп аткарууга  катуу киришиптир. Мына ушул эки билермандын көрсөткөн жолу  менен  Байкоочу Кенештин Жобосуна өзгөртүү киргизилип,  (Карыпбековго ылайыкташтырылган: жетекчилик стажы 5 жыл, англис тилин билгендерге артыкчылык)  Карыпбеков каналды дагы 4 жыл башкарууга укук  алууга камынып жатканын эшиттим.  Буйрук болуп,  булардын аракети ишке ашып калса, каналдын андан аркы тагдыры биротоло чечилип калышы ажеп эмес. Дегеним,  тымызын аракетке күч жумшап жаткандар КТРКны менчик колго өткөрүп,  башкы орган боло турчу директорлор кеңешине  мүчө болуп калууну көздөп жатышканы айдан ачык байкалып турат. Илимге мамлекеттик медиа мекемени өркүндөтүп, жумурай журттун көз карашын өзгөртө турган идеология жүргүзүү эмес, олуттуу медиа ишкананын башында туруу гана маанилүү  экенине анык далил!Бул деген саясий куйтулуктун жеткен чеги эмеспи!

 

А бирок, эгерим эле ушул кадамдар ишке ашып кала турган болсо, КТРКда чон чуу чыга тургандай…«Чыдаган жаныбыз чыдай туралы, аз калды...» -деп, өздөрүн сооротуп келаткан жамаат  «жарыла» тургандыктарын,  керт башынын камын көргөн Байкоочу Кеңештин  төрагасы менен  ары секирип, бери секирген айрым мүчөлөрүн аларга  мыйзамдуу укук берип жөнөткөн тарапка  кайра чакыртып алуу маселеси бышып,чегине жеткенин,  буга жетиштүү фактылар топтолгондугун кеп салышты.КР Эсептөө палатасынын расмий сайтында жарыяланган 57 миллион сом   боюнча  Байкоочу Кеңештин үн катпаганында дагы далай сырлар бар сыяктуу…

 

«Илдет» КТРК кызматкерлеринин  укугу менен кызыкчылыктарын коргоп бере турган профсоюз уюмуна да жукканын айта кетпесек болбос.Тээ мурдараак 130 кызматкерди үйлүү кылып, жамааттын оорун колдон, жеңилин жерден алган   мекемедеги абройлуу уюм  бүгүнкү күндө  же бар эмес же жок эмес,  чала жан абалда. Иштен кеткен 120 кызматкердин бирөөнүн да укугун коргогонго жарабаган уюм  дал ушул Карыпбековдун кысымынан улам баш көтөргөнгө чамасы жок, администрация өткөрө турган майда –барат майрамдар менен алаксып калган.Кечээ эле, жаны жыл алдында КТРК жамааты арзыбаган айлык маянасынын жарымын зорго алышса, калган бөлүгүнөн ай аяктап бара жатса да кабар жок. Бул кызматкерлерди эксплуатациялоого жатпайбы,  же Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын Карыпбековго таасири жокпу?

 

Илимдин «илдети» анын жан жөкөрлөрүнө,  коркоктор менен кошоматчыларга гана  эмес КТРКда эчен жыл кызмат өтөп,  ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, коомчулуктун сый урматына татып калган улуу муундагы  аксакал, көксакалдарга дагы жуккан сыяктуу…Качандыр бир кезде куттуу мекемени башкаруу вазыйпасы буюруп ,  бүгүнкү күндө  да жетекчилик шыбагадан кол үзө элек ,  сүйлөсө сөздүн, сүйөнсө  төрдүн көркүн чыгарган  улуу муундагы  уул-кыздардын  тилдери  мокоп, чындыкка түз карай албай, жалганга таяныч боло тайсалдап турганына өкүнбөй кое албайсың… Жок дегенде мына ушул кишилер «илдеттен» алыс болуп, калыстыктан тайбай турса, арттагы жаштарга азганактай сабак болоор беле?..

 

Заманын бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү болом деген заманда «кашыктап чогулткан кадырдын  чакалап төгүлбөй»  турганы ырастыр?..Канткен менен катаны оңдоп, «илдеттен»  айыкса болот, ал эми булганган абийирди калыбына келтирүү оңой эмес...

 

“Майдан. kg” гезити