“Майдандын” эркин микрофону

 

 

- Алмаз мырза, Шадиевдин мандат маселеси да маселе жаратып, башта “өз эрки менен мандатынан баш тартты”- деген маалымат кетсе, азыр ал арыз жазбаганын айтып, интернетке билдирүү таркатты го?

 

- Мунун баары саясат саат сайын өзгөрүп жатканын далилдейт.  Шадиев мандатынан айрылгысы келбеген билдирүү таркатканынын да жөнү бар. Анткени, ал мандатты чоң каражат кетирип алган. Ошон үчүн мандаттан айрылгысы келбей жатат. Анын үстүнө арызды өз колу менен жазганбы же жазбаганбы деген да маселе жаралды. Эгерде арызды өз колу менен жазганда кайра чыгып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган билдирүү таркатмак эмес. Шадиевдин маселесинде кечээ башка, бүгүн башка жагдай жаралып жаткандын өзү саясат ушактын деңгээлинде жүрүп жатканын далилдеди.

 

- Бирок, Алтынбек Сулайманов Шадиевдин билдирүүсүнөн кийин “ал кайсы оюнду баштап жатат” деди  го?

 

- Негизи иш козголгондон кийин ал аягына чыкмайын мындай оюндар болбошу керек эле. Сот ак болсо ак, кара болсо кара деген тыянак чыгарбашы керек болчу. Бизде болсо, баары башаламан болуп, түрдүү, ойго келбеген жагдайлар жаралды..

 

- Буга чейин эмнегедир Шадиевге аяр мамиле жасалып жаткандай түр көрсөтүлгөн. Илмияновду кылмыш ишин козгоор замат кармап келсе, Шадиевди кармоо аракети көрүлбөгөндөй болгон...

 

- Шадиевдин кылмыштары боюнча шугулданган ведомство ага эмнегедир жумшак мамиле кылып жатышкан. Ошон үчүн анын иши созулуп жатат. Илмияновго кылмыш иши ага салыштырмалуу кеч козголгону менен ал бир жылдан бери байлыгынын баарын ташып, оффшордук эсепке салып, үй-бүлөсүн Америкага алып чыгып кетип, өзү эч нерсеси жок, башкача айтканда, майкачан колго түшүп берди.

 

Шадиев да ушул сыяктуу бар байлыгынын баарын оффшордук эсепке салып, бир аз убакыт өткөндөн кийин келиши, колго түшүп бериши мүмкүн. Бирок, ал келгенче анын тууган-уругу, партиялаштары жогору жак менен тил табышып, аппак бойдон келе турган шарт түзүп коюшу да ыктымал болчу. Сыягы, канча президенттин тилин тапкан Шадиев бул президент менен да иштешүүнүн жолун табууга аракет кылмак. Ошон үчүн ага жумшак мамиле жасалып жаткан. Бирок, анын билдирүүсү көп нерсени өзгөрткөндөй болду. Мындан ары окуя кандай багытка өрчүүрүн убакыт көрсөтөт.

 

Бирок,   Кыргызстанда мамлекеттик жумушта иштеп жүрүп байыгандардан жалгыз Шадиев эмес. Андайлар көп. Алар азыркы президентти да курчап алышты. Президенттин эрки, күчү  жетсе, аны-мунусуна көнбөй андайларды камашы керек эле. Мындайларга катуу чара көрбөсө, кийинки президенттин да тилин таап, баштагы иштерин уланта беришет.

 

- Эмне үчүн президенттик шайлоодо азыркы ажону маарага сүрөгөн, буга чейин жогорку кызматтарды аркалаган Илмияновго  каражат боюнча айып тагылып, аны алдамчылык иштер менен алек болгон адамдай көрсөтүү аракети жүрүп жатат?

 

- Акча бар жерде чыр чыгат. Илмияновду “ишкерден алды” деген 150 миң доллар үчүн эле камаган жок. Ал ачыкка чыккан сумма. Аны миллиондордун жигин билүү максатында кармашты. Кимдир бирөөлөр менен бөлүшсө, “эки жылда кармалды, камалды” деп Акмат Бакиевдей болуп чыгып кетет. Бөлүшпөсө азабын жейт.

 

- Илмияновду сындыруу үчүн жалгыз камерага камаштыбы же жалгыз камоонун эл билбеген  сыры барбы?

 

- Жогоруда айткандай, чыгарып кеткен каражаттарын артка кайтартып алуу үчүн аны жалгыз камерага камашса керек. Анткени, алган акчасын мыйзамдуу жол менен кайтарбаса, кара күчтөрдүн жардамы аркылуу өндүрүүнүн  аракетин көрүшөт. Ошон үчүн аны бөлүп камап жатышкандай. Бул бир жагы. Экинчи жагы, Илмияновго кекенгендер көп. КСДП бийликке келгенде мамлекетке кандай зыян келсе, Илмиянов бийликке аралашканы, жеке ишкерлерге да так ошондой зыян келтирилген. Ага тишин кайрып жүргөндөр ал камакка алынганда “баягы ишиң үчүн жооп бересиң”- деген каттарды киргизиши мүмкүн. Ошондон пайдаланып, жогору жактагылар аны жалгыз камерага которуп, коркутуп, үркүтүп, “партиянын акчасы, алтыны же болбосо тоноп жүргөн акчаларың кайда”- деп көбүрөөк өндүрүү үчүн ушундай ыкманы колдонушу мүмкүн. Анткени, бийлик менен криминал чогуу иш кылган учур келди.

 

- Ошондо Илмиянов эки достун тирешинин кесепетинен камакка алындыбы же чындап эле мурдагы туура эмес иштери үчүн камалдыбы?

 

- Менимче, Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тирешинен камакка алынды. “Атамбаевди алсыратабыз, былык иштериңди чубап чыгабыз”- деген максатта Илмиянов камакка алынып, эки достун пикир келишпестигинин курмандыгы болду.

 

Эки дос бири-бири менен урушпаганда Икрамжан Илмиянов,  Фарид Ниязовдор кеңешчи болуп, Атамбаевдин командасы толук бойдон иштей бермек. Ортодо түшүнүксүз кырдаалдан чыр чыгып, эки достун мамилеси бузулуп, өч алуу күч алды. Азыр Жээнбековго өтө качкан кошоматчылар отуруп алып, “сен Атамбаевдин командасында болчусуң” деп баарынын чөнтөгүн кагып жатат. Башкача айтканда, кландык согуш орун алып, президент Атамбаевдин адамдарынан арылып, өз адамдарын алып келүүнүн аракетин көрүп жатат..

 

- Президенттин өз адамдары кимдер?

 

- Мурда Атамбаевге иштеп, азыр Сооронбай Жээнбековго өтө качкандар.

 

- Алмаз мырза, эмне үчүн Абдил Сегизбаевди, Индира Жолдубаеваны камоо аракети башталбай жатат. же алар камай турган иш кылышкан жок беле?

 

- Алар финансылык каражат менен  маселеси жок  кызматтарда иштеп, бир кишинин гана камчысын чабышты. Экономикалык маселелерди Илмиянов аркылуу чечип алса, аларга да кезек келет. Сегизбаевдин, Жолдубаеванын да эл алдында жооп бере турган маселелери бар. Аны эл сурап алат.

 

- Айрымдар Атамбаев күчтөнүп жатканын божурашат. Ал азыркы президентке реалдуу каршылык көрсөтө алабы?

 

- Бийликтин булагы эл. Эгерде Атамбаевди эл колдогон болсо, чоң күчкө айланат. Бирок, Атамбаевди азыркы убакта эл колдобойт. Ал сүрөгөн, колдогон эли жок, өзүнүн тегерегиндеги адамдар менен эч качан  саясий күч болуп кете албайт. Ошондуктан, бийликти алып коёруна ишене албайм. Эл азыр баарын түшүндү. Эл бийликке таза адамдардын жана жаштардын келишин күтөт. Ошондой эле эл үчүн иштей турган мыйзамдарды кабыл алып, Конституцияны, Шайлоо кодекстерин акыйкаттуу иштей турган кылып өзгөртүшүбүз керек. Конституцияда бийлик өзүнчө, эл өзүнчө болуп калган. Референдум өткөрүп, бийликти элге бериш керек.

 

- Баса, Иса Өмүркуловду да партиядан чыгарышты. Анын 25 жылдык мээнетин неге эске алышкан жок?

 

- Иса Өмүркуловдуку саясий чечим болду. КСДПда Өмүркуловго окшоп ысык-суук күндөрдү көргөндөр да, кокустан келип калган олигархтар да бар. Ошондой эле байлыгын, бизнесин сактап калууну көздөгөндөр  шефи оор абалга кептелгенде кара башын коргоп калуу үчүн кемеден секире баштагандар да бар. Негизи КСДПнын көпчүлүгү шопурдай абалга кептеле тургандар. Бирок, Иса Өмүркуловду мүчөлүктөн чыгаруу КСДПга чоң минус алып келди. Эми бири-бирин чукуп, КСДПнын былык-чылык иштеринин баары ачыкка чыгат. Бул нерсе КСДПны деградацияга алып келет. Көпчүлүгү парламенттик  шайлоону утурлай кошомат партияларга кошулушуп, депутат болуунун жолун издешет.

 

- Иса Өмүркуловду, КСДПны кандай тагдыр күтөт?

 

- Иса Өмүркулов эски карт бөрүлөрдүн бири. Ал сүйлөшүүлөрдү бүткөрүп алган үчүн ушундай кадамга барды. Ал парламенттик шайлоо бийликке ыктаган партиянын бучкагын кармап, дагы парламентке баруунун жолун табат. Жашап кетет. Утуш Өмүркулов тарапта болот. Анткени, бийликке ыктап, өз командаларын таштап кеткендер утушка ээ болуп жатат. Болгону, ушул жагдайдан кийин кадыры түшкөн КСДПнын мындан да кадыры кетет. Партия ичинде күч алган  интригалардын баары 2020-жылкы шайлоо процесстерине тиешелүү.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити