Чуулгандуу китеп кыргыз тилинде 

 

(Башталышы өткөн санда)

 

Экинчи бөлүм

 

Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн Атамбаев кантип күрөшкөн?

 

Кытай мамлекети менен мынчалык тыгыз жана узак мөөнөттө кызматташуу пландарын ачык жарыяласа, кыргыз коомчулугуна жакпай калышын Атамбаев албетте түшүнүп эле турган. Ошондуктан, “Датка - Кемин” ЖЧЧсынын курулушун баштоо аземинде өзү ойлоп чыгарган Кыргызстандын “энергетикалык коопсуздугу” версиясын айтты. Анын сөзүн “Кытай Эл Аралык Радиосу” төмөндөгүдөй кайталады: “Датка - Кемин жогорку чыңалуудагы чубалгылар жана Кемин көмөкчү чордонунун долбоорун ишке ашыруу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгынын башаты! Бул долбоор колдонуучуларды электр менен үзгүлтүксүз камсыздоону кепилдейт жана электрди дээрлик чексиз көлөмдө коротууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, өлкө ичиндеги туюк шакекти түзөт жана жаңы ГЭСтерден иштелип чыккан кубаттуулукту камсыздайт. Энергетикалык көз карандысыздык - Кыргызстандын эгемендикке жана күчтүү эконмикага болгон маанилүү кадамдардын бири. Учурдан пайдаланып, Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык айтып, бул – бизге боордош улуу кытай элинин бир туугандык жардамы демекмин жана биз муну дайыма эсибизде сактап калышыбыз керек”

 

Жогорудагы “энергетикалык көз карандысыздык” тезиси ошондон кийин далай ирет кайталанып жатты, а түгүл Атамбаевдин башкаруусун жыйынтыктап жаткан учурга чейин. Айрыкча, ЖЧЧ курулгандан кийин Кыргызстан ГЭСтердин каскадынан иштеп чыгарылган электр чыңалуусун өлкөнүн түндүгүнө жана Бишкек шаарына ташып келүү үчүн Өзбекстанга мындан ары акы төлөнбөй турганын баса белгилеп, валютаны үнөмдөм, кошуна мамлекеттин “маанайына” көз каранды болбой калгандыгын айтып жатышты.

 

Кыргызстандын “энергетикалык көз карандысыздыкка” жетишүүсү жөнүндөгү ушундай татынакай сүрөттөмөнү Кыргыз Республикасынын статистикалык комитети гана кескин түрдө “бузуп” койду. Себеби, комитеттин берген маалыматына ылайык, Атамбаевдин башкаруусу кезинде кырдаал таптакыр тескерисинче түзүлүп калган эле - Кыргызстан энергетикалык көз карандсыздыгын жоготкон. Атамбаев башкарган жылдардын аягында республика электроэнергиянын нетто-импортеру болуп калган.

 

Атамбаев бийликке келген 2011-жылы Кыргызстанда электр энергиясы өлкөнүн муктаждыгынан ашыкча өндүрүлүп жаткан жана артык энергияны мамлекет экспорттоп турган. Бирок, кытай насыясына “Датка – Кемин” ЖЧЧсы курулуп, анын жыйынтыгында “энергетикалык көз карандысыздыкка” жетиштик деп Атамбаев жараян кылган 2015-жылы Кыргызстан электр энергиясын а түгүл өлкөнүн муктаждыгына жетиштүү көлөмдө өндүрбөй калган. Төмөндөгү таблицада Кыргызстандын 2011-2015-жылдардагы энергетикалык балансы келтирилген:

 

  

Млн.квт/cаат

       2011

      2012

       2013

      2014

        2015

өндүрүү

15158

15168,3

14011,4

14371,5

13016,6

коротуу

12370,4

13579,8

13665,8

14785,3

13580,2

импорт

6,6

        -

29,6

286,2

745,8

экспорт

2794,2

1588,5

375,2

77,4

182,2

 

 

Таблицада ачык көрүнүп тургандай, Атамбаев өлкөнү электр энергиясын нетто-экспортер калыбында кабыл алган. Болгондо да, экспорт бир топ эле көлөмдүү болуп, 2,8 млрд. квт/c түзгөн. Ал эми ошол эле Кыргызстан 2015-жылы өзүн электр энергиясы менен камсыздай албаган, 564 млн. квт/c энергияны импорттогон өлкөгө айланган.

 

А түгүл, расмий статистика деле көңүл жооткочудай эмес болуп жатты. Айта кетчү нерсе, расмий статистика энергетиктердин берген маалыматтарына такыр төп келбейт. Мисалы, Улуттук статкомитет берген маалыматка таянсак, 2014-жылы мамлекет 286,2 млн. квт/c электр энергиясын сатып алган. Бирок, ошол кездеги КРнын энергетика жана өндүрүш министри Кубаныч Турдубаевдин айтуусунда, импорттун көлөмү 334 млн. квт/c түзгөн. Ал эми 2015-жылы расмий түрдө 745,8 млн. квт/c деп маалымдалган болсо, Мамлекеттик отун-энергетикалык комплекстин башчысы Таалайбек Нурбашевдин жана Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана кен-байлыктар боюнча профилдик комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтуусунда 2015-жылы электр энергиясын сатып алуунун көлөмү 1.119 млрд. квт/cаатты түзгөн. Эгерде бул чындык болсо, бул көрсөткүч электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн 8,4%ын түзгөн.

 

Негизи, “энергетикалык көз карандысыздык” деген түшүнүк, өлкө энгергиянын керектүү түрлөрү менен өзүн-өзү толук камсыздай алат жана эң биринчи кезекте электр энергиясы менен дегенди билдирет. Чындыгында, президент Аскар Акаевдин заманынан бери эле, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыганан эч ким деле шектенген эмес. Республика ал кезде CASA-1000 сыяктуу эл аралык долбоорлорго катышууга кудурети жеткен ири энергетикалык экспортчу өлкө катары эсептелчү. Гидроэнергетикалык ресурстар жана көмүрдүн запастары (2013-жылга карата тастыкталган көлөм 1,3 млрд тоннаны түзгөн) Кыргызстандын энергетикалык келечегинде эч кандай кара булут болушу мүмкүн эместигинен кабар берип турган. Өлкөнүн болгон муктаждыгы, көп каражаттарды талап кылган ири ГЭСтерди курууга керек болгон инвестициялар эле. Бирок, ошондо деле Кыргызстандын энергетикасына көптөгөн мамлекеттер жана ири компаниялар кызыгуу артып турушкан.

 

Албетте, Атамбаев өзүнүн энергетикалык саясатында эсте калаарлык нерсеге жетише алды. Бирок, анын бул жетишкендиги өтө терс маанидеги нерсе болуп чыкты. Тагыраак айтканда, анын башкаруусунун жыйынтыгында Кыргызстан электр энергиясын экспорттогон өлкөдөн, тескерисинче электрди импорттогон өлкөгө айланып, өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын анык жоготту. А бирок, расмий булактарда жана бийликчил басылмаларда электр энергиясын сатып алуунун себептери катары бир туруп катаал кышты атап жатып, бир туруп Токтогул ГЭСи олуттуу ремонтко муктаж экенин сеймедирешкен. А түгүл, “суу сактагычка суунун аз көлөмдө келип куюлуп жатат”- деген сыяктуу акылга сыйбас нерселерди да айтып жатышты. А көмүскөдө калган чыныгы себептери таптакыр башкача. Биринчиден, электр энергиясын колдонуу көлөмү өстү. Мисалы, 2011-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 2014-жылы 2,4 млрд. квт/cаатка  көтөрүлгөн. Экинчиден болсо, электр энергиясын өндүрүү 2,1 млрд. квт/cаатка  азайган. Бул көрсөткүч өндүрүүнүн 323 МВт кубаттуулугуна шайкеш келет (орточо жылдык сааттарды алып эсептегенде 6500 саат).

 

Кубаттулуктун төмөндөгөндүгүнүн себептери Атамбаев бийликке келгенге чейин деле белгилүү болчу – электр станцияларынын эскилиги жетип, аварияга алып келчү абалга келип калган. Токтогул ГЭСинде бир нече авариялык кырдаал түзүлгөн. Мисалы, 2009-жылы №2-багыт берүүчү аппаратындагы дефектке байланыштуу эки гидроагрегат иштен чыккан. А 2010-жылы, станциянын машиналык залына суу кирип, аварияга жол бербөө максатында, аргасыздан ГЭС сууну курулай агызууга мажбур болгон. Ал эми 2011-жылдын жай айларында энергетика тармагында эксперт Расул Умбеталиев эскерткендей, Токтогул ГЭСинде жабдуунун баары эскирген жана каалаган кезде өткөргүчтөр иштен чыгышы мүмкүн. 2012-жылдын декабрында болсо, №3-гидроагрегат токтотулуп, 300 МВт кубаттуулуктан ашпаган чектөө коюлган. Ошентип, Атамбаев бийликке келген убакта эле, Кыргызстандын электр энергия өндүрүшүнүн 40%ын берген Токтогул ГЭСи өтө начар абалда иштеп жатканы жана олуттуу ремонтко муктаж экени маалым болчу.

 

Эгерде, рспубликанын “энергетикалык көз карандысыздыгы” жөнүндө кеп кыла турган болсок, анда Атамбаев кытай инвесторлорунун кызыкчылыгын көздөп жана өзүнө пиар жаратуу үчүн “Датка - Кемин” ЖЖЧсын куруунун ордуна, Кыргызстанын негизги ГЭСи Токтогул ГЭСине капиталдык ремонт жасашы керек болчу. Болгондо да, толук комплекстүү, бүт жабдыктарды алмаштырып, а түгүл гидроагрегаттарга чейин жаңыртышы керек эле. Бул өтө татаал иш болчу. Көптөгөн каражаттан сырткары, өтө кылдат пландаштыруу талап кылынган. Антпесе, Кыргызстанда “караңгы жылдар” башталып кетиши мөмкөн эле. Бул мамлекеттик деңгээлдеги маселени Атамбаев приоритеттүү көйгөйлөрдүн бири катары чечүүсү зарыл болчу.

 

Анын ордуна, тешиктерди гана жамап, айрым узелдерди алмаштыруу гана аткарылды. Мисалы, Т-2 блоктук трансформатордун оромо зымы гана алмаштырылган. Ремонт сапатсыз жасалгандыктан, трансформатор жарылып кеткен. Ал эми гидроагрегаттар толук бойдон жаңы түрүнө жаңылоонун ордуна, ар бири өзүнчө ремонттолгон. Эскирген жумушчу дөңгөлөктөрдүн жамалбаган же ширетилбеген жери калган эмес. Базарбай Мамбетов Атамбаевке Орусия президенти Владимир Путинден Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги гидроагрегаттарды жаңылоо үчүн максаты дайын насыя алууну сунуштаган. Бирок, мындай чечим кабыл алынган эмес.

 

(Уландысы бар)

 

Кыргызчалаган

Шаирбек Маматокторов

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (354), 09.05.2018-ж.