Акылга сыйбаган аракеттер 

 

2017-жылдын октябрь айында тарых музейинде 63-жылдан бери сакталып жаткан “мумияны” Баткенге жеткирип, Кара-Булак деген көрүстөнгө коюшту. Ошол жерден аны 1954-жылы археолог Юрий Баруздин тапкан эле. Бальзамдалган сөөктүн жашын болсо окумуштуулар бир жарым миң жыл деп аныкташкан. Кыргызстанга бул эң негизги жана мумия түрүндү жападан жалгыз “экспонат” болуп берген. Эми так ушуну жер жүзүнөн жок кылган чечимге ошол кезде маданият боюнча министр болгон Түгөлбай Казаков кол койду. Атайын комиссия түзүп, курамына бир археологду кошкон, ал мындай чечимге каршы чыккан, бирок калгандары “акылсыздыкты” жапа тырмак колдоп беришти.

 

Ушундай кадамга эми  “энеңдин кана элегин изде” дейсиң да. Бишкектен чыккан гезиттер мамлекетибиздин мындай мекемесин “министерство мракобесия” деп аташты (“Дело №, 1 ноябрь, 2017). Москвадан чыккан “Загадки истории” журналында (№ 45, 2017)  “Похороненная мумия” деп аталган какшык жарыяланды, “это умышленное уничтожение научного материала и удар в спину науки” дешти. Ооба, кыргыздардын маданият министирлиги дүйнөнүн илимин артынан келип бир сокту. Адамзаттын алдында шылдың болдук. Баракелде.

 

Былык ишти аткарган чиновниктер шылкыйган шылтоолорду айтышат. Бир четинен  “шариат боюнча сөөктү көмүш керек” деп ислам динине таянып чыгышты.

 

Биринчиден, мумия “сөөк” эмес, бул “реликвия”, айырмасы тоодой.

 

Экинчиден, мамлекетибиз шариат менен башкарылбайт, биз “исламская республика” деп аталбайбыз.

 

Үчүнчүдөн, мусулмандар өлгөн адамдын денесин бальзамдашпайт жана башка диндегилердин сөөгүнө “жаназа” кылышпайт.

 

Төртүнчүдөн, маданият министрлигинин “макоолугуна” шарият “ширма” болбойт, Куранда буга ылайыкталган сүрө жок. Башка четинен чыккан ардактуу билермандар болсо “талтайып жаткан аялды жашырып койгула жерге, эмне кереги бар, болду да, изилдедиңер” деп “акмак айланы” колдоп чыгышты. Советбек Джумадыловдун “персонажы” айткандай, “приехали, абышка”. Британиянын музейинде тизилген мумиялар чалкасынан эле жаткан (көмкөрүп коюшмак беле аларды), ошолорду аксакалдарыбыз көрүшсө эмне болот эле - “талтайып” калышабы? “Мындай  мумияны  сакттоого акчабыз жок” деген министр Лондондогу музейге сатпайт беле ошону, ал жактан акчаны да төлөп беришмек жана “бул экспонат Кыргызстандын жеринен табылган” деп жазышмак. Илим үчүн жоготуу болбойт эле да. Дүйнө жүзүндө “археологиялык раскопка” дегенди кылышат, бизде болсо “министерский закопканы”  жасашат. Баракелде.

 

Шылтоого шыналган министир “түрткүнү” президенттик шайлоонун астында экстрасенстерден алыптыр. Ушинтип “түртүлгөн” жетекчилерден Маданият министрлиги кутулбай калды окшойт, был орунга “чымындары” бар немелер улам-улам келип калышат, бирөөсү Россиядагы бийик көпүрөдөн тик секирип таңгалдырды, бирөөсү Монголиядан дамбалын чечип салып сүрөткө түштү, бирөөсү “мумиядан” өчүн алды. Просто “жамгыр төктү”. Эми ошол “акылсыз акциядан” он ай өттү, бирок катаны оңдой турган министр жок, убакыт өтө берсе “былык” басылып калат деп отурушат ко. Мумияны тарых музейиндеги тарыхый ордуна коебузбу же “көмүлгөн сөөктү мусулмандар козгобойт” деп алакан жаябызбы? Ал “мумия” ислам динине өткөн эмес, көз ачыктар менен кол алышкан эмес, кыргыздын министрине “мени жерге жашыр” деп суранган эмес. Эгерде азыркы министр Султан Жумагулов бул меселени чечкенге кудурети жетпесе, анда ордун чече турган адамга бошотуп берсин. Өз ыктыяры менен кетүүгө күчү жок болсо, анда премьер-министр менен президент экөөлөп күчү жете турган кадрды табышсын. Болду да, в конце-концов.

 

Акылдын чеги бар, акылсыздыктын чеги жок (глупость беспредельна). Дагы бир ушундай “беспредельный” көрүнүш жакында орун алды. Минск шаарында Белорус мамлекетинин жараны болгон Даниил Урицкий деген неме “Данияр Усенов 2013-жылы Малайзиядан каза тапкан” деп пресс-конференциядан маалымат берди. Д.Усенов болсо катардагы адам эмес, ал биздин өкмөтүбүздү 2010-жылга чейин башкарган. Эми ушундай масштабдагы жетекчи  “каза болсо” анын сөөгүн таап, мекенине жеткириш керек да. Минск шаарындагы элчилигибизге тапшырма берип, Урицкийке жолугуп, деталдарды такташсын, Усеновдун “өлгөнүн” мындан башка эч ким билбейт. Анын жубайы (Динара Исаева) акыркы жолу күйөөсүн 2010-жылы көрүптүр, эми бул дагы азыр Урицкийди гезиттен көрүп үрөйү учса керек, себеби абдан окшош экен - бетин карасак кыргыз, фамилиясын карасак еврей. 1918-жылы Петроград шаарында Моисей Соломонович Урицкий деген Лениндин шериктешин атып кетишкен, балким ошонун урпагы, ким билет, текшериш керек. ДНК боюнча текшерүү кылсак (Урицкий менен Усеновдун баласын салыштырып), балким “белорустун евреи” кыргыздын экс-премьер министрине айланып калар. Анда Д.Исаева Д.Урицкийдин “супругасы” болуп чыгабы?

 

Фантастика дечи, бирок илимди (ДНКны) алдай албайсын да. Урицкий мырза Усенов мырзанын “көлөкөсү” болуп калса, анда прокуратура аркылуу изилдөө жүргүзүш керек - же Усенов Урицкийдин паспортун таап алып, ошого өзүнөн сүрөтүн чаптап алды, же Урицкий Усеновдун маскасын пластикалык операция аркылуу жасатып алды. Бул жерде эми кандай “мотив” бар дейсиңерби, эч кандай, кыргыздар ар нерсени “жөн эле жасайт”, просто так. Кааласа - “мумия” менен “экс-премьерди” жерге “закопает”, кааласа  - экөөн “тирилтип” берет. Все, что угодно, бирок кандай  болбосун, чындык эми бир гана ДНК менен табылат. Мумияны да текшериш керек, балким аны (жазуучубуз Мурзапар Үсөн шек санагандай) сатып жиберишип, ордуна башка сөөктү коюп салыштыбы? Бул көрүнүштөр өлкөбүздүн жүзүнө эми көөдөй шыбалды. “У кыргызов, оказывается, нет ничего невозможного” деген тыянак дүйнөгө тарады. Оказывается, булар эмнени кааласа, ошону аткарышат экен да. Табактай бетин тултуйтуп, тарыхый экспонатты жерге көмүшөт. Жасалма паспортун маңдайына жабыштырып, “мен уже өлүп калгам” деп журналисттерге жар салышат. Чет өлкөлүктөр муну минтип баалашты. “Закапывать мумию - это предел государственного идиотизма” деп жыйынтык чыгарышты. Бул жерде “государственный” деген сөз мамлекетке, бийликке тиешелүү айтылды. Эми беркиси боюнча кеп мындай. “Закапывать ложно самого себя - это предел человеческого паскудства”. Адамкерчилик сапаттан ажыраганга тиешелүү. Баракелде.

 

Кубан Мамбеталиев

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: