Айтылып кетти өзү эле... 


Өткөндө “Чындык” сайтына “Атамбаев үчүн Камчыбек Ташиев менен Асланбек Сартбаев кер-мур айтышты…”- деген куш тилиндей маалымат жарык көрдү. Анда, Камчыбек Ташиевди телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктаган Аслан Сартбаев (“Азия ньюс” гезитинин редактору) көнүмүш кычаштыгына салып, “Камчыбек байке, жазда Атамбаевге барып, “Алмаз байке, баштабайлыбы, сиз туруп бербейсизби?” деп айттыңыз беле? Ошол эле моментте жакында сиз президент Жээнбеков тарап менен да сүйлөшкөнүңүз чынбы? “Атамбаев митинг, тополоң кылса мен өзүм каршы чыгам” деген сөздөрүңүз да чыкты. Кайсынысына ишенели?”- дегени, андан ары күүлөнүп, Ташиевди жаманатты кылуу максатында -  “жакында 7-каналга Сооронбай Жээнбековду соккон видеоматериалды да моюнуна албай, аягында ошол жерден президенттин короосуна өзү таш ыргытып атканын да танып, теңирден тескери кеткени кандай?” деп суроо салымыш болуп, дагы бир далай суу кечпеген жаманаттылоолорду чаптаганы айтылат. Акыры, “жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, бул маалыматтарды ким таркатып жатканы белгилүү болду. Баягы эле Аслан Сартбаев экен.

 

Ар качандан бир качан аты чыгып элге таанымал болуп калган инсандарга кычаштык кылып, ар-нерсе, бир нерсеге жалаа кошуп жаза салып, анан “дагы жазам” деп шантаж жасап, ар-денке, бирдеңке алып күн көрүп келе жаткан Асландын жоругу элге бештен белгилүү деле болуп бүттү. Антип тапканынан таяк жегени деле көп болуп, ушак менен жалаага ыза болгондордун жети-сегизи келип сабап кеткенине деле карабай, жалакорлорлугун улантып элге, саясатчыларга жаман көрүнүп бүттү. Ушак менен жалааны да ойлонуп жазыш керек да, мисалы: “7-канал” капкачан Илмияновго сатылып, Атамбаевге өтүп кеткенин Аслан билбесе эл билет. Анан “7-каналдан Ташиев Сооронбай Жээнбековду жамандатып атат”- дегени кандай? Ким ишенет?

 

Акыркы жылдары, Аслан Сартбаевдин “жайыты тарыгандан” улам, айласы куруп бараткандай. Анткени белгилүү адамдар, саясатчылар эле эмес, кесиптештерине да асылып, чака тыйын үчүн ар кандай ыпыластыктан кайра тартпаганы байкала баштады. “Жаңы Ордо” гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевди, “Кыргызтудей” маалымат порталынын ээси Бегалы Наргозуевди жамандап жазып атат. Ага чейин, кечээ эле өзүн түрмөгө камаган Алмазбек Атамбаевди жерге сууга тийгизбей мактап, ал камалганда колдоочу болгон коллегаларын калпычы, ыймансыз атап жатканынын сыры деле эң жөнөкөй, кызыл кекиртектин айынан болуп атат.

 

“Форумдун” кожоюндары анча-мынча бирденке жалатып, спонсор боло коюмуш болсо эле абийирин унутуп калып жатканын билебиз. “Атамбаев шымына сийип салыптыр, кара көк спорттук шым болгондуктан видеого жакшы түшпөй койду”,- деп Сабыр Муканбетовго эле эмес баарыбызга, бир топ журналисттерге айткан. Анан кара кекиртеги үчүн жанын жеп, кайра “Атамбаев сийген эмес, шымы таптаза, купкургак болчу, мен айткан эмесмин”,- деп Сабыр байкени жалганчы кылып, өзүнө бир ооз айтып койбостон, күбө катары Туратбек Мадылбековду кыстарып, анын атынан жалганды кошуп жазып уят болду. Мадылбеков “журналистер каалаганын жаза берет турбайбы” деп “Майдан” гезитинен жооп кайтарып шермендесин чыгарды.

 

Аслан Сартбаев камалганда журналистердин дээрлик көпчүлүгү “сооп болуптур, ушуну көрмөк” деп жатканда президентке кайрылуу жазып, кесиптештерди ийге келтирип, ынтымакка чакырып, Ак үйгө чейин барып, Самсаалы Четинбаевди көндүрүп тосмо арыз жаздырып, өзүн түрмөдөн куткарган Сабыр байкеге жалаа жаап жаткан адамдан эмнени күтүүгө болот?! Ал чекеде калган эле жорук, мисалы, 1,5 жылдан ашуун убакыт бою гезитинин чыгышына жардам берип, сүйөп-таяп келаткан өзүнүн эле байкеси Иманкадыр Рысалиевди убактылуу эле кызыкчылыктын айынан төпөштөп, өтө маскаралап жазып чыкканында бардыгыбыз жакабызды кармаганбыз. Өзүнүн байкесине жакшылык кылбаган адамдан эмне күтсө болот чын эле?

 

Асландын түрмөгө камаганга ичи ачышып, Атамбаевди көрүнгөн жерде жамандап жүргөнүн, шымга сийгенден да жаман окуяларды айтканын укканбыз. Алмаз Атамбаевдин: “жаман жыт чыгып, озүмдү абдан жаман сезип турам, үйгө барып жуунуп, кийим которунуп келбесем болбойт”- дегенин Роза Отунбаева деле айткан, Текебаев да анын шымын булгап алганын тастыктаган.  Анан бүгүн, кичине тартыштык боло түшсө эле Фариддин бир сындырым токочуна абийирин алмаштырганы Кудайга жага турган ишпи?

 

Сабыр Муканбетовдун “бирөөнү жалганчы деп айтаардан мурда күзгүгө каранып ал, сенин калпычылыгыңды сен чыгарган “Учур”, “Азия ньюс” гезиттеринин подшивкасын барактаса эле билинет”- деп жазган таамай сөзүнө жооп таба албай туттугуп жүргөн Аслан Сартбаев өзүнүн көндүм ыкмасына салып, жооп бербей эле башка жагынан жаманаттылоону чечип - “Сабыр Муканбетовду Туйгунаалы Абдраимов сабап салды,  томолото койду” деген ушак таратты.

 

Мас абалында Туйгунаалы Абдраимовдон таяк жегенин эскеримиш болуп, “Туйгунаалы Абраимов мени жыга чапкандан кийин арачы түшкөн Сабыр Муканбетовду сулата чапты”- деп көркөмдөп, ыйманын жеп калпты айтты.

 

Маселени андан да ажиотаждуу кылып, саясатташтыруу  максатында: “ Ташиев, Келдибеков ж.б. түштүктук саясатчылар биригип атыптыр, биз деле биригип аракет кылалы” деген таризде Туйгунаалы Абдраимов, Сабыр Муканбетов, Темир Сариев, Канатбек Исаевдер сыяктуу түндүктүктөр жыйылыптыр”- деп, трайбализм темасы менен окуяны курчутууга далбастап, чүйлүк агаларынан жеме угуп, “ошол сөздөрүмдү алып коюуңузчу” деп Бегаалы Наргозуевге жалдырап, ал албай койсо аны жамандап, айтор ички арзан дүйнөсүнүн курмандыгы болуп чебелектеп калды.

 

Биз атайылап, ошол Аслан Сартбаев токмок жеген күндөгү жыйынга катышкан Туйгуналы Абдраимов, Сабыр Муканбетов, Темир Сариев, Канатбек Исаевдер катышкан жыйын тууралуу иликтөө жүргүзүп, катышуучулардын ар бири менен сүйлөшүп, окуянын кандай болгондугун тактадык.

 

Биринчиден” түштүк түрүлүп атыптыр, биз да биригели дебей эле “Темир Сариев менен Канат Исаевди кол кармаштырып коёлу, болоор иш болду, ортодогу унутулсун” деген жыйын болгону, трайбалистик туз-даам арам ойлуу Асланбек Сартбаев тарабынан кошулганы, Асландын ашепке куйтулугун ашкерелеген “агалары” таарынгандан улам ал Бегалыга келип, алып коюуну суранып жалдыраганы, Наргозуевдин макул болбой койгону, андан кийин ал Б.Наргозуевге асылып жамандаганы маалым болду.

 

Биздин журналистер ал жерде катышкан адамдардын баарынан сурап, окуянын чоо-жайын толук тактап чыкты. Ал жерде Туйгунаалы Абдраимов Асланды сабаганы жалган болуп чыкты. Урбаптыр.

 

Аслан өлө мас абалында капыстан келип калып, дасторконго боортоктоп, мылжыңдай баштаганда Туй байке, “эй жоготкулачы мобуну, кет (!), чык эшикке” деп алдындагы хрустал стакан менен ит куугандай бир урганы, ал стакан Асланга тийбегени, коркуп кеткен Аслан сыртка чыга качып жоголгону, ортого Сабыр байке эмес, “Туке, Туке”деп Темир менен Канат арачы түшкөнү, арачычылар арак ичпей, урушпай-чабышпаган Сабыр байке менен Туйгун байке жүздөшүп, тойлошуп, уруш-чабышы жок эле тарашканы белгилүү болду. Арам оюу менен, арадай жерге чарадай чыр салгысы келген Аслан болсо, “ит болдум, кой ойлонойун, токтолойун” дегени билинбейт, улам жаңы чагымдарды ойлоп таап, абийирин чака тыйынга алмаштыруу үстүндө. Эл түкүрүп атканы менен иши жоктой!

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №036, 03.10.2018-ж.