2018: Жылдын окуялары

 

 

 

 

 

Ошентип, 2018-жыл да соңуна жете келди. Бул жылы өлкөдө кандай окуялар болду, коомчулуктун көңүлү эмнеге бурулуп, кайсы ийгиликке кубанды жана кандай жүрөк өйүткөн жагдайларга туш болду?

 

Рейтинг

 

Жыл сайын дүйнөлүк ар кайсы уюмдар ар башка багыт боюнча өлкөлөр арасында рейтинг түзөт. Бул жылы Кыргызстан кайсы изилдөөдө кандай орунга ээ болгонун байкап көрөлү.

 

The Boston Consulting Group эларалык компаниясы жүргүзгөн бакыбаттуулук жана экономикалык өнүгүүнүн турукташуусу Индексинде 152 өлкөнүн арасында 95-орунга ээ болду. Коңшу мамлекеттер Казакстан - 57, Өзбекстан – 101-орунга илешип, ал эми Түркмөнстан тизмеге илинбей калганын эске алсак, биздин өлкөнүн ийгилиги канчалык деңгээлде экенин баамдоого болот.

 

Ал эми жарандардын эркиндигин аныктаган рейтингде Кыргызстан 99-орунга ээ болуп, Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасынан бир гана Казакстан жарандарынын эркиндиги боюнча биринчи орунга чыкты.

 

Ал эми коррупцияланышкан өлкөлөрдн аныктоодо биздин өлкө эң бир коррупцияга малынган делген 30 мамлекеттин арасынан көрүндү.

 

ЖЭБден  “жабыркагандар”

 

Жыл башында беш  күн чыкылдаган аязы менен эсте калды. Сырттагы гана аяз эмес, бул күндөрү бишкектиктер үйдүн ичинде да тоңуп отурушту. Жарым жылдай убакыт мурун гана толугу менен оңдоодон өткөрүлдү делген ЖЭБ жарылып, бул элдин акчасын өөнөп алуудан ырахат алгандардын бир тобунун жүзүн ачты. Беш күндүн ызы-чуусу жылга созулуп, бир нече аткаминердин “башын” жеди. Башкы прокуратура бир нече беренелер менен кылмыш ишин ачып, анын негизинде жумшак креслодо отургандардын бир тобу темир тор артына кетишти. Алардын арасында “Электр станциялары” ААКсынын директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоев, техникалык директор Алмазбек Жусупбеков каражатты мыйзамсыз чыгаруу жана өөнөп алууга айыпталса, башкы директор Узак Кыдырбаев менен аткаруучу директор Темирлан Бримкуловго кызматтык укуктарын ашыра пайдалангандыгы боюнча айып тагылды. Мурда “Электрдик станциялардын” башкы директору болуп, авария болгон учурда Жалал-Абад шаарынын мэрлигине конууга үлгүргөн Салайдин Авазов да четте калбады. Өзү менен чогуу мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровду да “ала” кетти.

 

ААКнын эң жаш директору Айбек Калиев коррупция менен шектелип, камакка алынды.

 

5-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев кармалып, эки күндөн кийин айып тагылды да, тергөө амалдары аяктаганга чейин камакта калтырылды. ЖЭБди модернизациялоо боюнча макулдашууга кол коюлган маалда Артыкбаев энергетика министри болуп турган. Мындан улам ал дагы коррупцияга шектелди.

 

Ушул эле күнү Атамбаевдин дагы бир кадры, бир топ даражалуу кызматтарда иштеген Кубанычбек Кулматов 2 миллион доллар грантты мыйзамсыз иштеткендиги үчүн кармалды.

 

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев чубалжыган тизмеден орун алууга жетишти. Ал дагы колу менен жасаганды моюну менен тартууга темир тор артында калды.

 

Сапар Исаков

 

Мурдагы премьер-министр үчүн бул жыл өзгөрмөлүү жылдардан болду. Он эки ай ага өкмөт башында турууга да, андан кетүүгө жана темир тор артына жетүүгө жетиштүү болду. Апрелде парламент премьер-министр Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөө жарыялады, ошол эле күнү президент өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыккка кол койду. Алдын-ала даярдалып коюлгандай, кыска мөөнөттө жаңы министрлер кабинети түптөлдү дагы, анын башына ага дейре бир ай гана президенттик аппаратты жетектеген Мухамедкалый Абылгазиев келди.

 

Арадан бир ай өтпөй, Исаков УКМКга суракка чакырыла баштады. Жыйынтыгында, сот аны камакка алууга чечим чыгарды. Мурдагы өкмөт башчы Бишкек ЖЭБин кемиргендердин сап башында тураары айтылды.

 

“Ишенген кожоң сууга акса...” - Илмиянов жана Ибраимов

 

Биринчи май райондук соту экс-президент Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарды. Мурдагы кеңешчи кандай кылмыш ишине жоопкер болуп калганы ачыкталбады. Ушундай болоорун алдын ала көрө билгенсип, кылмыш иши козголоорго чейин ажыга кеткен Илмиянов Кыргызстанга кайткан жок. УКМК ага издөө жарыялап, КСДП анын Москвада энесин дарылатып жатканын айтып чыкты. Көп өтпөй, Илмиянов Россиянын аймагында кармалып, октябрда өлкөгө алынып келинди.

 

Бишкектин экс-мэри, экс-президент Атамбаевдин жакын досу делген Албек Ибраимов да буга чейин жеген-ичкенинин акысын ушул жылы төлөп баштагансыды. Ал  “Дастан ТНК” ААКсын башкарып турган маалда коррупцияга жол берип, ишкананын арты менен өз капчыгын калыңдатканына  айыпталды.

 

Акталгандар жана акталбагандар

 

Жогорку Кеңештин 2017-жылдын аягында камакка алынган депутаты Канат Исаев кайрадан эл өкүлү катары ишмердүүлүгүн улантты. “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп айыпталган депутатты Бишкек шаардык соту сот залынан бошотту. Токмоктун мэри болуп тургандагы кылган иштери үчүн ачылган кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жабылды. Ага коюлган “Коррупция” беренеси “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганга” алмаштырылды.  

 

Ал эми саясий куугунтуктун негизинде мурдагы бийликтин убагында камалган саясатчылардын ишинде өзгөрүү болбоду. Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу начарлап ооруканага которулду. Ага каршы арыз жазган Маевский Москвада чуулгандуу иштин негизинде камакка алынды. Саясатчы өзүнүн ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону өтүндү эле, ал кабыл алынбады. Президент Текебаев ырайым сурап кайрылса, бошотушу мүмкүндүгүн айтты. А бирок, “Ата Мекендин” лидери ырайым сурагысы келбеди.

 

Шадиев

 

Бул жылы Шадиевди таба албай көпчүлүктүн шайы кетти. Бир нече күн кайып болуп кеткенсип, кабарын билдирбеди. Депутаттар бирдеменин шегин билишкенсип, издөө салышты, Мамлекеттик чегара кызматы анын чегараны кесип өтпөгөнүн айтты, УКМК өлкө ичинде экенин белгиледи. Бир канча күндөн кийин гана алыскы Америкадан дубай-салам келди. Шадиев колуна кишен салынышын күтүп отурбай эле, Лейлектин суусун кечип, коңшу мамлекетке өтүп, андан ары океандын ары жагына учуп кетиптир. Атамбаевчилердин арасынан башын куткарып калган ушул болду. Айрым эксперттер Шадиевге качууга бийлик өзү мүмкүнчүлүк бергенин айтышты. Анткени, алардын пикиринде экс-депутат коррупциялык иш боюнча көп маалыматтарды билет, аны камакка алуу ошол сырларды шардана кылууга аргасыздык жаратмак.

 

Бийлик

 

Бул жылы мурдагы жана азыркы президенттердин карама каршылыгы күчөп отуруп, коомчулукка шардана болду. Өткөн жылдын аягында эле эки президенттин ортосунан кара мышык чуркап өткөнү айтыла баштаганы менен имиш кептер ушак катары гана кабыл алынган. А бул жылы эски достордун арасындагы ажырым чындап эле пайда болгону айкындалды. Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен аеосуз күрөшөөрүн жар салды. Ага удаа эле “мурунку бийликтен калган-каткандардын жолу болду”- дегендерди кызматтан бошотуп, болбой калгандары кылмыш ишинин фигурантына айланды. Бул мурдагы президенттин кыжырын кайнатып, ал турмак бийлик атасынан калган мурастан бетер, досуна өткөрүп бергенине өкүнөөрүн да билдирип жиберди. Бир жыл эксперттердин учурдагы президенттин өз алдынча позициясы жок, ээрчиме мамлекет башчыга айланаарын белгилеген божомолдорун да жокко чыгарды. Жээнбеков тез эле өз бийлигин түптөө аракетин баштады. Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев арызын жазып, ордуларын бошотушту. Март айында  президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов мурунку бийликтин артынан кетти. Апрелде премьер-министр Сапар Исаков кызматын тапшырды. Ошентип, аз убакыттын ичинде Атамбаевдин кадрлары бийлик бутагынан жылмышты.

 

“Кара касса”

 

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов ноябрдын ортосунда соцтармакка Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын чыгашасы менен кирешесин ашкерелеген документтерди жарыялады. Документтердеги цифралар мыйзам боюнча шайлоо штабдарына киргизилген каражат чектеринен бир топ ашаарын көрсөтүп турат. Бирок, учурдагы президенттин аппараты бул маалыматты калпка чыгарып, жарытылуу комментарий бербеди. Ага удаа КСДПнын саясий кеңешчиси, Россиянын жараны Василевецкий маек берип, Жээбековдун шайлоо штабында иштеп, ал үчүн бир нече миң доллар акы алганын жар салды. КСДПнын бухгалтери кара кассанын документтери жарыялангандан кийин коркконунан Кыргызстандын аймагынан чыга качканы айтылууда. Президент Жээнбеков маалымат жыйынында “кара кассага” тиешеси жоктугун, шайлоо штабын башкарган Фарид Ниязов жооп берүүсү керектигин билдирди. Президенттин мындай жообу Атамбаевдин  ыргыткан укуругу айланып келип эле өз адамдарынын башына чабылып калышы мүмкүндүгүн кабарлагансыды.

 

Тышкы саясат

 

Өткөн жылы Кыргызстан менен алакасы муздаган бир катар коңшу жана алыска мамлекеттер менен мамиле калыбына келди. Бийлик Казакстан менен кыргыз-казак мамлекеттик чегарасынын режими боюнча макулдашууга келе алды. Түркия менен да  мамиле үч жылдык алысташуудан кийин 3-сентябрда Бишкекте өткөрүлгөн Түрк кеңешинин мамлекеттер башчыларынын саммитинен кийин жакшы жагына багыт алды.

 

Мигранттар - кайгы жана кубаныч

 

Москвада таксист болуп иштеп жүргөн 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу жол кырсыгына туш болду. Насыяларынан кутулуу үчүн башка өлкөгө барып жүргүнчү ташып иштеп жаткан айдоочу кырсык болоордун алдында 20 саат рулда отургандыктан, акыркы мүнөттөрдө шайманы кетип, газ менен тормозду алмаштырып басып алганын айткан. Айдоочунун окуясы кыргыз коомчулугунун биримдигин жараткандай болду. Дээрлик 60 пайызы мигранттык жашоону башынан кечирген кыргызстандыктар  Чыңгыздын окуясын жүрөгүнө жакын кабыл алышты. Ушундан улам, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу башка өлкөдө жүрүп башына мүшкүл иш түшкөн мекендешке мамлекеттик тийиштүү кызматтар кол сунушуп, жол кырсыгынан жабыркагандарга айрым партиялардын, кызматтардын өкүлдөрү барып, кечирим сурашты. Жыйынтыгында, сот  Чыңгызга карата бир жарым жылга мажбурлап иштетүү чечимин чыгарды.

 

Чыңгыздын окуясынан кийин Москвада дагы да айдоочулук кесипти аркалаган кыргызстандык тууралуу маалымат тарады. Бул сапар сыймыктуу. Кайрат Тентимишов кардарынын сумкасын кайтарып берүү үчүн ал кирип кеткен үйдүн жанында сегиз саат аязга чыдап күтүп турган. Орус кыз кыргызстандык айдоочуга ыраазычылыгын соцтармак аркылуу билдирди эле, жалпы кыргыз сыймыктанып эле жатып калды.

 

Аба

 

Бишкекте жолду кеңейтүү максатында бак-дарактар аеосуз кыйылды. Ага удаа, кыш келип, эл үй-жайларын ысытуунун аракетин көрө баштаары менен дагы бир маселе жаралды. Шаардын үстүн коюу түтүн каптады. Дарыгерлер түтүн менен дем алуу адамдын организмин билдирбей жабыркатаарын айтышты. Көпчүлүк абанын булганышына менчик мончо, сауналардын, шаар четиндеги жаңы конуштардын тургундарын айыптап чыгышты. Айрымдар жаңы конуштарды бирден кыдырып, мончо ысытуу үчүн көмүр ордуна ар кандай калдыктарды жаккандарды таап, айып пул төлөтүүнүн да сунушташты. А бирок, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба Мамлекеттик агенттиги абанын булгануусу нормасынан аша электигин айтып, элди тынчтандырууга аракет кылууда.

 

Зилалиевдин миллиондору

 

Мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө толтуруучу декларациядагы көрсөткөн байлыгы менен реалдуу жыйган-тергени эки башка чыкканы үчүн экс-вице-премьер-министр  Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынды. Козголгон кылмыш ишинин негизинде, анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 100 миң доллар жана эки жарым миллион сом табышкан. Андан тышкары да баалуу буюмдар табылганы белгилүү болду. Өткөн жылдын аяк ченинен бери башына мүшкүл үйүлгөн Зилалиев “бомбадан” эми кутулганда, алкымынын айынан кайра тутулду. А бирок, өзү кылмышын моюнуна алгысы келбей, баарын саясатка көңтөрүүнүн аракетин көрө баштады.

 

Ыдык көргөн наристелер

 

Бул жылы сырткы миграция жараткан маселелер кульминациясына келип жеткендей болду. Алардын бири – наристелер. Башка өлкөгө иштеп, акча табуу үчүн агылган жарандардын балдары туугандарынын, ал турмак тааныштарынын колунда калып, боору таштардан запкы жеп, ал турмак өмүрү менен кош айтышкандар болду.

 

Ноябрь айынын аяк ченинде баланы жана энени коргоо Улуттук борборунда эки жаштагы бала каза тапты. Анын денесинде көп сандаган жарааттар, ур-токмоктон калган тактар болгонун дарыгерлер аныкташты. Баланын энеси Россияга кеткенине аз эле убакыт болуптур, эки жаштагы наристесин курбусуна ишенип таштаган экен. Өзүнүн да үч баласы бар 32 жаштагы аял баланын керебеттен кулап кеткенин айтканы менен, дарыгерлер анын сабоодон каза тапканын белгилешкен. Бирок, уулунун каза тапканын угуп, Россиядан келген эне курбусуна эч кандай дооматы жоктугун айтып, арыз жазуудан баш тарткан.

 

Декабрь айынын аяк ченинде дагы бир энеси сырткы миграциянын өкүлү болгон бир жарым жаштагы балакай көз жумду. Жети-Өгүз райондук ооруканасына эсин жоготкон акыбалында жеткирилген бөбөк эсине келбеген тейде о дүйнөгө кете берди. Баланын 21 жаштагы энеси Россияга ноябрда кетип, уулун жеңесине калтырган. Алып калган аял баланы шымына сийип койгону үчүн чыбык менен сабаганын моюнуна алган.

Ал эми дагы бир эки жаштагы бала өз энесинин колунан ажал тапты. Ош шаарында күйөөсү менен ажырашып, баласын жалгыз чоңойтуп жаткан 24 жаштагы келин чүрпөсүн сүзгүч менен чаап өлтүрүп алды.

 

Сегиз айлык наристе энесинин кайгылуу сүйүүсүнөн улам аз жерден өмүрү менен кош айтыша жаздады. Жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кетип, сегиз айлык баласын көтөргөн бойдон бешинчи кабаттан секирген аялды дарыгерлер сактап калышты. Бала да оор жараат алганы менен тилекке жараша аман.

 

Ош шаарында бала бакчада иштеген келин бир жарым жаштагы кызын жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөнү жатканда кесиптеши арачылап калган. Кыз реабилитациялык борборго өткөрүлдү.

 

Жакында, кыштын чыкылдаган суук түнүндө бир жарым жаштагы баланы аялдамадан табышкан. Милиция иликтей келгенде, бала өзүнүн чоң энеси тарабынан ташталганы маалым болгон. Үч балалуу болгондо күйөөсү менен ажырашкан аял кичүү уулун күйөөсүнө берген. Бирок, чоң эне карачечекей небересинен караңгы түндө аялдамага таштап салуу менен кутулууну чечкен.

 

Гиннес китебине кирген бешбармак

 

11-март, Ак калпак күнүн утурлай Бишкекте 1 тонна  464 килограмм бешбармак жасалды. Уюштуруучулар кыргыздын улуттук тамагын Гиннестин китебине киргизүүнү максат кылышкан. Тамакты даярдоого 150 литрдик 12 тай казан керектелип, 650 кг эт, 700 кг кесме кеткен. Андан тышкары 117 метр чучук жасалды. Уюштуруучулардын эмгеги акталып, бир нече айдан кийин эң чоң көлөмдөгү бешбармак Гиннестин китебине киргизилгени маалым болду.

 

Шевченконун ийгилиги

 

Бул жылы спорт жаатында ийгилик Валентина Шевченкого жылмайды. Ал өзүнүн карьерасында биринчи жолу UFC балбандардын чемпионаттыгында чемпиондук титул алды. Президент Сооронбай Жээнбеков балбан кызды телефон аркылуу жеңиши менен куттуктады.

 

 

 

“Майдан-пресс”, “Майдан. Kg” гезити